Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү: Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы боюнча шаардык кеңештерге 26 майыптыгы бар жаран депутат болуп шайланды

04 декабря 2024

2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы боюнча 26 майыптыгы бар жаран шаардык кеңештерге депутат болуп шайланды, бул мурдагы шайлоолордогу кѳрсѳткүчтѳн кыйла жогору, ал учурда болгону 4 гана депутат болгон. Бул прогресс саясий партияларга талапкерлердин тизмесине кеминде бирден майыптыгы бар адамды киргизүүгө милдеттендирүүчү мыйзамдык чаралардын негизинде мүмкүн болду («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренеси).

Майыптыгы бар адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасында бир катар чаралар, биринчи кезекте мыйзамдык чаралар киргизилген.

Алсак майыптыгы бар шайлоочулардын негизги укуктары төмөнкүлөрдө камтылган:

• Кыргыз Республикасынын Конституциясында;

• «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (2008-ж.);

• Эл аралык келишимдерде, атап айтканда:

- Адам укуктарынын жалпы декларациясы (1948);

- Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт (1994-жылы ратификацияланган);

• - Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияда (2019-жылы ратификацияланган).

• «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамда;

• «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» конституциялык Мыйзамда;

• «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамда;

• «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» КР БШКнын жобосунда.

Аталган ченемдик укуктук актыларга ылайык, майыптыгы бар жарандар тике жана жашыруун эркин билдирүү аркылуу бирдей шартта добуш берүүгө катышып, шайлоого жана шайланууга бирдей укуктарга ээ.

Майыптыгы бар шайлоочулардын укуктарын коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын жогоруда көрсөтүлгөн нормаларын аткарууда, 2017-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнѳн тышкары, ошондой эле майыптыгы бар адамдардын бирикемелеринин жана майыптыгы бар адамдар менен иштеген уюмдардын өкүлдөрү кирген Жумушчу топ иштѳѳдѳ. Бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн чыныгы зарыл болгон даректүү чараларды иштеп чыгуу үчүн өзгөчө маанилүү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын толук ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси төмөнкүлөрдү камтыйт:

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды эсепке алуу үчүн мыйзамдарга социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Борбордук шайлоо комиссиясына жыл сайын 1-февралга жана 1-августка карата бардык жеке маалыматтарын көрсөтүү менен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын иш жүзүндөгү саны жөнүндө маалымат берүү талабы киргизилген.

Бул маалымат майыптыктыгынын түрүн жана талап кылынган жардамды көрсөтүү менен ар бир шайлоо участогуна мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарынын картасын түзүү үчүн негиз болот (шайлоо участогуна жеткирүү – социалдык такси, шайлоо участкасында жардам көрсөтүү, добуш берүү үчүн бюллетендин атайын форматы, пандустардын, чакыруу кнопкаларынын, тактилдик белгилердин, жетиштүү жарыктандыруунун, добуш берүүчү кабиналарда лупалардын болушу).

2024-жылдын 1-августуна карата муктаждыктар картасына шайлоо күнү шайлоо участкасында жардамга муктаж 18 541 мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочу киргизилген. Алардын ичинен 9385 (50,6%) эркектер, 9156 (49,4%) аялдар. Курактык категориялары боюнча: 18-30 жаштагылар - 4030, 31-60 жаштагылар - 9512, 60 жаштан жогоркулар - 4999 адам.

Шайлоо мыйзамдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча так талаптар белгиленген. Шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте добуш берүү үчүн жайлардын жеткиликтүүлүгүн такай баалап турушат. Шайлоо участкасынын имаратынын кире беришинде пандус бар же жок экендиги жөнүндө маалымат муктаждыктар картасына жазылат.

Шайлоо күнү мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочуларга ыктыярдуу жардамдар көрсөтүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү транспорт менен камсыз кылууда. Добуш берүүчү жайларды ылайыкташтыруу жана шайлоо участкаларын жеткиликтүү кылуу инклюзивдүү шайлоо процессин түзүүнүн маанилүү элементтери болуп саналат.

