Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

22-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- № 11 шайлоо округу боюнча талапкер Салямова Венера Хамзаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.А Сакиева;

- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Аманова Салтанат Абдылдаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ө.А.Арзыкулов жана каржы боюнча З.С.Торошова;

- №4 шайлоо округу боюнча талапкер Мадмарова Эльнара Абдувалиевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Т.М.Саиткасимов;

- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Эркинбек кызы Акылайдын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.Дж.Сыдыков жана каржы боюнча Б.Зарылбек уулу;

- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Мөндүрбаева Ырысбүбү Муканбетовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ы.М.Мөндүрбаев;

- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Абдыкадыров Адылбек Бейшембаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча У.Р.Каланходжаева жана каржы боюнча Г.Б.Абылова;

- №2 шайлоо округу боюнча талапкер Абдипатта уулу Жумабектин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Б.Нишанов жана каржы боюнча А.Ж.Тажибаев;

- №29 шайлоо округу боюнча талапкер Эсентуров Асылмырза Нурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.К.Качкынбеков жана каржы боюнча Б.Т.Токтобеков;

- №21 шайлоо округу боюнча талапкер Абиров Жаныбек Болотбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.А.Назыров жана каржы боюнча А.М.Ашимов;

- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Ашымбаева Токтобүбү Абасовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Ж.Асанбаев жана каржы боюнча А.Дж.Кубатова;

- №21 шайлоо округу боюнча талапкер Бапаева Гүлсана Жунусовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.К.Өмүрбаев жана каржы боюнча А.Б.Токторова;

- №20 шайлоо округу боюнча талапкер Мухидинов Оятулло Нуралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.С.Имаров жана каржы боюнча И.Ж.Мурзаев;

- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Мусаев Бактияр Назаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча М. Өмүрбек уулу;

- №26 шайлоо округу боюнча талапкер Исеналиев Эркинбек Аскеевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.Р.Сапаев жана каржы боюнча К.Ж.Иманалиева;

- №4 шайлоо округу боюнча талапкер Жаанбаев Уланбек Коргонбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Д.Б. Оморбеков;

- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Атазов Шайлообек Карыбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.К.Курмушиев жана каржы боюнча А.Жеңишбек уулу;

- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Мадумаров Акрам Камбаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча З.Б. Бообеков;

- №7 шайлоо округу боюнча талапкер Макамбаев Сталбек Абибиллаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча С.А.Расаходжаев жана каржы боюнча С.А.Исмаилов;

- №1 шайлоо округу боюнча талапкер Жусупов Аширбай Баповичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.М.Ирсалиев жана каржы боюнча Т.А.Энназаров;

- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Тойгонбаев Максатбек Маматжановичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Ч.А. Сыдыгалиев;

- №5 шайлоо округу боюнча талапкер Айтибаев Курбанбек Гайыпбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча К.Г.Айтибаев жана каржы боюнча Ч.К.Айтибаева.

Ошондой эле №27 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Джаилов Таалайбек Карыповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү боюнча чечим кабыл алынды: каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп буга чейин катталган Ч.Т.Молдосанованын каттоосу жокко чыгарылып, анын ордуна каржы маселелери боюнча Н.Ө.Бадинов ыйгарым укуктуу өкүл катары катталды.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01-Окт, 2026

КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү

Бүгүн, 1-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын Президентин алдыдагы шайлоого даярдыктын алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык Жумушчу топтун жыйыны болуп өттү.Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси Миргул Темирбаеванын төрагалыгы менен өткөн кеңешмеге министрликтердин, мамлекеттик органдардын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.Жыйындын жүрүшүндө шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бир катар уюштуруучулук-практикалык чаралар каралды.Атап айтканда, шайлоо участкаларынын инфраструктуралык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын эсепке алууда санариптик инструменттерди киргизүү, ошондой эле шайлоо участкаларын зарыл болгон маалыматтык жана көмөкчү материалдар менен камсыздоо маселелери талкууланды.Мындан тышкары, социалдык стационардык мекемелерде, камакта кармоочу жайларда турган жарандардын, аскер кызматчыларынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.Шайлоочулардын тизмелерин тактоо, эсепке алуу иштерин жүргүзүү жана добуш берүүнүн жашыруундуулугун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн механизмдери аныкталды.Соңунда мамлекеттик органдарга жана тиешелүү ведомстволорго макулдашылган жумуштарды аткаруу жана пландаштырылган иш-чараларды өз убагында жүргүзүү боюнча сунуштар берилди.
Кененирээк билүү >>