Өлкө аймагында аралыктан добуш берүү боюнча кошумча 26 шайлоо участкалары түзүлөт
14 ноября 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын эске алуу менен, жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн шарттарды түзүү максатында бүгүн, 14-ноябрда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоодо Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Нарын, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен облустарында аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды (тиркемеге ылайык).
Тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын түзүү тапшырылды.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аралыктан добуш берүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электр энергиясы, байланыш каражаттары, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууда көмөк көрсөтүүгө милдеттендирилет.
Тиешелүү округдук шайлоо комиссияларына мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулар арасында түзүлгөн аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо участоктору жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Эске салсак, өлкө боюнча участкалардын жалпы саны – 2492. Кошумча аралыктан добуш берүү 26 шайлоо участкалары шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуулук жаратуу жана алардын добуш берүү конституциялык укугун камсыздоо максатында түзүлөт.
Шайлоо участкаларынын тизмеси тиркемеде:
