Б.Конуров КР БШКнын төрагасынын орун басары кызматын тапшырып, анын ордуна БШК мүчөсү А. Жумалиева шайланды

14 апреля 2026

Бүгүн, 14-апрелде Конуров Бахадыр Арунович башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары кызматын тапшырды.

Анын ордуна КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Калыевна Жумалиева БШК мүчөлөрүнүн бир добушу менен төраганын орун басары болуп шайланды.