Башкы Жаңылыктар КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров парламенттик шайлоону уюштуруу …

КР БШКнын төрагасы Т. Шайназаров парламенттик шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрдү

08-Окт, 2025

Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

КР БШКнын төрагасы шайлоого даярдыктын жүрүшү тууралуу кыскача маалымат берип, шайлоо мыйзамдарындагы жаңы нормаларга кеңири токтолуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал айткандай, алдыдагы шайлоо президентти жана парламентти шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жаңы система менен өтөт. Өлкө 30 округга бөлүнүп, ар бир округдан парламентке үчтөн депутат шайланат.

Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат. «Айрымдар аралыктан добуш берүүнү электрондук добуш берүү менен чаташтырып жатышат. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биздин өлкөдө электрондук добуш берүү жок, бул келечектин иши. Аралыктан добуш берүүнүн электрондук добуш берүүдөн айырмасы - шайлоочунун шайлоо участогуна өзү жеке келип катышуусу талап кылынат. Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат», — деди Т. Шайназаров.

Аралыктан добуш берүүнүн маани-маңызын түшүндүрүп жатып, ал негизги максат – жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу экенин белгиледи. Ошондой эле, аралыктан добуш берүүнү колдонуу шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатууга түрткү болоору күтүлүүдө.

Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо участкалары аэропорттордо, ири базарларда, соода борборлорунда, ооруканаларда, аскер бөлүктөрүндө жана башка жерлерде ачылат. Бул багытта учурда жергиликтүү бийлик органдары менен иш алып барылып, алар шайлоо участкаларын ачууга ылайыктуу жайларды сунуштап жатышат.

Т. Шайназаров билдиргендей, 2025-жылдын 10-, 20- жана 30-октябрында республикадагы бардык шайлоо тилкелеринде жана Россия Федерациясынын беш шаарында — Москва, Новосибирск, Красноярск, Екатеринбург жана Иркутскта тесттик добуш берүү өтөт. Ага каалоочулардын бардыгы катыша алышат.

Айрым жарандардын үгүт иштерин жүргүзүп баштагандыгы канчалык мыйзамдуу деген суроого жооп берип жатып, Т. Шайназаров үгүт иштери расмий түрдө 2025-жылдын 10-ноябрында башталарын эскертти. «Азыр шайлоого катышуу ниетин билдирген айрым жарандар үгүт жүргүзүп жатышат, бул мыйзамсыз. Биринчиден, алар депутаттыкка талапкер катары каттала элек. Экинчиден, үгүт иштери расмий түрдө 10-ноябрда гана башталат. Азырынча биз оозеки эскертүү берип жатабыз, мындан ары мыйзам чегинде чаралар көрүлөт», – деп баса белгиледи БШК төрагасы.

Т. Шайназаров чет өлкөлөрдө 59 шайлоо участогу бар экенин айтып, кошумча дагы 41 шайлоо участогун ачуу сунушталып жатканын билдирди. Ошентип, жалпысынан 34 мамлекетте, 89 шаарда 100 шайлоо участогун түзүү пландалууда.

Тынчтык Шайназаров шайлоочуларга өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшерүү маанилүү экенин эскертип, ЖМК өкүлдөрүн шайлоо мыйзамдарындагы жоболорду жана жаңылыктарды элге активдүү жеткирүүгө чакырды.

Маалымат жыйындын соңунда журналисттерге жаңы шайлоо жабдууларынын иштөөсү көрсөтүлдү.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>