Башкы Жаңылыктар КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым …

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

22-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-декабрда, Бишкек, Аламүдүн, Ысык-Ата, Москва, Баткен, Токтогул, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Тоң жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

-      Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Асилбеков Азирет Ысманалиевичтин («Эл Үмүтү» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду;

-     Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңешиндеги бош мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Борчубаев Сеит Замирбековичке өткөрүлүп берилди;

-       Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаты Малабакиев Фарух Камильджановичтин  ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кожобергенова Марта Мухтаровнага өткөрүлүп берилди;

-     Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңешинин депутаты Сатиева Гулжан Эркинбековнанын ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мыкыева Анаре Ниязовнага өткөрүлүп берилди;

-       Баткен районунун Ак-Татыр айылдык кеңешинини депутаты Темиров Акжол Мамасалиевичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду.

-      Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Асанбеков Нуржигит Абдилатовичтин («Тынчтык» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Тоялиев Нурэлес Нурисовичке өткөрүлүп берилди;

-    Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Тагаев Нурлан Исхаровичтин (Ырдык шайлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Докеев Нурбек Каировичке өткөрүлүп берилди;

-    Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылдык кеңешинин депутаты Базаркул уулу Рустамдын (Балтабай шайлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ыпыев Керимбек Үсөновичке өткөрүлүп берилди;

-       Ысык-Көл районунун Садыр Аке айылдык кеңешинин депутаты Бозунбаев Айбек Бактыбековичтин (Григорьевка-1 шайлоо округу) ыйгарым укугу каза болгондугуна байланыштуу токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Рыспаев Кенжебек Арпачиевичке өткөрүлүп берилди;

-    Тоң районунун Улахол айылдык кеңешинин депутаты Мусаев Сейитбек Орозакуновичтин (Кара-Шаар шайцлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Койгелдиев Болотбек Сламбековичке өткөрүлүп берилди;

-   Тоң районунун Ак-Терек айылдык кеңешинин депутаты Абылкасымов Тилектеш Төлөгөновичтин (Кара-Коо-Бар-Булак шайлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Болот уулу Бакытбекке өткөрүлүп берилди;

-       Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаты Кадыров Эрмек Кадыровичтин (№ 2 Тоң шайлоо округу) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Атамбаев Талантбек Макеновичке өткөрүлүп берилди;

-       Каракол шаардык кеңешинин депутаты Дуйшеева Перизат Табылдиевнанын (“Ыйман Нур” фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Алиева Бактыгүл Кенешбековнага өткөрүлүп берилди.

Аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери менен жеке арыздарынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен төмөнкүлөр чыгарылды:

-        Ак-Татыр айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Байджигитов Сейитбек Сейдахматович

-    Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Тойчубеков Кубат Мойдунович (“Тынчтык” саясий партиясы)

-        Улахол айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган  талапкер Иманов Зайырбек.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты

КР БШКнын мүчөсү Тимур Оторбаев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча ШКУнун байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу пресс-конференциясына катышты
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров КМШ байкоочулар миссиясынын РФ Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоого байкоо жүргүзүү жыйынтыктары боюнча маалымат жыйында сөз сүйлөдү

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 21-сентябрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинен байкоочулар миссиясынын Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасына 2026-жылдын 18-20-сентябрында өткөн депутаттарды шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.Тынчтык Шайназаров жарандардын добуш берүүгө активдүү катышканын, шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөй ишин белгиледи.КР БШКнын төрагасы өткөн шайлоо өзгөчө шарттарда өткөрүлгөнүн белгиледи. Добуш берүү мезгилинде учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен жасалган чабуулдар катталып, анын кесепетинен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жабыркаган. Тынчтык Шайназаров жабыркагандарга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ал ошондой эле татаал шарттарда жарандардын жогорку активдүүлүгүн жана коомдун биримдигин белгиледи. Жарандардын шайлоого катышуусу жана болжол менен 58 пайызды түзгөн шайлоочулардын жогорку катышуусу коомчулуктун шайлоо процессине олуттуу кызыгуусун көрсөтүп турганын айтты.Тынчтык Шайназаров россиялыктарды шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Россия элине жана мамлекетине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана мындан аркы ийгиликтерди, ал эми тогузунчу чакырылыштагы Мамлекеттик Думанын шайланган депутаттарына жемиштүү иш каалады.  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты
21-Сен, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты

Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Россиянын Биринчи каналындагы «Время покажет» программасынын түз эфирине катышты.Ал шайлоо процессин уюштуруунун жана технологиялык жактан даярдоонун жогорку деңгээлин, жарандардын эркин добуш берүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн, ошондой эле салттуу добуш берүү менен аралыктан электрондук добуш берүүнүн айкалышын белгилеп өттү.КР БШКнын төрагасы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүн жана шайлоочулардын жогорку активдүүлүгүн баса белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда
20-Сен, 2026

КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясындагы шайлоолорго эл аралык байкоо жүргүзүүнү улантууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров баштаган КР БШКнын өкүлдөрү Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүүнүн алкагында Россия Федерациясында иш алып барууну улантууда. Бүгүн, 20-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү эл аралык миссиялардын курамында добуш берүү процессине жана шайлоо участкаларынын ишине байкоо жүргүзүүнү улантышууда. КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров КМШнын байкоочу миссиясынын курамында байкоо жүргүзүүдө. КР БШКнын мүчөсү Т. Оторбаев Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын курамында иш алып барууда. Эл аралык байкоого КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери да катышууда. Күн ичинде КР БШКнын өкүлдөрү шайлоо участокторуна барып, добуш берүүнүн уюштурулушу жана шайлоо комиссияларынын иши менен таанышууда. Ошондой эле эл аралык миссиялардын алкагында бир катар жумушчу жолугушууларды жана иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган. КМШнын миссиясынын курамында добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында түзүлгөн шайлоо участокторунда иш алып барган КР БШКнын өкүлдөрү да катышууда. Эске салсак, 18–19-сентябрда КР БШКнын өкүлдөрү Москва шаарында өткөн «Турбуленттүүлүк мезгилиндеги шайлоолор» аттуу эл аралык конференцияга катышты. Тынчтык Шайназаров конференцияда баяндама жасады. Ошондой эле ал россиялык телеканалдарга интервью берип, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы, шайлоолорду өткөрүү тажрыйбасы жана шайлоо жаатындагы эл аралык кызматташтык тууралуу айтып берди. Маалымат үчүн: Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоо 2026-жылдын 18–20-сентябрында өтүүдө. Россия Федерациясынын жарандары Мамлекеттик Думанын 450 депутаттарын шайлашат: алардын 225и федералдык шайлоо округу боюнча партиялык тизмелерден, 225и бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. Өлкөдөн тышкары жашаган Россия жарандарынын добуш берүүсү үчүн 152 мамлекетте 333 шайлоо участкасы түзүлгөн. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын аймактарында аймактык жана муниципалдык шайлоолор өтүүдө. Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасына өтүүчү шайлоого 10 саясий партия катышууда. Партиялар үчүн шайлоо босогосу 5 пайызды түзөт.20312200250175
Кененирээк билүү >>