КР БШК № 27 шайлоо округу боюнча шайлоонун жыйынтыктарын бекитти
07 декабря 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-декабрда № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоонун натыйжалары жөнүндө маселени карап, токтом кабыл алды.
Токтомго ылайык, № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп таанылып, шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протокол бекитилди.
№ 27 шайлоо округу боюнча төмөнкүлөр шайланган депутаттар деп таанылды:
- Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%);
- Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%);
- Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%).
№ 27 шайлоо округу боюнча шайлоону уюштуруу үчүн 120 шайлоо участогу түзүлгөн, шайлоочулардын тизмесине 157 463 шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен добуш берүүгѳ 61 465 шайлоочу катышкан, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 39,03% түздү.
Округдун ичиндеги шайлоо участокторунда 53 710 шайлоочу добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 34,1% түздү. 7 604 шайлоочу аралыктан добуш берди, бул округдагы шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин 4,83% түздү.
№ 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо КР БШКсы 24 талапкерди каттады, шайлоого 24 талапкер катышты.
№ 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколуна ылайык талапкерлер төмөнкүдөй санда шайлоочулардын добуштарын алышты:
1. Алымбеков Искендер Кенешбекович – 3 205 добуш (5,27%);
2. Дубанбаева Анар Сартбаевна – 203 добуш (0,33%);
3. Намазова Бурул Тилековна – 926 добуш (1,52%);
4. Качкынов Самат Турганбекович – 1 232 добуш (2,03%);
5. Султанов Каныбек Султанович – 4 510 добуш (7,42%);
6. Муратбеков Табылды Муратбекович – 5 992 добуш (9,86%);
7. Шабданбаев Канат Кенешович – 2 905 добуш (4,78%);
8. Сураналиев Талгат Чыныбекович – 1 321 добуш (2,17%);
9. Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич – 13 445 добуш (22,13%);
10. Асамудинов Бактыбек Асанович – 270 добуш (0,44%);
11. Атаев Акжол Сабырбекович – 1 247 добуш (2,05%);
12. Таалайбеков Тагир Таалайбекович – 1 180 добуш (1,94%);
13. Исаматова Айзат Тыныбековна – 1 757 добуш (2,89%);
14. Джаилов Таалайбек Карыпович – 2 285 добуш (3,76%);
15. Молдобекова Гулкан Сакиновна – 5 156 добуш (8,48%);
16. Джумабекова Акылсайра Кадыралиевна – 1 004 добуш (1,65%);
17. Асанкулова Алтынай Джолучуевна – 3 000 добуш (4,94%);
18. Озбекова Женишгул Авазовна – 1 926 добуш (3,17%);
19. Мерканов Адилет Асанович – 668 добуш (1,10%);
20. Супатаева Альфира Илиясовна – 1 319 добуш (2,17%);
21. Деркимбаева Асель Урусовна – 1 837 добуш (3,02%);
22. Абдыкалыкова Гүлбара Кадырбековна – 648 добуш (1,07%);
23. Асакеев Ринат Сапарбекович – 1 161 добуш (1,91%);
24. Алымбаева Эльнура Сталиковна – 2 288 добуш (3,77%);
25. “Баарына каршы” позициясына – 1 281 добуш (2,11%).
Шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө Ыкчам аракеттенүүчү координациялык топко арыз (даттануу) келип түшкөн жок.
КР БШК № 27 округдук шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 3-декабрындагы № 27 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколунун негизинде, шайлоо мыйзамдарына ылайык № 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп тааныды.
№ 27 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаттары деп Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевич, Муратбеков Табылды Муратбекович жана Молдобекова Гулкан Сакиновна таанылды.