Белгилей кетсек, шайлоо участкаларын пандустар менен камсыз кылуу кыйла жогорулады: 2017-жылы 27%, 2019-жылы - 43%, ал эми 2024-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 87%га жеткен (2438 шайлоо участогунун ичинрен 2102 участогуна пандустар орнотулган).

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо бул шайлоо участкалары жайгашкан билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана административдик имараттардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет.

2024-жылы шайлоо мыйзамдарында шайлоо участкаларынын пандустарынын белгиленген стандарттарга жооп берүүсүн камсыз кылуу боюнча нормалар киргизилген. Бул норманын аткарылышы прокуратуранын кѳзѳмѳлүндѳ турат жана объектилерде орнотулган пандустардын сапатын жогорулатуунун укуктук негизи болуп калды.

Көрүүсү начар шайлоочулар катталган шайлоо участокторуна Брайль шрифти менен атайын бюллетендер жана трафареттер жөнөтүлдү. 2024-жылы Брайль арибинде 983 бюллетень чыгарылган:

• 749 – шаарлардагы участкалар үчүн,

• 234 – айылдардагы участкалар үчүн.

Добуш берүүчү кабиналар коляска менен жүргөн шайлоочулар үчүн ылайыкташтырылган. Добуш берүүнүн купуялуулугун камсыздоо үчүн алар трафареттер, лупа, кошумча жарыктандыруу жана отургучтар менен жабдылган.

Жергиликтүү кеңештерге орун-жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгү уюштурулуп, аны мүмкүнчүлүгү чектелген 1979 шайлоочу пайдаланды.

Борбордук шайлоо комиссиясы майыптыгы бар шайлоочуларга атайын форматтар аркылуу шайлоолор жөнүндө маалымат берет. Бул максаттар үчүн Брайль шрифтин колдонуу менен ыңгайлаштырылган плакаттар жана брошюралар даярдалат. Бардык маалыматтык видеолор субтитрлер же сурдокотормо менен коштолуп, угуусу начар адамдар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.

Ошондой эле, майыптыгы бар шайлоочуларды маалымдоо үчүн, майыптыгы бар талапкерлер үчүн жана майыптыгы бар шайлоочулар үчүн жеткиликтүү форматта маалыматтык китепчелер даярдалган.

Бул маалыматтык китепчелер алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эң ири бирикмеси болгон “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесине тапшырылды.

Шайлоо мыйзамдары талапкерлерди, саясий партияларды ѳздѳрүнүн үгүт материалдарына жалпы тираждын кеминде 1% өлчөмүндө тѳмѳндѳгү атайын форматтарды киргизүүгө милдеттендирет:

• сурдокотормосу жана субтитрлери бар видеороликтер – угуусу начар шайлоочулар үчүн,

• Брайль шрифиндеги басма материалдары - көрүүсү начар шайлоочулар үчүн.

Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде БШКнын колл-борбору иштеп турду, анда 10го чейин майыптыгы бар жарандар эмгектенүүдѳ. Ошондой эле WhatsApp номери аркылуу шайлоочулар менен видеобайланыш түзүлүп, угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар жаңдоо тилинде суроолоруна жооп алышты.

БШКнын расмий сайтында майыптыгы бар шайлоочулар үчүн атайын веб-баракча түзүлүп, ал дайыма жаңыланып турат.

Шайлоо комиссияларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 38 адам иштейт:

• БШКнын аппаратында 131 кызматкердин ичинен 2 адам майыптыгы бар кызматкер,

• 56 аймактык комиссиясынын 650 мүчөсүнүн ичинен 2 мүчөсү майыптыгы бар адам,

• 2438 участкалык шайлоо комиссиясынын 30503 мүчөсүнүн ичинен 34 мүчѳсү майыптыгы бар адамдар.

Мына ушул чаралардын бардыгы майыптыгы бар жарандардын шайлоого катышуусу үчүн жеткиликтүү жана инклюзивдүү чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүп турат. Шайлоо процессинин инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу КР БШК тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын беш негизги багытынын бири болуп эсептелет.