Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

28-Окт, 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Кожомкулова Айсулуу Жоомартовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.М. Нарбаева;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Ашимбаев Сабыркул Абасовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.М. Утанов жана каржы боюнча Ш.О. Медетбекова;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Калмаматова Элиза Бакалбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М. Асилбек кызы;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Аманбаев Бактыбек Абдилашимовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Д.Т. Сатыбалдиев жана каржы боюнча Э.М. Ормонов;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Турдубаева Гульмира Мамаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.Т. Сатыбалдиев жана каржы боюнча А.М. Турдубаев;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Токтомуратова Гульпери Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э. Танаев;
- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Б.М. Садамкулов;
- № 1 шайлоо округу боюнча талапкер Ахмедов Канатбек Абдурашидовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Т. Алиев жана каржы боюнча У. Абдыкаар уулу;
- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Ашимова Динара Ашимовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Б.К. Абдыкадыров;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Камбардинова Рахат Махмутжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.К. Батыралиев жана каржы боюнча К.А. Жалилов;
- № 23 шайлоо округу боюнча талапкер Исатбек кызы Аиданын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Ж. Жангазиева жана каржы боюнча А.М. Дандаева;
- № 30 шайлоо округу боюнча талапкер Осмоналиева Ханзада Исаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А. Оморов жана каржы боюнча Ж.М. Молдосунова;
- № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Төлөмүшов Бегали Пирмаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ш. Молдоказы уулу жана каржы боюнча Т.М. Жороев;
- № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраев Саматбек Кулукеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ж.Т. Жуманалиев;
- № 14 шайлоо округу боюнча талапкер Жапарова Жеңишгүл Молдокеримовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.Ө. Оморова;
- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Курманалиева Койсун Аблабековнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Р.М. Курманалиев;
- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Жаанбаев Уланбек Коргонбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А. Бакытбек уулу;
- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Саипбаев Нурланбек Жаныбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Э. Полотбеков жана каржы боюнча Т.Т. Жээнбеков;
- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Абдуллаев Азизбек Ашимжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.М. Мансиркулов жана каржы боюнча А.А. Манонов;
- № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Бараканов Руслан Төлөмүшовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.А. Сабаев жана каржы боюнча Т.Т. Баяманов;
- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Сейтказиева Эркеайым Алымовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Т. Таштаналиева жана каржы боюнча Б.Т. Байгазиева;
- № 20 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыгулова Асель Мисировнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Т. Туратбекова жана каржы боюнча И.А. Бурханов;
- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Омонова Гульчехра Таабалдиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М.Т. Джунусалиев;
- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Усеинова Нургуль Эмилькановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча С.А. Джусупбекова;
- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенбай уулу Талантбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Исакова жана каржы боюнча Ж.Шабаев;
- № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Карабекова Кызжибек Советовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча К.С. Карабекова;
- № 29 шайлоо округу боюнча талапкер Сардарбеков Садырбектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ш. Иниятов жана каржы боюнча У.М. Алимкулов.
Ошондой эле № 23 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Султанов Токтосун Султановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.О. Абдыракманованын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна М.Ж. Бекматова Т.Султановдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.
Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>