Башкы Жаңылыктар №13 шайлоо округу боюнча үгүт шарттарын бузган үч …

№13 шайлоо округу боюнча үгүт шарттарын бузган үч талапкерге, бир жаранга жана бир ЖМКга айып пулдар салынды

11-Фев, 2026

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-февралда талапкерлер тарабынан үгүт шарттарын бузган жагдайларды карап, үч талапкерге, бир жаранга жана бир ЖМКга айып пулдарды салды.

  1. Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында, 2026-жылдын 17-январында “Эркинбек Кырбашев” аттуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу талапкер Гулнура Апсабырованын кайсы тармактарда эмгектенгенин, “мекенчил айым” экенин, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровду 2015-жылдан бери колдоп келе жатканын белгилеп, постко мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар менен бирге түшкөн сүрөтүн тиркеген. Гулнура Апсабырова ошол эле күнү аталган постту бөлүшүп, шайлоого катышуу чечимин кабыл алганын жана көрсөтүлгөн колдоого ыраазычылык билдирген. Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жайгаштырылган фотоматериалдарга ылайык, талапкер тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттары бузулгандыгы аныкталган.
  2. Жумушчу топ тарабынан 2026-жылдын 6-февралында республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинин № 8 (24978) санынын беттеринде Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу № 13 шайлоо округу боюнча талапкерлер Абдразакова Гульнара Пазылжановнанын жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайимовичтин шайлоо алдындагы программалары, ошондой эле маалыматтык материалдары жарыяланганы аныкталган.

2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык, 2026-жылдын 9-февралы шайлоо алдындагы үгүт башталган күн деп белгиленген.

  1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнөн жаран Чилянов Нуралы Асановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.

Келип түшкөн материалдарга ылайык, 2026-жылдын 6-февралында WhatsApp мессенджериндеги 1978-жылкы жарандардын тобунда Н.А. Чилянов № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Алмазбек Алтынбековичти колдоого чакырып, “Элим үчүн кызмат кылам” аттуу үгүт баракчасын таратып жаткандыгы аныкталган.

Жумушчу топ талапкерлер Апсабырова Гүлнура Байышовнага, Абдразакова Гульнара Пазылжановнага, Эгембердиев Арсланбек Абдыкайимовичке жана Базар-Коргон районунун тургуну Чилянов Нуралы Асановичке карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКсы №13 шайлоо округунан талапкерлер Г. Апсабыровага, Г. Абдразаковага, А. Эгембердиевге жана Н. Чиляновго административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми «Кыргыз Туусу» жалпы улуттук гезитине 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>