Башкы Жаңылыктар КР БШКнын талапкер Э.Абакировдун өкүлү А.Абдрахматованын билдирүүсүнө байланыштуу …

КР БШКнын талапкер Э.Абакировдун өкүлү А.Абдрахматованын билдирүүсүнө байланыштуу түшүндүрмөсү

12-Дек, 2025

Жогорку Кеңештин депутаттыгына №26 шайлоо округунан талапкер Эльдар Абакировдун өкүлү Атыр Абдрахматованын ЖМКда «Сотто Борбордук шайлоо комиссиясынын мыйзамсыз чечимин мыйзамдаштыруу аракети болууда» деген билдирүүсүнө байланыштуу КР БШК төмөнкү түшүндүрмөсүн билдирет:
№26 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрында кабыл алынган токтомуна карата талапкер Э.Абакировдун Бишкек шаарынын Административдик сотуна берген арызы боюнча материалдарда КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы токтомунун көчүрмөсү берилген.
Бишкек шаарынын Административдик сотундагы ишти кароо учурунда талапкер тарап көрсөтүлгөн документтердин жараксыз экендиги жөнүндө билдирүү жасаган.
Ушундан улам, далилдердин толуктугун камсыз кылуу жана күмөн саноолорду четтетүү максатында КР БШКнын өкүлү соттон КР БШКнын токтомунун түп нускасын (оригиналын) берүү үчүн 15 мүнөттүк тыныгуу жарыялоону өтүнгөн. Сот КР БШК өкүлүнүн өтүнүчүн канааттандырып, 2025-жылдын 8-декабрындагы КР БШКнын №189 токтомунун түп нускасы сунушталган.
2025-жылдын 8-декабрындагы КР БШКнын токтому мыйзамдарда белгиленген бардык процедуралар сакталуу менен кабыл алынган жана мыйзамдуу күчүнө киргендигин баса белгилейбиз. Талапкердин өкүлү билдиргендей, мурда берилген токтомду алмаштыруу же башка документ менен алмаштыруу мүмкүн эмес.
Эске салсак, КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрындагы жыйынына №26 шайлоо округунан талапкерлер — Эльдар Абакиров, Гулниза Бейшенбаева жана Акжол Исаев катышкан. Талапкер Э.Абакировго өз оюн билдирүү үчүн сөз берилген.
Маселени кароонун жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү бир добуштан токтом кабыл алышкан: тогуз мүчө офлайн, эки мүчө онлайн катышкан.
КР БШКнын 2025-жылдын 8-декабрында саат 17:00дө өткөн жыйыны түз эфирде көрсөтүлгөн, учурда КР БШКнын YouTube-каналында эч бир бир монтажсыз, түп нускасында көрөрмандар үчүн жеткиликтүү экендигин билдиребиз.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт
09-Ноя, 2026

КР БШКсы “Түндүк” тиркемеси аркылуу кол чогултуунун жол-жобосун дагы бир жолу түшүндүрөт

Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Конституциялык мыйзамдын 52-беренесине ылайык, Президенттин кызмат ордуна талапкер 30 минден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш. Колдор булуттук санарип кол тамгасын колдонуу менен санарип форматта, же болбосо активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында кол коюу барактарында чогултулушу мүмкүн.Кол коюу барагынын таризи, кол чогултуунун жана текшерүүнүн тартиби жана ыкмасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабын аныкталат.2026-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган КР Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Президенттик кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу “Кол чогултуу” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат. Талапкерге кол чогултуу электрондук форматта “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр  мамлекеттик порталы аркылуу жүргүзүлүп, талапкердин ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Тутумда талапкерди колдоону билдирген шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат, б.а. колдоо көрсөткөн шайлоочулар боюнча жеке жана толук статистикалык маалыматтар камтылган. Аталган маалыматтар жаш курагы жана аймактык бөлүнүшүнө карап түзүлөт.Талапкерге иреттик номерин, аты-жөнүн, аймагын, колдоосун билдирген, датасын камтыган шайлоочулардын катталган колдорунун жалпы саны жана тизмеси көрсөтүлөт.“Кызмат” мамлекеттик мекемесинин берген маалыматына ылайык, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын колдонуучуларынын саны 3 миллион 600 миңден ашык.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады
09-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата алдын ала шайлоочулардын тизмесин жарыялады.Кыргыз Республикасы боюнча алдын ала тизме 4 467 040 шайлоочуну камтыйт.Алдын ала шайлоочулардын тизмеси кагаз түрүндө 2026-жылдын 18-ноябрына чейин өлкөдөгү 2492 шайлоо участкасында илинет.Бул тизме Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Иш башкармалыгынын алдындагы «Кызмат» мамлекеттик мекемеси (ММ «Кызмат») тарабынан Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КБМР) маалыматтардын негизинде түзүлүп, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мамлекеттик «Тизме» порталына (tizme.gov.kg) жайгаштырылды.Шайлоочулардын тизмесин актуалдаштыруу шайлоо маалында күн сайын жүргүзүлөт. Бул иш Борбордук шайлоо комиссиясы менен ММ «Кызмат» (калкты каттоо жана документтештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) биргеликте ишке ашырат.Шайлоочу өзүн тизмеден 2027-жылдын 12-январына чейин (кошо алганда) текшере алат: • 1255 же 119 кыска номерлерине чалып; • шайлоо участогунан; • «tizme.gov.kg» сайтынан; • же ПИН-кодун (жарандык паспорттогу персоналдык идентификациялык номер) 119 кыска номерине SMS түрүндө жөнөтүп, жооп катары өзүнүн шайлоо участкасынын номери менен дарегин ала алат (SMS жана чалуулар акысыз).Кандайдыр бир каталарды же так эместикти тапкан учурда, шайлоочу 2027-жылдын 12-январына чейин (кошуп алганда) электрондук форматта мыйзамдарда белгиленген тартипте авторлоштуруудан өтүп, “tizme.gov.kg” сайтында «Шайлоочунун кабинети» сервиси аркылуу арыз менен кайрылууга укуктуу.Шайлоочулардын тизмесинде жок болгон учурда, биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан (КТБ - ЦОН) бул жол-жободон өтө алышат.
Кененирээк билүү >>
КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү
07-Ноя, 2026

КР БШК аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорун окутуудан өткөрдү

2026-жылдын 6–7-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан аймактык шайлоо комиссияларынын 58 системалык администратору үчүн кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окутуу өткөрүлдү.Окутуу шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык технологияларды жана тутумдарды натыйжалуу пайдалануу, жаңыланган шайлоо жабдууларынын иштөө өзгөчөлүктөрүн өздөштүрүү, техникалык мүчүлүштүктөрдүн алдын алуу жана аларды ыкчам жоюу боюнча адистердин билимдерин жана практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга багытталды.Мындан тышкары шайлоо жабдууларынын логистикасы, автоматташтырылган шайлоо жабдуулары жана программалык-техникалык каражаттар, шайлоо жана протокол маалымат тутумдары, тармактык технологиялар, киберкоопсуздук жана маалыматтык тутумдардын иштөө тартиби, жабдууларды колдонуунун өзгөчөлүктөрү, аларды техникалык жактан тейлөө жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери, ошондой эле электрондук документ жүгүртүү системасы (ЭДЖС) боюнча тематикалык сессиялар өттү.Аймактык шайлоо комиссияларынын системалык администраторлорунун кесиптик даярдыгын жогорулатуу, шайлоо процессин техникалык жактан камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында  өткөрүлгөн окутууда тиешелүү адистер катышуучуларды кызыктырган суроолор боюнча жооп беришти.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>