БШК КР: Шайлоо жасалмалуулугу – кызыкдар тараптар кандай амалкөйлүккө барышат...
09 июля 2014
Өткөн жумада Борбордук шайлоо комиссиясы(БШК) Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешине депуттарды шайлоодо 5 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жана эки шайлоо округунун жыйынтыктарын жараксыз деп тапты. Бул чечим БШК жумушчу тобунун шайлоо аяктаган соң шайлоочулар тизмесин текшерүүсүнүн, Бишкек ШИИББинин эксперттик-криминалдык бөлүмүнүн бүтүмүнүн, Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматынын, ошондой эле БШКга түшкөн добуш берүүнүн жана шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколдордун негизинде кабыл алынган. Мындай татаал иштин аркы-беркисин түшүнүп, окуялардын толук чоо-жайын аныктоо үчүн кепти башынан баштайлы.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешиндеги мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 18-майында өткөн. Айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү айыл өкмөт башчысын шайлай алышпагандыктан айылдык кеңешти таркатып, эки жолу кайра шайлоо өткөрүүгө туура келген. Келип түшкөн маалыматтарга караганда айыл өкмөт башчысын шайлоо убагында айылдык кеңештин айрым депутаттары башка депутаттарды коркутуп-үркүтүп (шайлоого катышпай калышсын деген максатта) сессиянын аягына чейин мажбурлап кармап турушкан. Алар коркконунан укук коргоо органдарына кайрылышпагандыктан бул факт тастыкталган жок. Бул жерден өз адамын айыл өкмөт башчысы кылып шайлоо үчүн эл өкүлдөрү өзүлөрүнүн милдеттемелерине айрым депутаттар же белгилүү(криминалдык да болушу мүмкүн) бир топтордун кызыкчылыгына карап жеңил ойлуулук, жоопкерчиликсиздик менен мамиле кылышат деген тыянак чыгарсак болот. Баса белгилей кетүүчү жагдай Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын жана Төлөйкөн айыл өкмөт башчысын шайлоо үчүн республикалык бюджеттен 1,3 млн. сомдон ашык коротулган. Бул чоң сумма болгондуктан саясий оюндар менен алектенгиче бюджеттик каражатты жергиликтүү элдин социалдык муктаждыктарына жумшаган алда канча пайдалуу болмок.
Чындыкка келсек 2014-жылы 18-майда өткөн шайлоодон кийин “Дыйкан-кыштак” айылынын жашочуларынан шайлоо болгон күнү үч шайлоо участкасында участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан алардын шайлоо укуктарын чектөөлөр жана шайлоо болгон аймакта жашабаган адамдардын добуш бергендиги тууралуу арыздар түшкөн. Анын үстүнө айрым шайлоо участкаларындагы добуш бергендердин саны 96 пайызга чыгып кеткени да БШКда шектүүлүктү жаратып, иштин жагдайын аныктоо үчүн шайлоо болгон жерге БШКнын жумушчу тобу жиберилген.
Депутаттыка талапкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн, Кара-Суу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн катышуусунда аталган жумушчу топ добуш берген шайлоочулардын тизмесин тактоо үчүн бардык сегиз шайлоо участкасында шайлоо документтери бар баштыктар ачылган. Текшерүү 5 шайлоо участкасында бири-бирине коендой окшош 205 кол коюу бар экенин аныктаган. Буга байланыштуу БШК шайлоочулар тизмесин кол коюу экспертизасына жөнөтүүнү чечкен. Бишкек ШИИББнин Эксперттик-криминалдык экспертизасы эки шайлоо участкасынан 380 жана 359 колду бир нече адамдар коюп койгонун аныктаган. Мөөнөт өтө кыска болгондуктан мындай экспертиза эки шайлоо участкасы боюнча гана жүргүзүлүп калган. Анткен менен калган үч шайлоо участкасында да ушундай дал келишпестиктер ачыкка чыккан.
Буга удаа эле Мамлекеттик чек ара кызматынан №5513 шайлоо участкасы болгон “Дыйкан –Кыштак-3” айылында жашаган шайлоочулар тууралуу маалымат келген. Алар 2014-жыл 18-майда өлкөдөн сыртка чыгып кетип кайра артка кайтышкан эмес. Бир гана шайлоо участогун текшерүүдө мындай 72 жаран аныкталган жана алар добуш бергендердин тизмесинде болгон. Өтө одоно мыйзам бузуу фактыларынын чыгышына байланыштуу БШК 2014-ж. 4-июлда беш участкалык шайлоо комиссиясынын курамын таратуу жана беш шайлоо участкасындагы шайлоо мыйзамдарынын бузулушу тууралуу материалдарды мыйзам бузгандарга чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүү чечимин кабыл алган.
Баарынан кызыгы БШКнын уруксаты менен видеокамералар коюлган үч шайлоо участогунда шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен мыйзам бузуулар катталган эмес. Бул видеокамераларды колдонуу кандайдыр бир көз боемочулукту жасоого бөгөт койгонун көрсөтүп турат. Ошондой эле бул үч шайлоо участогунда шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу реалдуу санда болуп 44, 46 жана 51 пайызды түзгөн. А өтө одоно мыйзам бузуулар болгон жогоруда көрсөтүлгөн шайлоо участкаларында шайлоочулардын келиши 70 пайыздан 96 пайызга чейин чыккан. Ошентип заманбап техникалык жетишкендиктерди(азырынча видеокамералар эле болуп турсун) колдонуу шайлоо участкаларындагы мыйзам бузууларды азайтарын жагыдай өзү көрсөттү. Буга дагы бир жолу ынаныш үчүн БШК шайлоо процессинин жаңы моделин 2014-жылдын 3-августунда Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо колдонуп, сынап көрөт. Ал жерде Төлөйкөндөгүдөй депутаттар айыл өкмөт башчысын эки жолу шайлашкан эмес.
Тилекке каршы, участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан одоно мыйзам бузуу фактылары азыр деле бар жана аларга шайлоо процесстерине заманбап техникалык жетишкендиктерди колдонуу менен гана каршы турбастан айыптык санкцияларды киргизүү менен да күрөшүүбүз керек. Чынында шайлоо участкаларында өз кызыкчылыгы мененби же талапкерлердин кысымынан уламбы добуш берүүдө жасалмалуулукка жол берген участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жергиликтүү коомчулуктун бир мүчөсү. А мындай ыплас жол менен шайланган депутаттар кийин жергиликтүү эл тарабында болуп, алардын көйгөйлөрүн чечип жиберишпери да анык.
Сөзүбүздү аяктап жатып таза, ачык, калыс шайлоону өткөрсө болот, өткөрүш керек. А шайлоонун таза болушу шайлоого укугу бар жарандардын өздөрүнөн көз каранды жана ошол укукту туура пайдаланыш керек.
