Башкы Жаңылыктар КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу …

КР БШК Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

11-Окт, 2025

Бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн жарандардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады:

- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Дыйканбаев Болотбек Жусуповичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча М.К. Осмонова;

- №12 шайлоо округу боюнча талапкер Карабекова Кызжибек Советовнанын ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча А.У. Акматова;

- №30 шайлоо округу боюнча талапкер Сыдыков Мурадил Жанышбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.М. Касымбеков жана каржы маселелери боюнча А. Төлөев;

- №19 шайлоо округу боюнча талапкер Кыдыров Акай Имаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча И.Н. Кыдыров жана каржы маселелери боюнча А.Н. Нурланбекова;

- №15 шайлоо округу боюнча талапкер Умаров Адыл Умаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Т.А. Шарипов жана каржы маселелери боюнча Сапаралы Тажимырза уулу;

- №13 шайлоо округу боюнча талапкер Джураева Чынара Муратовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.А. Ботобаев жана каржы маселелери боюнча З.А. Жамалова;

- №18 шайлоо округу боюнча талапкер Бийбосунов Эркин Куватбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча А.С. Бабакулов;

- №10 шайлоо округу боюнча талапкер Ормонов Улугбек Зулпукаровичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча М.К. Есеналиев жана каржы маселелери боюнча Д.И. Жусубалиева;

- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Ибраймакунов Данияр Омурбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча О.К. Ибраймакунов жана каржы маселелери боюнча Н.А. Алтынбеков;

- №11 шайлоо округу боюнча талапкер Салиев Курсан Акматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча Талант Сулайман уулу;

 - №14 шайлоо округу боюнча талапкер Мамасадыков Замирбек Дуйшалиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.К. Биймырзаев жана каржы маселелери боюнча К.К. Кубанычбекова;

- №15 шайлоо округу боюнча талапкер Нышанов Жайлообай Данибаевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: шайлоо маселелери боюнча А.З. Баймырзаев;

- №3 шайлоо округу боюнча талапкер Курванбаев Сүйүнбек Бурканидиновичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Н.К. Жылчиев жана каржы маселелери боюнча М.Б. Курбанбаев;

- №1 шайлоо округу боюнча талапкер Токторов Бактыяр Абдинабиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча А.А. Токторов;

- №21 шайлоо округу боюнча талапкер Конгантиев Куванычбек Камбаралиевичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Г.С. Турусбекова жана каржы маселелери боюнча Ж.А. Төлөбатова;

- №14 шайлоо округу боюнча талапкер Култаева Гүлшаркан Оконовнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча Б.Т. Самаков жана каржы маселелери боюнча Р.У. Иргебаева;

- №24 шайлоо округу боюнча талапкер Орозбаев Мирлан Кубатбековичтин ыйгарым укуктуу өкүлү: каржы маселелери боюнча А.Т. Алымсеитова;

- №1 шайлоо округу боюнча талапкер Каразаков Жунусбек Абдирашитовичтин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү: шайлоо маселелери боюнча С.А. Абдраимов жана каржы маселелери боюнча Б.А. Мадалиев.

Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>