Башкы Жаңылыктар КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин …

КР Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

14-Окт, 2025
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 14-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:
- №15 шайлоо округу боюнча талапкер Нариманов Тургунбек Наримановичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча И.К. Камчиев жана каржы боюнча М.А. Топчубеков;
- №2 шайлоо округу боюнча талапкер Султанбекова Чолпон Аалыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча У.Т. Андашов жана каржы боюнча И.Д. Бекмуротов;
- №23 шайлоо округу боюнча талапкер Молдалиев Сатыбек Калиловичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Э. Кожобеков жана каржы боюнча Ф.А. Ювашев;
- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Эсенаманова Чолпон Замирбекованын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Г.Т. Орозалиева;
- №16 шайлоо округу боюнча талапкер Мураталиев Марат Молдоновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Р.Ш. Рысалиев жана каржы боюнча З.О. Карабаева;
- №1 шайлоо округу боюнча талапкер Темирбаева Миргүл Омурзаковнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Э.А. Абдазов жана каржы боюнча Н.А. Мустафаев;
- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Кокулов Эрулан Калчороевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча А.С. Сабырбекова;
- №7 шайлоо округу боюнча талапкер Машрапова Гүлай Эгемназаровнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Т.А. Жумаев жана каржы боюнча М.У. Джаанбаева;
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Мавлянова Махабат Эргешовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.К. Асанов жана каржы боюнча А.Э. Мавлянова;
- №15 шайлоо округу боюнча талапкер Туманбаева Рада Мураталыевнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.Э. Акынбеков жана каржы боюнча Н.Ж. Рысбеков;
- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Алиев Медербек Кубанычевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча А.К. Аалиев жана каржы боюнча А.М. Иманалиева;
- №16 шайлоо округу боюнча талапкер Сыйдалиева Мээрим Төрөбекованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Н.А. Молдотаев жана каржы боюнча Г.Р. Абдраимова;
- №27 шайлоо округу боюнча талапкер Түмөнбаев Акылбек Тогузбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Б.Э. Базакечов жана каржы боюнча А.М. Дүйшеналиева;
- №17 шайлоо округу боюнча талапкер Бообеков Бахтияр Таласовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы боюнча Н.А. Айдакеева;
- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Усенова Эльмира Валентиновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Ж.К. Кендирбаев жана каржы боюнча А.Дж. Орозбакова;
- №6 шайлоо округу боюнча талапкер Сатыбалдыева Гулнура Ганыбаевнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо боюнча Торобеков М.А.;
- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Рысбаев Равшанбек Рысбаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо боюнча Эргешов М.Р. жана каржы маселелери боюнча Джумабаев К.Х.;
- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Омошев Эрмекбай Аляновичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Сатывалдыева Б.Ч.;
- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Исмаилов Муратбек Кубанычбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү - шайлоо боюнча Пакыров Дж.Н. жана каржы маселелери боюнча Топчубаева Ж.Т.;
- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Мамытканова Тамара Акимжановнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү - шайлоо боюнча Утурова М.К. жана каржы маселелери боюнча Аскарова А.М.;
- №2 шайлоо округу боюнча талапкер Садыков Абдисатар Сайталыевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча Атамбеков И.Ж.

- №28 шайлоо округу боюнча талапкер Усенова Эльмира Валентиновнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:

шайлоо боюнча  Кендирбаев Ж.К. жана каржы боюнча Орозбакова А. Дж.

Ошондой эле №4 шайлоо округу боюнча талапкер Абдивалиев Артыкбай Турабидиновичтин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Каратаевдин каттоосу жокко чыгарылды. Талапкердин сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы А.К.Каратаевди каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл катары кайрадан каттады.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>