Башкы Жаңылыктар КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШКсы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

24-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Койчуманова Нуркан Кадыровнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Т.П. Маткасимова;

- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Тойгонбаев Максатбек Маматжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча К.А. Сарыев;

- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Ураимова Бурма Эгембердиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча М.Асанбек уулу жана каржы боюнча К.С. Пратов;

- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Алканова Элнура Сайдиракмановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г.Ф.Жакыпбекова жана каржы боюнча Н.Т. Касымова;

- № 3 шайлоо округу боюнча талапкер Калматов Жыргалбек Сагынбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Д.А. Осмоналиева;

- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Асаналиев Аскат Уланбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н. Аскарбек уулу жана каржы боюнча А.И.Искендеров;

- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонова Жамал Аккозевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М.С.Сариев жана каржы боюнча А.Ы.Алайчиева;

- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Жанузакова Кыял Байышевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э.С. Ташкулова жана каржы боюнча Г.С. Курманова;

- № 17 шайлоо округу боюнча талапкер Касаналиева Жылдыз Остемировнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.А.Сыдыкова жана каржы боюнча О.Н. Ягупова;

- № 29 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыгалиев Нурбек Омурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.С. Кулжигачева;

- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Мерканов Адилет Асановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.А. Учукеева;

- № 6 шайлоо округу боюнча талапкер Камчыбеков Чынгыз Аширваевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча С.Ш. Бакыев жана каржы боюнча К.Н.Молдошева;

- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Илязбаев Нурбек Илязбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.Н. Шербаев;

- № 8 шайлоо округу боюнча талапкер Калмаматова Элиза Бакалбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.Б. Торобаева;

- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Саккараев Медербек Джаманкуловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А.Алмазбеков жана каржы боюнча Дж.Дж. Саккараева;

- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Пусуров Нурланбек Давлетакуновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча З.З. Жусупова жана каржы боюнча Д. Шамбет уулу;

- № 5 шайлоо округу боюнча талапкер Ахмедова Айгуль Абдилхаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Э.К. Умаралиев.

Ошондой эле №17 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Эркинбек кызы Акылайдын ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган Зарылбек уулу Бакыткелдинин каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна Ж.О.Омуржанова Эркинбек кызы Акылайдын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>