Башкы Жаңылыктар КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын аймагындагы шайлоо участкаларынын …

КР Борбордук шайлоо комиссиясы республиканын аймагындагы шайлоо участкаларынын чек араларын бекитти жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарда шайлоо участкаларын түздү

01-Авг, 2011

Бүгүн 1 –августта Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Эрнис Айтымбетовдун, Бектур Асановдун, Камчыбек Ташиевдин, Акбараалы Айтикеевдин толук ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Борбордук шайлоо комиссиясы тил Комиссиясынын дагы эки мүчөсүнүн: КМУУ кыргыз тили кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор Турусбек Сейдакматович Маразыковдун жана “Манас” КТУ чет тилдер институнун директору, филология илимдеринин доктору Замира Касымбековна Дербишеванын  талапкерлигин бекитти. Ушуну менен Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо үчүн курамы 12 кишиден турган тил боюнча Комиссияны түзүп бүттү.

Жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамына жана “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатып жиберүү жөнүндөгү” Жобого ылайык, Ош облусунун Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК), Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала –Бука, Майлы –Суу, Бишкек шаарынын Свердлов жана Октябрь  аймактык шайлоо комиссияларынын  курамдарына өзгөртүү киргизди.

Бүгүнкү жыйналышта Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймагындагы 2293 шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитишти. Шайлоо участкаларынын тизмеси алардын чек аралары көрсөтүлүү менен “Эркин –Тоо” газетасына жарыяланат.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 2 – беренесинин 2 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймактарынан тышкары жерлерде жашашкан же жүрүшкөн Кыргыз Республикасынын жарандары КР дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймактарында добуш беришет. Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин сунушталган тизмеси боюнча КР Борбордук шайлоо комиссиясы дүйнөнүн 23 өлкөсүндө (Россия Федерациясы (Москва, Екатеринбург, Новосибирск), Украина (Киев), Беларусь Республикасы (Минск), Казак Республикасы (Астана, Алматы), Өзбек Республикасы (Ташкент), Тажик Республикасы (Душанбе), Түркмөнстан (Ашгабад), Америка Кошмо штаттары (Вашингтон), Великобритания (Лондон), Швейцария Конфедерациясы (Женева), Бельгия королевствосу (Брюссель), Австрия Республикасы (Вена), Германия (Берлин, Франкфурт-на-Майне, Бонн), Түркия (Анкара, Стамбул), Кытай Эл Республикасы (Пекин), Япония (Токио), Корея Республикасы (Сеул), Малайзия (Куала-Лумпур), Иран (Тегеран), Сауд Аравиясы (Эр-Рияд), Индия (Нью-Дели), Пакистан Ислам Республикасы (Исламабад), Бириккен Араб Эмираттары (Дубаи)) 29 шайлоо участкаларын түздү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Басма сөз кызматы 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 7-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер И. Масалиевдин шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Лю Владимир катталды.Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт

Урматтуу  кыргызстандыктар!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен куттуктайт!Элибиздин байыркы маданияты, каада-салты, үрп-адаты, руханий мурастары жана улуу дөөлөттөрү тамыры терең улут экендигибизди айгинелеп турат. “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” – деп, айкөл Манас атабыз элди ынтымакка, биримдикке үндөп, бир туунун алдында жашоого чакырган.Эркин эл катары калыптануу, мамлекеттүүлүктү түптөө, эгемендикке жетүү илгертен ата-бабаларыбыздын изги тилеги болгон. Ошол улуу максаттарды ишке ашыруу үчүн далай оор сыноолорду башынан өткөрүп, көз карандысыздык үчүн өмүрүн арнашкан.Бүгүнкү күндөгү бейпил турмушубуз, эгемен мамлекетибиз жана жаркын келечекке болгон ишенимибиз – ата-бабаларыбыздын бизге калтырган баа жеткис мурасы.Ошондуктан, алардын осуятын жана мурасын аздектеп, эгемендүү Кыргызстаныбызды көздүн карегиндей сактоо, аны келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – ар бирибиздин ыйык милдетибиз.Өлкөбүздө тынчтык, жергебизде ынтымак, мекенибиздин келечеги кең болсун.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт
07-Ноя, 2026

КР БШКсы маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт

Урматтуу журналисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сиздерди 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайт!Журналисттердин эмгеги демократиялык принциптерди бекемдөөдө, сөз эркиндигин жана адам укуктарын коргоодо, ошондой эле мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачык-айкындуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.Мамлекеттик бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, коомдук пикирди калыптандырууда жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатууда зор эмгек жумшап келесиздер. Айрыкча шайлоо процесстеринде жарандардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, шайлоочуларга объективдүү маалымат жеткирүү жана шайлоо институттарына болгон коомдук ишенимди бекемдөө багытындагы кызматташтыгыңыздар өзгөчө мааниге ээ.Жаңы дем, бийик максаттар менен эмгектенип жаткан жумушуңуздар ар дайым ийгиликтер менен коштолсун.  Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кесиптик ийгиликтерди жана чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз. Элдин ишенимине татыган ак ниет эмгегиңиздер менен өлкөбүздүн өнүгүшүнө, коомубуздун биримдигине жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине мындан ары да татыктуу салым кошо бериңиздер!
Кененирээк билүү >>
Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
06-Ноя, 2026

Исхак Масалиев Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 6-ноябрда, Масалиев Исхак Абсаматович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>