Башкы Жаңылыктар КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым …

КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

29-Авг, 2025

2025-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлерди тизмеден чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө аймактык комиссиялардын чечимдерин бекитти.

Ош облусу, Алай району:

  • Жаңы-Алай айылдык кеңешинин (№ 1 Жаңы-Алай) депутаты К. Эркебаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — каза болгондугуна байланыштуу. Мандат Ш. С. Кожогелдиевге (Ош облустук филармониясынын артисти) өткөрүлүп берилди.
  • Тилектеш айылдык кеңешинин (№ 4 Жаңы-Турмуш) депутаты Ж.М. Зикировдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат Т. Абдырахмановго (автомектепте мугалим) өткөрүлүп берилди.
  • Курманжан Датка айылдык кеңешинин (№ 2 Арпа-Тектир) депутаты Н.А Орозбаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат М.Арзикуловго  (убактылуу иштебейт) өткөрүлүп берилди.

Араван району:

  • Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин (№ 5 Тепе-Коргон) депутаты Б.Х. Ахмедовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат О.Х.Тажибаевге  (электр тармагында электромонтер) өткөрүлүп берилди.

Кара-Суу району:

  • Жоош айылдык кеңешинин (№ 7 Питомник) депутаты Р.И. Рахмановдун

ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат М.А.Токоевге (убактылуу иштебейт) өткөрүлүп берилди.

Ноокат району:

  • Мирмахмудов айылдык кеңешинин (№ 5 Үч-Кемпир) депутаты А.З.Тораевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат Н.У. Осмоновага (“Жандуу Гүлдөр” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси) өткөрүлүп берилди.

Баткен облусу, Кадамжай району:

  • Кадамжай шаардык кеңешинин ("Эмгек" фракциясы) депутаты Г.А. Мурзамамытованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат С.С. Зайляповага (убактылуу иштебейт) өткөрүлүп берилди.

Чүй облусу, Сокулук району:

  • Гавриловка айылдык кеңешинин (№ 4) депутаты М.К. Омуркуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат Ш.Б. Абдылдабековго  (жеке ишкер) өткөрүлүп берилди.

Жайыл району:

  • Талды-Булак айылдык кеңешинин (№ 2 Сосновка) депутаты Т.Д. Доскуловдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат А. Жаныбек уулуна (убактылуу иштебейт) өткөрүлүп берилди.

Нарын облусу, Ат-Башы району:

  • Ат-Башы айылдык кеңешинин (№ 6 Ак-Жар) депутаты Т.И. Курманалиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду — жеке арызы боюнча. Мандат Г.Т. Алыкеевага (пенсионер) өткөрүлүп берилди.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлер

  • С. Сабыр кызы, Зулпуев айылдык кеңеши (№ 2 Ата-Мерек) — жеке арызы боюнча.

Б.А. Исмаилов Ат-Башы айылдык кеңеши (№ 6 Ак-Жар) — жеке арызы боюнча.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>