КР БШК жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
03 июля 2025
2025-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Базар-Коргон, Ноокен, Кара-Кулжа, Чүй, Ысык-Ата, Жайыл, Кант, Ат-Башы, Бакай-Ата, Баткен шаардык жана Баткен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен айрым катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү боюнча чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Жалал-Абад облусу:
- Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Х. Р. Хусанбаев («Ынтымак» фракциясы) жана С. Х. Жамалов («Адилет» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, алардын мандаттары тиешелүүлүгүнө жараша З. М. Сайдуллаев жана А. У. Ахмадалиевга өткөрүлүп берилди;
- Ноокен районунун Э.Алиев айылдык кеңешинин депутаты Ш. М. Масиров ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Д. М. Мурашевге өткөрүлдү;
- Ноокен районунун Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин депутаты Б. У. Кубатов ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты О. Сабыржан уулуна өткөрүлдү.
Ош облусу:
- Кара-Кулжа районунун Р. Абдыкадыров айылдык кеңешинин депутаты Абдыманап уулу А. ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Н. Шербек уулуна өткөрүлдү.
Чүй облусу:
- Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты М. К. Макеев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты К. Б. Ашымовго өткөрүлдү;
- Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылдык кеңешинин депутаттары Б. Х. Чинва жана Б. Ж. Сулаймановалар ыйгарым укуктарынан ажыратылып, алардын мандаттары Н. А. Молоде жана Н. К.Сооронбаевага өткөрүлдү;
- Жайыл районунун Талды-Булак айылдык кеңешинин депутаты К. М. Мыктарбеков ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Т. Ж. Куренкеевге өткөрүлдү;
- Кант шаардык кеңешинин депутаты А. И. Сейталиев («Калк Ынтымагы» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты С. Х. Джалазовго өткөрүлдү.
Нарын облусу:
- Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты Э. Т. Толубаев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Н. М. Жаныгуловага өткөрүлдү;
- Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык кеңешинин депутаты М.Ж. Мурсаматова ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты А. К. Турдумамбетовго өткөрүлдү.
Талас облусу:
- Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаты М. Т. Исабеков ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты А. Ш. Каработоевге өткөрүлдү.
Баткен облусу:
- Баткен шаардык кеңешинин депутаты Б. Т. Козубаев («Эмгек» фракциясы) ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты У. А. Нишановго өткөрүлдү;
- Баткен районунун Суу-Башы айылдык кеңешинин депутаты К.М. Масалиев ыйгарым укуктарынан ажыратылып, мандаты Б. Ы. Тилековго өткөрүлдү.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылган талапкерлер:
Чүй облусу:
- Кант шаардык кеңешинен:
- Б.Х. Саламов
- А.Т.Шайлозов
- Э.Р.Аскаров
(Үчөө тең «Калк Ынтымагы» саясий партиясынан)
Нарын облусу:
- Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылдык кеңешинен:
- К.О.Турдиева
