Башкы Жаңылыктар КР БШК: 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун …

КР БШК: 2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы

17-Ноя, 2024

2024-жылдын 17-ноябрында өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо УТРКнын түз эфиринде добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары менен Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова тааныштырды. Саат 20:00гө карата шайлоо участкаларынын 96 пайызынан маалымат келип түштү.

Добуш берүүнүн негизги көрсөткүчтөрү:

Жалпы шайлоочулардын 27,83% катышты.

Шайлоочулардын тизмесине киргизилген 4135039 жарандын ичинен 1150 931 адам добуш берди.

Шаардык кеңештерге добуш берүү:

1 620 243 шайлоочунун ичинен 392 844 адам катышып, бул 24,25 пайызды түзөт.

Айылдык кеңештерде добуш берүү:

2 514 796 шайлоочунун ичинен 758 087 адам добуш берди, бул 30,15% түзөт.

Маалыматтарды иштетүүнүн учурдагы абалы:

Учурда шайлоо участкаларынын 97,22 пайызынан маалымат келип түштү. Шаарлардагы 22 шайлоо участкасынан жана айылдык кеңештерге шайлоолор өткөн айылдардагы 46 шайлоо участкасынан маалыматтар дагы эле күтүлүүдө.

Шаарлар жана округдар, ошондой эле айылдык кеңештер боюнча толук маалыматтар БШКнын расмий сайтында: newess.shailoo.gov.kg/ реалдуу убакыт режиминде жарыяланат. Жыйынтыктар автоматташтырылган урналардан алынган маалыматтарга жараша жаңыртылып турат.

Бишкек шаары боюнча жыйынтыктар:

Добуш берүү: 642 071 шайлоочунун 128 318и (19,99%) добуш берди.

Жарактуу бюллетендер: 119 692 (93,28%).

Жараксыз бюллетендер: 8628 (6,72%).

Аралыктан добуш берүү:

Бишкек шаарында аралыктан добуш берүүгө 503 шайлоочу катталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө 159 ​​адам катышып, бул 31% ашты.

КР БШК бардык маалыматтар алдын ала экенин жана калган шайлоо участкаларынан маалымат түшкөн сайын жаңыртылып турарын баса белгилейт.

2024-жылдын 17-ноябрында саат 20:00гө карата АЭУнун алдын ала маалыматы боюнча партиялар төмөнкүдөй добуштарды алышты:

Бишкек шаары боюнча - партиялар төмөнкүдөй добуштарды алышты:

Адилет партиясы - 18297 добуш же 15,09%

“Жаңы күч – Новая сила” партиясы – 36 623 добуш же 29,38%

“Ынтымак” партиясы – 17063 добуш же 14,07%

“Эмгек” партиясы - 26687 же 22%

“Эл үмүтү” партиясы - 13260 добуш же 10,93%

“Улуу Журт” партиясы 1619 добуш алды 1,34%

“Баарына каршы” позициясы 8686 добуш алды, 7,16%

Ош шаары боюнча аралыктан добуш берүүгө 215 шайлоочу катталса, 109 шайлоочу (50%) добуш берди. Калган бардык шаарларда жана аймактарда шайлоочулардын активдүүлүгү дагы мына ушундай. Аралыктан добуш берүүгө катышкандардын пайызы катардагы шайлоо участкаларына катышкандардын пайызына караганда жогору.

«Жаңы Кыргызстан» партиясы 23 783 (43,36%)

“Ынтымак” партиясы 10 982(20,02%)

"Мурас" партиясы 8309 (15,15%)

“Бир Бол” партиясы 5350 (9,75%)

“Милдет”партиясы 5,704 (10,4%)

"Баарына каршы" позициясы 728 (1,33%)

Белгилей кетсек, өтүү үчүн шайлоо босогосу 7 пайыздан 5 пайызга чейин төмөндөтүлгөн. Ош шаарында бардык партиялар бул босогодон өттү.

Шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда шайлоо мыйзамдарын ар кандай бузуулар боюнча 65 билдирүү түшкөн. 4 арыз каралууда турат, шайлоодо добуш берүүгө чейин жана добуш берүү учурунда кабыл алынган бардык башка арыздар боюнча чечимдер кабыл алынган.

КР БШК автоматтык эсептѳѳчү урналардан, анын ичинде аралыктан добуш берүү участкаларынан алынган маалыматтарды билдирүүнү улантат.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>