Башкы Жаңылыктар КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым …

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

12-Дек, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 12-декабрда, Бишкек, Аламүдүн, Панфилов, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.

- Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Конгантиев Куванычбек Камбаралыевичтин («Жаңы күч-Новая сила» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Мамырканов Бекзат Тынчылыковичке («Жаңы күч-Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абиров Жаныбек Болотбековичтин («Жаңы күч-Новая сила» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Дунканаев Айбек Медетбековичке («Жаңы күч-Новая сила» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Чүй облусунун Аламүдүн районунун С. Чокморов айылдык кеңешинин депутаты Роговская Мария Олеговнанын ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Бекботоева Гульнара Раимкуловнага өткөрүлүп берилди;

-  Чүй облусунун Аламүдүн районунун Достук айылдык кеңешинин депутаты Айтиев Темирлан Тыныбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду;

- Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Исаков Жоодар Тологоновичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдрасулова Венера Майрамбековнага өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Аматов Жаныбек Женишбековичтин («НДПК» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Заиров Хасан Калиловичке («НДПК» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Набиев Назарбек Раимбековичтин («Таза коом» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Исабеков Бекмырза Нурдиновичке («Таза коом» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Халбеков Абдилазиз Асановичтин («Ынтымак» фракциясы) ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулуп, бош калган мандат саясий партиянын тизмесинде шайланган кийинки талапкер Жумагулов Талантбек Абдыкуловичке («Ынтымак» саясий партиясы) өткөрүлүп берилди;

- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин депутаты Исманов Ысакбек Полотбековичтин ыйгарым укугу анын берген арызынын негизинде токтотулду.

- Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер Дубанаева Токтокан Тешебаевна Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын чечими анын жеке арызынын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>