КР БШКсы шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карады

26 ноября 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 26-ноябрда үгүт кампаниясынын учурунда шайлоо мыйзамдарынын бузулгандыгы тууралуу талапкерлердин, ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн даттануу арыздарын карап, чечимдерди кабыл алды. 
КР БШКга №13 шайлоо округунан талапкер Сыдыков Бактыбек Усеновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Муратбековдон арыз келип түшкөн. Арызда белгисиз жаран тарабынан талапкер Б.Сыдыков тууралуу аудиобилдирүү таратылып, ага добуш берген шайлоочуларга 2500 сомдон акча төлөнөт деген жалган маалыматтар боюнча тиешелүү чараларды кабыл алуу өтүнүчү билдирилген.
Аталган материалдар боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү Н.Жоробековдун токтомунун негизинде алдын ала текшерүү жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында аудиоматериалды WhatsApp аркылуу Зухрат Осоров аттуу жаран тараткандыгы, талапкердин добуш сатып алгандыгы тууралуу эч кандай далилдер жок экендиги аныкталды. Ошондой эле, аудиоматериалдарды таратуу боюнча катталган иште кылмыштын курамы болбогондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартылган.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топтун отурумунда талапкер Б.Сыдыковдун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Муратбеков, Ноокен РИИБнин ТКсынын тергөөчүсү Н.Жоробеков чакырылып, угулган.
Жумушчу топ З.Осоровго карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 66-беренесинде каралган 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.
КР БШКга № 17 шайлоо округунан талапкер Узакбаев Улукбектин ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Карабаевден ушул эле округдан талапкер Бактыбек Чойбековго карата арызы келип түшкөн.
Арыз ээси талапкер У.Узакбаевдин апасы Э.Жумалиеванын катышуусунда Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышына 2021-жылы депутаттарды шайлоо өнөктүгү учурунда тартылган, учурдагы шайлоого тиешеси жок видеороликти талапкер Б.Чойбековдун тарапташтары таратып жатканы баяндалган. Арыз ээси видеороликти талапкер Б.Чойбековдун макулдугу менен таратуунун максаты - коомчулукта “талапкер У.Узакбаевдин апасы анын атаандашын колдоп жатат” деген маанидеги маалыматты таратып, № 17 шайлоо округунун шайлоочуларына туура эмес таасир бериши мүмкүн деген пикирин билдирген.
Шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун отурумуна талапкерлер Б. Чойбеков жана У.Узакбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү чакырылып, угулду. 
Жумушчу топтун отурумунда, көрсөтүлгөн видеоролик талапкер 
Б. Чойбековдун макулдугу менен жана анын расмий катталган үгүтчүлөрү тарабынан таратылгандыгы аныкталган. 
Жумушчу топ талапкер Б.Чойбековго эскертүү берүүнү сунуштаган.
КР БШКсы жогорудагыларды эске алып, талапкер тууралуу жалган маалымат тараткан жаран З.Осоровго карата 125 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү, № 17 шайлоо округунан талапкер Б.Чойбековго эскертүү берди.