КР БШКнын төрага орун басары Н.Койчукеев Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумунда жаштардын укуктук маданиятын калыптандыруу боюнча баяндама жасады

09 октября 2025

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев 9-октябрда Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумунун алкагында «Жаштардын укуктук аң-сезимин жана укуктук маданиятын калыптандыруунун руханий-адептик негиздери: маселелер жана чечүү жолдору» темасындагы панелдик талкууга катышып, «Жарандык билим берүү - Кыргызстандын жаштарынын укуктук маданиятын калыптандыруунун негизи» аттуу баяндама жасады.

Н. Койчукеев Кыргызстандын шайлоочуларынын жалпы санынын дээрлик 44 пайызын жаштар (35 жашка чейинки жарандар) түзөрүн көрсөткөн статистикалык маалыматтарды келтирди. Өткөн жылдан тарта жаштардын жаш курагы 35 жашка чейин узартылган. Азыр республика боюнча 18 жаштан 35 жашка чейинки шайлоочулар жалпы шайлоочулардын 43,57% түзөт, бул 1 735 417 адам. 2024-жылы өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо добуш берген жаш шайлоочулардын саны мурунку шайлоо өнөктүктөрүнө салыштырмалуу көбөйгөн. Бирок, 18 жаштан 35 жашка чейинки шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу төмөн бойдон калууда.

Жаштар шайлоо процессинин негизги күчү болуп саналат, ошондуктан алардын саясий процесстерге катышуусун жогорулатууга багытталган ыкмаларды колдонуу талап кылынат.

«Кыргызстандын БШКсы жаштар шайлоого жөн гана формалдуу эмес, өз каалоосу менен шыктанып, туруктуу катышуусу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Жаштарга багытталган шайлоо саясатын өркүндөтүү абдан маанилүү, ал эми мамлекет менен коомдун милдети – жаштарды шайлоо процессине катышууга шыктандырып гана койбостон, кырдаалга чындап таасир этчү инструменттерди берүү», - деп эсептейт КР БШК төрага орун басары.

Жаштар жөнүндө мыйзамды ишке ашыруу максатында өткөн жылы Кыргызстанда Жаштар кыймылы түзүлгөн, анын негизги милдеттеринин бири - жаштардын коомдук жана саясий турмушка активдүү катышуусуна көмөктөшүү болуп эсептелет.

“Бул багытта БШК Жаштар кыймылы менен активдүү кызматташып келет. 2024-жылдын ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда жаштар арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштери биргелешкен аракеттер менен жүргүзүлдү. Мындан тышкары, “Жаш жаран” мектептери, жарандык жана шайлоо маданиятын жогорулатууга багытталган башка билим берүү иш-чаралары да үзгүлтүксүз уюштурулуп турат. Мындай демилгелер жаштарга өз укук-милдеттерин терең түшүнүүгө, шайлоонун кандайча ишке аша турганын билүүгө, добуш берүү эмнеге маанилүү экенин аңдоого жана жарандык активдүүлүктү өнүктүрүүгө жардам берет», - деп белгиледи Н. Койчукеев.

Ал жаштарды алыскы келечек эмес, бүгүнкү реалдуулук кызыктыраарын айтып, жаштар жөн гана байкоочу же шайлоочу болуу менен эле чектелгиси келбейт деген пикирин билдирди. Алар өзгөрүүлөрдүн алдыңкы сабында болуп, жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалап, чечим кабыл алуу процесстерине таасир этүүнү жана өлкөнүн келечегин өз колу менен курууну каалашат.

“Ошондуктан, жаштарды саясий карьера жолунда колдоо мамлекеттик жаштар саясатынын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Бул жаатта үмүт жараткан тенденциялар байкалууда. Жаш депутаттардын саны өсүп жаткандыгы кубандырат, бул алардын саясий процесске активдүү катышуусун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга каалоосун көрсөтөт. Жаштар өз мүмкүнчүлүктөрүн көрүп, шайлана тургандарына ишенгендиги өзгөчө маанилүү. 2021-жылы шайланган Кыргыз Республикасынын VII чакырылышынын парламентинде 90 депутаттын ичинен 25тен 35 жашка чейинки 15 жаш депутат бар, бул 17% түзөт. Жергиликтүү кеңештерде 21ден 35 жашка чейинки 1 488 жаш депутат бар, ал жалпы сандын 23,31% түзөт», - Н. Койчукеев.

Ал жоопкерчиликтүү лидерлердин жаңы мууну калыптанып жатат деп эсептейт. КР БШКга жаңы шайланган жаш депутаттардан каттар келип турат, анда жаштардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу боюнча кызматташууга чын ниеттен даярдыгын билдиришет. Алар тажрыйба бөлүшүүгө, билим берүү долбоорлоруна катышып, кийинки муунду тарбиялоого даяр.

Н. Койчукеевдин айтымында, 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого да жаш талапкерлердин активдүү катышуусу байкалууда. 2025-жылдын 4-октябрына карата өлкө парламентине талапкерликке көрсөтүлгөн 38 талапкердин алтоосу 35 жашка чейинки жарандар.