Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрага орун басары Н.Койчукеев Беларуста өткөн …

КР БШКнын төрага орун басары Н.Койчукеев Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумунда жаштардын укуктук маданиятын калыптандыруу боюнча баяндама жасады

09-Окт, 2025

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев 9-октябрда Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумунун алкагында «Жаштардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын калыптандыруунун руханий-адептик негиздери: маселелер жана чечүү жолдору» темасындагы панелдик талкууга катышып, «Жарандык билим берүү - Кыргызстандын жаштарынын укуктук маданиятын калыптандыруунун негизи» аттуу баяндама жасады.

Н. Койчукеев Кыргызстандын шайлоочуларынын жалпы санынын дээрлик 44 пайызын жаштар (35 жашка чейинки жарандар) түзөрүн көрсөткөн статистикалык маалыматтарды келтирди. Өткөн жылдан тарта жаштардын жаш курагы 35 жашка чейин узартылган. Азыр республика боюнча 18 жаштан 35 жашка чейинки шайлоочулар жалпы шайлоочулардын 43,57% түзөт, бул 1 735 417 адам. 2024-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берген жаш шайлоочулардын саны мурунку шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу көбөйгөн. Бирок, 18 жаштан 35 жашка чейинки шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу төмөн бойдон калууда.

Жаштар шайлоо процессинин негизги күчү болуп саналат, ошондуктан алардын саясий процесстерге катышуусун жогорулатууга багытталган ыкмаларды колдонуу талап кылынат.

«Кыргызстандын БШКсы жаштар шайлоого жөн гана формалдуу эмес, өз каалоосу менен шыктанып, туруктуу катышуусу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Жаштарга багытталган шайлоо саясатын өркүндөтүү абдан маанилүү, ал эми мамлекет менен коомдун милдети – жаштарды шайлоо процессине катышууга шыктандырып гана койбостон, кырдаалга чындап таасир этчү инструменттерди берүү», - деп эсептейт КР БШК төрага орун басары.

Жаштар жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында өткөн жылы Кыргызстанда Жаштар кыймылы түзүлгөн, анын негизги милдеттеринин бири - жаштардын коомдук жана саясий турмушка активдүү катышуусуна көмөктөшүү болуп эсептелет.

“Бул багытта БШК Жаштар кыймылы менен активдүү кызматташып келет. 2024-жылдын ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда жаштар арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштери биргелешкен аракеттер менен жүргүзүлдү. Мындан тышкары, “Жаш жаран” мектептери, жарандык жана шайлоо маданиятын жогорулатууга багытталган башка билим берүү иш-чаралары да үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Мындай демилгелер жаштарга өз укук-милдеттерин терең түшүнүүгө, шайлоонун кандайча ишке аша турганын билүүгө, добуш берүү эмнеге маанилүү экенин аңдоого жана жарандык активдүүлүктү өнүктүрүүгө жардам берет», - деп белгиледи Н. Койчукеев.

Ал жаштарды алыскы келечек эмес, бүгүнкү реалдуулук кызыктыраарын айтып, жаштар жөн гана байкоочу же шайлоочу болуу менен эле чектелгиси келбейт деген пикирин билдирди. Алар өзгөрүүлөрдүн алдыңкы сабында болуп, жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалап, чечим кабыл алуу процесстерине таасир этүүнү жана өлкөнүн келечегин өз колу менен курууну каалашат.

“Ошондуктан, жаштарды саясий карьера жолунда колдоо мамлекеттик жаштар саясатынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Бул жаатта үмүт жараткан тенденциялар байкалууда. Жаш депутаттардын саны өсүп жаткандыгы кубандырат, бул алардын саясий процесске активдүү катышуусун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга каалоосун көрсөтөт. Жаштар өз мүмкүнчүлүктөрүн көрүп, шайлана тургандарына ишенгендиги өзгөчө маанилүү. 2021-жылы шайланган Кыргыз Республикасынын VII чакырылышынын парламентинде 90 депутаттын ичинен 25тен 35 жашка чейинки 15 жаш депутат бар, бул 17% түзөт. Жергиликтүү кеңештерде 21ден 35 жашка чейинки 1 488 жаш депутат бар, ал жалпы сандын 23,31% түзөт», - Н. Койчукеев.

