Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын БШК өкүлдөрү Казакстандагы республикалык референдумга мониторинг …

Кыргыз Республикасынын БШК өкүлдөрү Казакстандагы республикалык референдумга мониторинг жүргүзүүгө катышууда

15-Мар, 2026

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган өкүлдөрү КМШ, ШКУ жана ТМУ (Түрк мамлекеттер уюмунун) байкоо миссияларынын курамында Казакстан Республикасындагы республикалык референдумга мониторинг жүргүзүүгө катышууда.

КМШнын байкоо миссиясынын курамына КР БШК төрагасы Т. Шайназаров кирди, ТМУ миссиясынын курамында КР БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов, ал эми ШКУ миссиясынын курамында Кабылбек Мамбетаипов жана КР БШК аппаратынын кызматкерлери иш алып барышууда.

Мындан тышкары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү жана системдик администраторлору КМШ миссиясынын алкагында Алматы жана Тараз шаарларындагы добуш берүү процессине мониторинг жүргүзүүгө катышып жатышат.

Референдумдун алдында КР БШК төрагасы Т. Шайназаров Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров менен жолугушуу өткөрдү.

Н. Абдиров референдумга даярдык көрүү жана шайлоо комиссияларынын жумуштары, ошондой эле эл аралык байкоочулардын катышуусу тууралуу маалымат берди. Ал байкоо жүргүзүүгө катышып, колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Т. Шайназаров референдумдун ийгиликтүү өтүшүн каалады.

Республикалык референдумга коюлган негизги маселе болуп, төмөнкү суроо менен кошо Казакстан Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору саналат: “Сиз Казакстан Республикасынын 2026-жылдын 12-февралында жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган жаңы Конституциясынын долбоорун кабыл аласызбы?”

14-мартта эл аралык байкоочулардын катышуусунда брифинг өткөрүлдү. Аккредитациянын жыйынтыгында референдумга байкоо жүргүзүүгө 38 чет мамлекеттен жана 11 эл аралык уюмдан 359 өкүл катышууда.

Шайлоочулардын тизмесине 12 461 796 адам киргизилген. Референдумду уюштурууга 10 658 комиссия, анын ичинде 247 аймактык комиссия жана 10 411 участкалык комиссия тартылган.

Чет өлкөлөрдө добуш берүү 62 чет мамлекеттеги Казакстан Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн алдындагы 80 шайлоо участогунда уюштурулган.

Эл аралык байкоочулар шайлоо участокторуна барышат, добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салышат, ошондой эле добуштарды эсептөө процедурасына байкоо жүргүзүүгө катышышат.

Маалымат үчүн:

2026-жылдын 11-февралында Казакстан Республикасынын Президенти К. Токаев «2026-жылдын 15-мартында республикалык референдум өткөрүү жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Конституциянын долбооруна ылайык, негизги өзгөртүүлөр төмөнкүлөрдү камтыйт:

• эки палаталуу парламенттен бир палаталуу парламентке өтүү: учурдагы парламент Мажилис жана Сенаттан турат. Долбоордо 145 депутаттан турган жана кеңейтилген ыйгарым укуктарга ээ Курултай аттуу бир палаталуу парламент түзүү сунушталууда;

• парламент депутаттарын пропорционалдык шайлоо системасы боюнча беш жылдык мөөнөткө шайлоо;

• президенттин ыйгарым укуктарын жети жылдык бир мөөнөт менен чектөө;

• президент тарабынан парламенттин (Курултайдын) макулдугу менен дайындалуучу вице-президенттин кызматын киргизүү;

• жана башка өзгөртүүлөр.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>