Башкы Жаңылыктар КР БШКсы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү боюнча …

КР БШКсы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү боюнча токтом кабыл алды

24-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарындагы, Баткен облусунун Баткен районундагы, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ала-Бука, Токтогул райондорундагы, Чүй облусунун Москва районундагы, Ысык-Көл облусунун Тоң, Ысык-Көл, Ак-Суу райондорундагы айрым шайлоо участокторунун даректерин өзгөртүү жөнүндө” токтом кабыл алды.

Ага ылайык, төмөнкү шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлдү:

- Бишкек шаарындагы № 37 мектебинин имаратында жайгашкан

№ 1165 шайлоо участогунун дареги Белорусская көчөсү, 37/1ден Улан кичи району, 25/1ге өзгөртүлдү;

- Бишкек шаарындагы “Маариф” билим берүү комплексинин имаратында жайгашкан №1162 шайлоо участогунун дареги А.Токомбаев көчөсү, №9/1ден ушул эле көчөнүн 23/11ге Бишкек шаарындагы “Газпром Кыргызстан” ЖЧКга караган “Газпром” мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Баткен облусунун Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы башталгыч мектептин имаратында жайгашкан № 8198 шайлоо участогунун дареги Тынчтык көчөсү, 7ден Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы Алма-Бак көчөсү, № 2/5 те жайгашкан А. Жайнаков орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Баткен облусунун Баткен районунун Достук айылындагы Достук орто мектебинин имаратында жайгашкан № 8070 шайлоо участогунун дареги Достук көчөсү, 3төн Баткен облусунун Баткен районунун Достук айылындагы № 72 үйгө (көчөнүн аты жок) өзгөртүлдү;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Камыш-Башы айылында жайгашкан № 2014 шайлоо участогунун дареги Дыйкан-Ата көчөсү, 25тен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Садда айылындагы А.Мадеминов көчөсү, 3тө жайгашкан Садда орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенка айылында жайгашкан № 2012 шайлоо участогунун дареги О. Шемаев көчөсү, 127ден ушул эле айылдагы О.Шемаев көчөсү 137те жайгашкан А. Гайдар орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы Тиллебай ажы көчөсүндөгү Спорт комплексте жайгашкан № 2393 шайлоо участогунун дареги ушул эле көчөдө жайгашкан № 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына өзгөртүлдү;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ажек айылындагы маданият үйүндө жайгашкан № 2285 Комсомол шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Комсомол көчөсү 53тө жайгашкан жалпы билим берүүчү орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылындагы маданият үйүндө жайгашкан № 2273 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы С. Мамажанова көчөсү, 26да жайгашкан Ы. Чаңгылов орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- .Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылындагы орто мектептин имаратында жайгашкан № 2354 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Карымшаков көчөсү 57те жайгашкан А.Ибраимов атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Туу айылындагы Бримкулов орто мектебинин имаратында жайгашкан

№ 2225 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Мүлкүбат көчөсү, 30да жайгашкан Мүлкубат орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Чүй облусунун Москва районунун Кепер-Арык айылындагы Артыкбаев атындагы орто мектепте жайгашкан № 7309 шайлоо участогунун дареги Белек көчөсү, 3Адан ушул эле айылдагы Апылтаев көчөсү, 10Ада жайгашкан маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Тегизчил айылындагы бала бакчанын имаратында жайгашкан № 3128 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Рахмат көчөсү, 54тө жайгашкан К. Эшимбеков атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылындагы орто мектептин имаратында жайгашкан № 3125 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Кожокматова көчөсү, 29да жайгашкан мурдагы айыл өкмөттүн имаратына өзгөртүлдү;

- .Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Б.Мамбетов айыл аймагындагы К. Тилеков орто мектебинин имаратында жайгашкан

№ 3223 шайлоо участогунун дареги Абатай көчөсү, 53төн ушул эле айыл аймактагы Байсерке көчөсү 42де жайгашкан М.Байсеркеев атындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Корумду айылында жайгашкан № 3034 шайлоо участогунун дареги, ушул эле айылдагы Сокубай көчөсү, 45те жайгашкан К. Орозов орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- .Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында жайгашкан № 3037 шайлоо участогунун дареги Садыр аке көчөсү, 30да жайгашкан А.С. Пушкин атындагы орто мектебинин имаратына өзгөртүлдү;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кожояр айылында жайгашкан № 3040 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Кожояр көчөсү, 36да жайгашкан спорт залдын имаратына өзгөртүлдү;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы спорт залдын имаратында жайгашкан № 3254 шайлоо участогунун дареги Ж.Абдрахманов көчөсү, 174төн ушул эле айылдагы Ж.Абдрахманов көчөсү, 177Ада жайгашкан айыл өкмөттүн имаратына өзгөртүлдү;

- Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына караштуу Бостери айылындагы айыл өкмөттүн имаратында жайгашкан № 3052 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Мамытов көчөсү, 73тө жайгашкан К. Жылкыбаев атындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү;

- .Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылындагы Ж.Бейшекеев атындагы орто мектебинин имаратында жайгашкан № 3047 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Шадыканов көчөсү, 4тө жайгашкан ФАПтын имаратына өзгөртүлдү;

- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы Ленин көчөсү, 120Вдагы музейдин имаратында жайгашкан № 3043 шайлоо участогунун дареги ушул эле айылдагы Ленин көчөсү, 120Ада жайгашкан Б.Чаргынов атындагы маданият үйүнүн имаратына өзгөртүлдү.

№ 22 округдук шайлоо комиссиясы Октябрь административдик району, № 2 шайлоо комиссиясы Ак-Татыр Кара-Бак айыл өкмөттөрү,

№ 11 округдук шайлоо комиссиясы Сузак , Барпы айыл өкмөттөрү,

№ 15 округдук шайлоо комиссиясы Айры-Там, Т.Балтагулов айыл өкмөттөрү, № 14 округдук шайлоо комиссиясы Токтогул шаардык мэриясы, Э. Иманалиев айыл өкмөтү, № 18 округдук шайлоо комиссиясы Ак-Суу айыл өкмөтү, № 27 округдук шайлоо комиссиясы Алтын-Арашан айыл өкмөтү, № 28 округдук шайлоо комиссиясы Б. Мамбетов айыл өкмөтү,

№ 27 округдук шайлоо комиссиясы Садыр аке айыл өкмөтү, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы Чолпон-Ата мэриясы, Шайбек ата,

Жусуп Абдрахманов айыл өкмөттөрү менен биргеликте шайлоочулар арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөргөнү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>