Ал жоопкерчиликтүү лидерлердин жаңы мууну калыптанып жатат деп эсептейт. КР БШКга жаңы шайланган жаш депутаттардан каттар келип турат, анда жаштардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча кызматташууга чын ниеттен даярдыгын билдиришет. Алар тажрыйба бөлүшүүгө, билим берүү долбоорлоруна катышып, кийинки муунду тарбиялоого даяр.

Н. Койчукеевдин айтымында, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого да жаш талапкерлердин активдүү катышуусу байкалууда. 2025-жылдын 4-октябрына карата өлкө парламентине талапкерликке көрсөтүлгөн 38 талапкердин алтоосу 35 жашка чейинки жарандар.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору
15-Окт, 2026

КР БШКнын 2026-жылдын 16-октябрында өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору

1.        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                 Баяндамачы: Алимбаев Е. А. – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти  2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо жөнүндө ‎” токтом долбоору жөнүндө                                                           Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы  3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Жупуева А. С. - шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы      4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу” токтом долбоору жөнүндө                                                            Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                             5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө” чечим долбоору жөнүндө                                             Баяндамачы: Манасбеков Р. М. - шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн  башчысынын милдетин аткаруучу                                    6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “2027-жылдын 27-январына дайындалган  Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө” токтом долбоору жөнүндө                                                                Баяндамачы: Алымбаев Р. А. - маалыматтык камсыздоо секторунун башчысы      ТӨРАГА                 
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда
15-Окт, 2026

КР БШК төрагасынын орун басары Л. Лурова A-WEB уюмунун 7-Башкы ассамблеясына катышууда

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Лейла Лурова 2026-жылдын 12–17-октябрында Филиппиндин Манила шаарында өтүп жаткан Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясынын (A-WEB) 7-Башкы ассамблеясына катышууда.Башкы ассамблея ар кайсы өлкөлөрдүн шайлоо органдарынын өкүлдөрүн бириктирип, тажрыйба алмашуу, шайлоону уюштуруунун актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлүүдө. Иш-чаранын алкагында 14-октябрда 7-Башкы ассамблеянын жыйыны өттү, ал эми 15-октябрда «Технологиялар, ишеним жана шайлоочу: жасалма интеллект доорунда шайлоонун ак ниеттүүлүгүн коргоо» темасында эл аралык конференция өткөрүлүүдө.Конференциянын негизги темаларынын бири - жасалма интеллекттин жана санариптик технологиялардын шайлоо процесстерине тийгизген таасири. Катышуучулар жалган маалыматтарга жана дипфейктерге каршы күрөшүү, бурмаланган маалыматтардын таралышына ыкчам чара көрүү, ошондой эле жарандардын шайлоо жөнүндө ишенимдүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерин карашат.Күн тартибине шайлоочуларга маалымат берүү үчүн санариптик сервистерди колдонуу, добуштарды саноонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын текшерүү, шайлоо инфраструктурасын коргоо жана шайлоо талаштарын чечүү маселелери да киргизилген. Технологиялардын өнүгүшүнүн шартында жарандардын шайлоо жол-жоболоруна болгон ишенимин сактоого өзгөчө көңүл бурулат.Кыргыз Республикасы  2013-жылдан бери A-WEB уюмунун мүчөсү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө катышуусу эл аралык тажрыйба алмашууга жана шайлоо процесстерин өркүндөтүү маселелери боюнча башка мамлекеттердин шайлоо органдары менен өз ара кызматташууга өбөлгө түзөт.A-WEB - 2013-жылы түзүлгөн Шайлоо органдарынын дүйнөлүк ассоциациясы. Анын ишмердүүлүгү шайлоо органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик билимдер жана тажрыйба алмашууга, ошондой эле шайлоону уюштуруу жаатындагы дараметти чыңдоого багытталган.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>