Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

23-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- № 29 шайлоо округу боюнча талапкер Тыналиев Айжигит Казакбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.К.Молдосанов жана каржы боюнча Ч.К.Жанузакова;

- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Есеналиев Чынгызбек Ырысбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.М. Бекбоев жана каржы боюнча Б.Ы.Есеналиев;

- № 21 шайлоо округу боюнча талапкер Жеенчороев Мирлан Канатбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча С.К.Кожомбердиев жана каржы боюнча Г.Б.Дженчороева;

- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Эгембердиев Абдылдабек Жолдошалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Я. Бит-Аврагим жана каржы боюнча А. Мирбек кызы;

- № 25 шайлоо округу боюнча талапкер Тентишев Бакыт Эркиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Ч. Алаков жана каржы боюнча А.Ө. Муралиева;

- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Зулушев Курманкул Токторалыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.Ж. Максутов жана каржы боюнча  К.А.Шамбеков;

- № 14 шайлоо округу боюнча талапкер Дуйшенбиев Райимберди Сейдакматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.А. Байтолоев жана каржы боюнча Н.Кубанычбек кызы;

- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Орозалиева Айгуль Батырбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.К. Шерматов жана каржы боюнча А.А. Орозалиева;

- № 28 шайлоо округу боюнча талапкер Онгоев Нурлан Асылбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ч.Т. Тюлегенова жана каржы боюнча А.Б. Уралиев;

- № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Аскарова Элмира Исраиловнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Х. Шакирова жана каржы боюнча А.П. Эргешева;

- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Эшбаева Миргүл Алманбетовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча М.М. Муратова;

- № 12 шайлоо округу боюнча талапкер Султанова Роза Ажимаматовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н. Ажимаматова жана каржы боюнча А. Качкынбай кызы;

- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Деркимбаева Асель Урусовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.Б. Шамыралиева;

- № 22 шайлоо округу боюнча талапкер кылып өзүн-өзү көрсөткөн Мамытов Талант Токтобековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо бобнча А.Н. Мамытов жана каржы боюнча А.А. Семембаева;

- № 10 шайлоо округу боюнча талапкер Нарматова Орозайым Кочконбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Ж. Караева жана каржы боюнча С.А.Асылбекова;

- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Тайгараева Эдита Каныбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Ж. Мукамбетова жана каржы боюнча А.А. Асанбекова;

- № 4 шайлоо округу боюнча талапкер Нарматова Надира Азимовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Г.А. Шакирова жана каржы боюнча Ж.Б. Нарматов;

- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Кубатова Кульира Идрисовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ж.Т. Шерматова жана каржы боюнча Н.К. Кубатова;

- № 15 шайлоо округу боюнча талапкер Абдибаева Айсаракан Нышановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Б. Узаков жана каржы боюнча Ж.А. Орозбаев;

- № 2 шайлоо округу боюнча талапкер Ахматова Сюита Камалдиновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.Ж. Касымов жана каржы боюнча И.Т. Бекенов;

- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Акылбеков Нурсултандын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча А.М. Думанаев;

- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Акимжанова Рысгүл Абдыманаповнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Г.К. Камалидинова;

- № 19 шайлоо округу боюнча талапкер Найзабекова Нуржан Байтемировнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А-Т. Б.Байтемиров;

- № 9 шайлоо округу боюнча талапкер Эгенбердиева Жылдыз Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча С.А.Каримов жана каржы боюнча Р.Ж.Камчыбекова;

- № 18 шайлоо округу боюнча талапкер Мамбеталиев Алтынбек Джумабаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча С.О. Биймурзинов;

- № 27 шайлоо округу боюнча талапкер Супатаева Альфия Илиясовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча С.Р. Босумбаев;

- № 26 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыгалиев Нурмухамед Ашымбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Р.Т. Рахимова.

Ошондой эле №19 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Усеинова Нургуль Эмилькановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган А.А. Доромбаевдин каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна Т.А. Мамакеев  Н.Усеинованын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.

Мындан тышкары №14 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Мамытканова Тамара Акимжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган А.М.Аскарованын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна А.Б. Бегалиева Т.Мамытканованын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары катталды.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>