Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук …

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын КАЙРЫЛУУСУ

02-Окт, 2025

Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комисияларынын мүчөлөрү, талапкерлер, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы
№ 272 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59-беренесине ылайык, шайлоо аракеттеринин мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Мында шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш берүү укугуна ээ.

Жогорку Кеңештин 90 депутаты мажоритардык тутум боюнча көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо укугуна Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары ээ.

Шайлоочулардын укуктарын ишке ашыруу, шайлоочуларды өзү жөнүндө маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле добуш берүүнү өткөрүү максатында ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси түзүлөт.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет. Шайлоочунун жергиликтүү жамаатка мүчөлүгү паспорттун чипине жазылган жарандын паспортундагы жашаган жерин каттоо жөнүндө белги же добуш берүү күнүнө чейин 60 күндөн кем эмес мөөнөттө жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун мамлекеттик реестринде жашаган жеринин дарегин каттоо менен аныкталат.

Добуш берүү күнүнө чейин 53 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2025-жылдын 8-октябрына чейин көп мандаттуу шайлоо округдарындагы шайлоо участкалары боюнча түзүлгөн шайлоочулардын алдын ала тизмеси www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталга жайгаштырылат, андан Сиз өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактап алсаңыз болот.

Ошондой эле добуш берүү күнүнө 47 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2025-жылдын 14-октябрына чейин тиешелүү участоктордо шайлоочулардын алдын ала тизмеси таанышуу үчүн илинет.

Өзүңүз жөнүндө маалыматтарды төмөндөгүлөрдөн тактасаңыз болот:

• 1255 же 119 номерлерине чалуу менен;

• www.tizme.gov.kg мамлекеттик порталы аркылуу;

• шайлоо участогунда;

• “119” номерине өзүңүздүн ПИН-паспорттогу жеке идентификациялык номериңизди көрсөтүү менен СMС-билдирүү жиберүү аркылуу, Сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин ала аласыз (СМС-билдирүү жөнөтүү жана телефон чалуу акысыз).

Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик аныкталса, ошондой эле алдын ала шайлоочулардын тизмесинде сиз жок болсоңуз, добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2025-жылдын 8-октябрынан 19-ноябрына чейин (кошулган күндү эсепке алуу менен) тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына кайрылууга жана www.tizme.gov.kg сайтындагы “Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу белгиленген тартипте авторизациядан өтүү менен электрондук түрдө арыз берүүгө укуктуусуз.

Биометрикалык каттоодон өтө элек жарандар калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) жана жашаган жери боюнча жарандык абалдын актысын жазуу, паспорттоштуруу жана калкты каттоо органдарынан (Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу ведомстволук түзүм) ушул жол-жободон өтсө болот.

Шайлоодо добуш берүү күнү шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандар гана добуш берүү укугуна ээ экендигин эсиңиздерге салабыз.

Урматтуу талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү!

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат:

- Кыргыз Республикасынын жараны;

- шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон;

- шайлоого укугу бар;

- жогорку кесиптик билими бар;

- мамлекеттик тилди билген;

- депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында республикада акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашоодо өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейинки үзгүлтүктөргө жол берилет.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз:

1. соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;

2. аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:

- коркунучтуулугу аз кылмыштар этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;

- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;

3. диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишмердигин токтонкондон кийин 5 жыл ичинде.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 60-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 60-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлерди көрсөтүү шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тартып, шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, 2025-жылдын 30-октябрында (кошуп алганда) жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00дө аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жолу менен шайлоого катышууга саясий партияларды каттоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органында шайлоо жарыяланганга чейин катталган жана (же) кайра катталган саясий партияларга жол берилет.

Саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу ар бир шайлоо округу боюнча бирден талапкерди саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтөт. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү ар бир талапкер кайсы көп мандаттуу шайлоо округунда ат салышаары көрсөтүү менен жүзөгө ашырылат.

Депутаттыкка талапкерди көрсөтүү боюнча саясий партиянын съездине КР БШК мүчөсү катышууга укуктуу.

Талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечим саясий партиянын колу жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КР БШКга берилет.

Саясий партиянын съездинин чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенден кийин тиешелүү шайлоо округдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин курамы өзгөртүлүшү мүмкүн эмес.

Саясий партия аталган ушул партиянын мүчөлөрү болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын жарандарын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу.

Саясий партия башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган жарандарды Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып көрсөтүүгө укуксуз.

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүдө саясий партия талапкерлердин жалпы санынын 70 пайызынан ашпаган бир жыныстагы адамдардын өкүлчүлүгү жөнүндөгү талапты сактоого милдеттүү.

Өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди депутаттыкка көрсөтүү талапкердин өзүнүн ушул шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө арызын КР БШКга берүү жолу менен жүргүзүлөт.

Жогорку Кеңешке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкер бир гана көп мандаттуу шайлоо округу боюнча көрсөтүлүшү мүмкүн.

Кыргыз Республикасын санариптештирүү саясатынын алкагында талапкерлерди каттоо үчүн «Электрондук талапкер» программасы киргизилген, ал талапкерлерге документтерин электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу ишке ашырылат (паспорттогу маалыматтары (катталгандыгы), КР жарандыгы (СӨМ), соттуулугунун жоктугу (ИИМ), жогорку кесиптик билиминин болушу (ББжИМ) ж.б.).

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо шайлоо күнүнө 20 календардык күн калганда башкача айтканда 2025-жылдын 10-ноябрында аяктайт.

Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге көмөк көрсөтүү максатында, КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жайгаштырылган, шайлоого катышуучу талапкерлер үчүн шайлоо өнөктүгүнө катышуу маселелери – үгүт, шайлоо өнөктүгүн каржылоо жана шайлоо талаш-тартыштары маселелери боюнча усулдук материалдардын жана ченемдик актылардын жыйнагы даярдалды. Жакын арада шайлоого катышуу маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү семинарлары өткөрүлөт.

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Мыйзамга ылайык, шайлоону маалыматтык камсыз кылуу - шайлоочуларды кабарландыруу жана жарандардын өз эркин аң-сезимдүү билдирүүсүнө, шайлоонун айкындуулугуна көмөктөшүүчү шайлоо алдындагы үгүттү өзүнө камтыйт.

Үгүт процессине катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар Кыргыз Республикасынын БШКга жазуу жүзүндөгү арызы менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитациядан өтүшү керек.

Тиешелүү телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басылмалардын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери арызы менен бирге эфирдик убакытты, басылма аянтты төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары же маалымат каражаттары, интернет-басылмада жарыялоо укугу жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Мында акы төлөнүүчү эфир убактысынын, басылма аянтынын баасы бардык партиялар, талапкерлер үчүн бирдей болууга жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашпоого тийиш.

Шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын аккредитациясын чакырып алууга укуктуу.

Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда башкача айтканда 2025-жылдын 10-ноябрында башталып, 29-ноябрында саат 8:00дө аяктайт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылуучу же башка ыкма менен таратылган маалыматтык материалдардын мазмуну объективдүү, анык болууга, талапкерлердин, саясий партиялардын теңдигин бузбоого, аларда кайсы бир талапкерге артыкчылык берилбөөгө тийиш.

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредитацияланбаган жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга шайлоо алдындагы үгүттүн белгилери камтылбаган маалыматтарды чагылдыруу аркылуу гана катышууга укуктуу.

Шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү маалыматтык чагылдырууга катышуучу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) шайлоо комиссияларынын жыйналыштарына катышууга;

2) шайлоо комиссияларынын протоколдору менен таанышууга;

3) шайлоо комиссиясынан протоколдордун жана аларга тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

4) шайлоого даярдык көрүү мезгилинде, ал эми добуш берүү күнү шайлоочулардын добуш берүүлөрүнүн жашыруундуулугун бузбастан, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарууга тоскоол болбостон, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы аныктаган жерден фото- жана көрмө-тартууну жүзөгө ашырууга;

5) өзүнүн статусу, фамилиясы, аты-жөнү, алар атынан чыккан уюмдардын аталышы белгиленген, шайлоо алдындагы үгүт белгилерин камтыбаган төш белги тагынып жүрүүгө.

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнүктүккө жигердүү катышууга, жарандарга шайлоонун жүрүшү жана эрежелери, талапкерлер жөнүндө өз убагында жана ишенимдүү маалымат берип турууга чакырат.

КР БШК жалпыга маалымдоо каражаттарын маалыматтык өнөктүккө жигердүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссияларынын иши тууралуу бардык керектүү маалыматты берип турууга даяр экендигин билдирет.

www.shailoo.gov.kg – КР БШКнын расмий сайты,

www.tizme.gov.kg – шайлоочулардын тизмесинин порталы,

www.talapker.shailoo.gov.kg – талапкерлер жөнүндө порталы.

Урматтуу округдук жана участкалык шайлоо

комиссияларынын мүчөлөрү!

Мыйзамдуулук, калыстык, айкындуулук, ачыктык силер менен биздин ишибиздин негизги иш принциптери болуп саналат. Калктын бүтүндөй шайлоо процессине ишеним деңгээли көбүнесе силер менен биздин иш-аракеттерибизге жараша болот. Мекенди сүйүү, жарандык милдетти жогорку деңгээлде сезе билүү жана коом алдындагы жоопкерчилик, компетенттүүлүк, бизге мыйзамдуу, ачык-айкын жана анык демократиялык шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет!

Урматтуу шайлоо процессинин катышуучулары!

Шайлоо, укук нугунда өтүшү үчүн шайлоо мыйзамдарындагы ченемдердин талаптарын катуу сактоо, ал эми шайлоо процессинин башка катышуучулары менен өз ара аракеттешүүдө өз ара сый-урмат көрсөтүп, сабырдуу болуу зарыл.

КР БШК өзү тараптан шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн ачык иштейт, ачык-айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо тынч, туруктуу атмосферада өтүшү үчүн мүмкүн болушунча күч-аракет жумшайт, өлкөбүздүн жарандары шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.

Байланыш маалымат жана БШКнын маалымат ресурстары:

КР БШКнын расмий сайты www.shailoo.gov.kg

www.talapker.shailoo.gov.kg сайтында талапкерлер, талапкерлердин шайлоо программалары жана шайлоо фонддору тууралуу жалпы маалыматтар көрсөтүлгөн.

БШКнын Даттануулар жана кайрылуулар реестринде (https://www.shailoo.gov.kg/ru/registry/) атайын электрондук ресурсунда шайлоо комиссияларына (КР БШК, ОШК, УШК) келип түшкөн даттануулар жана арыздар, алар боюнча кабыл алынган чечимдер жана сот актылары менен тааныша аласыз.

БШКнын ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобунун шайлоочулар жана шайлоо мыйзамдарынын башка субъектилери үчүн шайлоо мыйзамдарын бузуу фактылары жөнүндө маалымат берүү үчүн байланыш каналдары:

- 1255 – кыска номери;

- 0506 809-909 WhatsApp номерлери;

- 0312 62-62-46 – ишеним телефону;

- kgor@shailoo.gov.kg – электрондук дарек;

0312 66-02-40 – КР БШКнын коомдук кабылдамасы.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>