Саат 18:00гө карата шайлоого катышуу 31 % түздү

30 ноября 2025

Саат 18:00гө карата  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 1 330 602  шайлоочу добуш берди, бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 31 %ын түздү.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

КР БШК төрагасы саат 18.00гө карата шайлоочулардын добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү 40 %ды түзгөн округдарды атады.

Алар: № 4, 10, 13 жана 30 шайлоо округдары. Ал эми шайлоочулардын активдүүлүгү төмөн округдар – Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы округдар, мында көрсөткүч орто эсеп менен 25-26 %дын деңгээлинде.

Бүгүн аралыктан добуш берүүнүн колдонулуп жаткандыгын жана чет өлкөлөрдөгү участоктор Бишкек убактысынан кеч жабыла тургандыгын эске алган төрага шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусунун көрсөткүчү көбөйөт деген ишенимин билдирди.

Төрага бүгүнкү күндүн 18.00гө болгон катышуу менен 2021-жылдагы парламенттик шайлоодогу катышуу деңгээлин салыштыруу маалыматын берди.

Ага ылайык, 2021-жылы саат 18.00гө карата 1 032 684 шайлоочу катышкан, бул 28,53 %. Натыйжада, бүгүн добуш берүүгө 300 миңдей шайлоочуга, же 2,5 % га көп катышты.

БШКнын төрагасы билдиргендей, шайлоо кампаниясы башталгандан бүгүнкү күнгө чейин шайлоо мыйзамдарын бузуулар боюнча жалпысынан 261 кайрылуу-билдирүүлөр келип түшкөн.

Алардын 124ү – үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу, 37си – талапкердин ар намысына шек келтиргендиги тууралуу, административдик ресурстун колдонулгандыгы тууралуу - 8 арыз, добуштарды сатып алуу боюнча – 41. Калган 51 арыз – ар кандай маселелер.

Төраганын айтымында, бүгүн добуш берүү күнүндө добуш сатып алуулар боюнча арыз-кайрылуулар көбөйдү. “Тиешелүү укук коргоо орандары мыйзамга ылайык иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Бүгүң-эртең ар бир факт боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, укуктук баалар берилет. Алардын канчалык негиздүү болгонун өз кезегинде прокуратура органдары көзөмөлгө алат”, - деди КР БШКнын төрагасы Т.Шайназаров.