Башкы Жаңылыктар КР БШК делегациясы Беларуста өткөн II Эл аралык …

КР БШК делегациясы Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумуна катышты

09-Окт, 2025

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев жана БШКнын мүчөсү Алтынбек Кубатбеков Беларуста өткөн II Эл аралык шайлоо форумуна катышышты.

8-9-октябрда Форумдун алкагында “Калктын укуктук маданиятын калыптандыруу - шайлоо процессинин шайкештигин жана туруктуулугун камсыз кылуучу фактор катары” аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын пленардык жыйыны, «Шайлоочулардын укуктук маданиятын калыптандыруунун актуалдуу маселелери: улуттук жана эл аралык деңгээлдеги заманбап ыкмалар жана ишке ашыруу механизмдери» жана «Калктын электоралдык маданиятын калыптандырууда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жарандык коом субъекттеринин ролу» аттуу тематикалык секциялар өттү.

Ошондой эле Эл аралык форумдун катышуучулары «Жаштар арасында электоралдык маданият: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр» маселесин тегерек үстөл форматында талкуулашты.

КР БШКнын төрага орун басары Нурлан Койчукеев “Калктын укуктук маданиятын калыптандыруу - шайлоо процессинин шайкештигин жана туруктуулугун камсыз кылуучу фактор катары” аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференциянын пленардык жыйынында «Калктын укуктук электоралдык маданиятын жарандык билим берүү аркылуу калыптандыруу» темасында баяндама жасады.

«Калктын укуктук маданияты - жарандардын демократиялык процесстерге катышуусунун сапатын аныктаган негизги куралдардын бири болуп эсептелет. Өзгөчө азыркы шартта коом глобалдашуу, санариптешүү жана ылдам саясий өзгөрүүлөр сыяктуу чакырыктарга туш болуп жаткан кезде бул өзгөчө мааниге ээ. Калктын укуктук маданиятын калыптандыруунун негизги элементтеринин бири - жарандык билим берүү болуп саналат. Ал мамлекеттик институттарга болгон ишенимди бекемдөөгө, шайлоолорго жоопкерчиликтүү мамилени калыптандырууга жана өз укуктарын жана милдеттерин так түшүнгөн, жетик жаранды тарбиялоого өбөлгө түзөт», - деп белгиледи КР БШКнын төрага орун басары.

Н. Койчукеев белгилегендей, жарандык билим берүүнүн мааниси Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актыларында да бекемделген. Конституцияда мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөөрү так көрсөтүлгөн. Конституцияда ар бир жаран мамлекетти башкаруу иштерине катышуу укугуна ээ экени да так көрсөтүлгөн, ал эми мамлекеттин милдети - бул укуктарды ишке ашырууга шарт түзүү болуп эсептелет. Ушул контекстте жарандык билим берүү конституциялык жоболорду практикалык жүзөгө ашыруунун негизи болуп саналат.

«Саясий системанын өнүгүшүндө шайлоолор негизги ролду ойногон Кыргызстан үчүн электоралдык маданиятты калыптандыруу маселеси өзгөчө мааниге ээ. Эгемендүүлүк жылдары өлкө бир нече жолу маанилүү баскычтардан өттү, анда дал ушул шайлоо процесстери демократиялык реформалардын да, коомдук кризистердин себеби болуп калган. Бул - бийликтин легитимдүүлүгүн жана демократиялык өнүгүүнүн туруктуулугун камсыздоо үчүн жогорку деңгээлдеги укуктук маданият зарыл экенин көрсөтөт», - деди КР БШКнын төрага орун басары.

Анын пикиринде, жарандык билим берүү түздөн-түз электоралдык маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, шайлоочулардын укуктарын жана шайлоо системасынын түзүлүшүн гана үйрөтпөй, ошондой эле жоопкерчиликтүү катышуунун көндүмдөрүн, шайлоо алдындагы программаларды талдоону, чындык менен жалган маалыматты айырмалоону, манипуляцияларга жана дезинформацияга каршы тура билүүнү да калыптандырат. Жарандык билим берүү аркылуу жаштардын активдүү жарандык позициясы калыптанат, бул өзгөчө жаңы гана шайлоочу курагына жеткен жаштар үчүн маанилүү. Ошондой эле аялдар, майыптыгы бар адамдар, мигранттар жана шайлоолорго катышуу мүмкүнчүлүгү жетишсиз болгон башка топтор үчүн да бул билим берүү формасы алардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Нурлан Койчукеев билдиргендей, Кыргызстанда жарандык билим берүү аркылуу калктын укуктук маданиятын жогорулатуу үчүн олуттуу кадамдар жасалган. БШКда Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары Борбору (ЖБШТБ) калктын укуктук жана шайлоо сабаттуулугун жогорулатуу максатында иш алып барат. Агартуу министрлиги жарандык өзүн-өзү таануу жана жоопкерчиликтүү жарандык позицияны калыптандыруу боюнча мектеп программаларын киргизүү аракетинде. Бул 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн Улуттук программасына дал келет, анда калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана укуктук агартуунун мааниси ачык белгиленген.

“Борбордун ишмердүүлүгү бардык социалдык катмарларга жана жаш курак топторуна багытталган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 77 Борбор иштеп жатат, алар диалог жана билим берүү үчүн аянтчаларга айланган. Борбор калк арасында “Кыргыз Республикасынын жараны” деген маанини билдирген “Кыргыз жараны” жарандык өзүн-өзү таанууну калыптандыруу багытында мамлекеттик органдар, жарандык коом уюмдары жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барат. Өз ата мекенинин өнүгүүсү үчүн жоопкерчилигин аңдап, сезүү аркылуу биздин шайлоочулар шайлоонун жана шайлоо процессинин маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Дал ушул шайлоолор аркылуу биз өлкөбүздүн өнүгүү жолун тандайбыз. Бул багытта биз жаштар, аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, дин жамааттары, этностук топтор, ишкер чөйрө жана мигранттар менен тыгыз иш алып барып жатабыз», - деп билдирди КР БШКнын төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев.

Баяндамасынын аягында ал электоралдык маданиятты калыптандыруу - бул узак мөөнөттүү жана көп багыттуу милдет экенин белгилеп, мамлекеттин, жарандык коомдун, билим берүү мекемелеринин жана ар бир жарандын биргелешкен аракетин талап кыларын баса белгиледи.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>