Башкы Жаңылыктар БШК келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты

БШК келип түшкөн арыздарды жана даттанууларды карап чыкты

17-Ноя, 2024

2024-жылдын 15 жана 16-ноябрында КР БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттанууларды жана арыздарды карап, чечим кабыл алды.

1. БШК Токмок АШКнын 2024-жылдын 11-ноябрындагы №19 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө «Адилет» саясий партиясынын арызын карады.

Токмок АШКнын 2024-жылдын 11-ноябрындагы № 19 чечими менен «Адилет» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Абдинасир кызы Гүлзаданы кызматтык милдеттерин токтотуу жөнүндө буйрукту өз убагында бербегендигине байланыштуу каттоосу жокко чыгарылган,

БШК жогорудагы чечимди жокко чыгарды, анткени Токмок АШКсы «Адилет» саясий партиясынын документтериндеги карама-каршылыктар тууралуу өз убагында кабарлаган эмес, ушуга байланыштуу БШК бул чечимди мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейт.

Ошону менен бирге, Токмок АШКсына талапкерлерге маалымат бербегендиги жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн тиешелүү документтерди өз убагында бербегендиги үчүн «Адилет» саясий партиясына эскертүү берүү сунушталды.

2. БШК «Адилет» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу жөнүндө Токмок АШКнын чечимин жокко чыгаруу тууралуу «Адилет» саясий партиясынын арызын карады.

АШКнын чечими «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык көрсөтүү тартибин сактабагандыгына байланыштуу кабыл алынган.

Бирок, “Адилет” саясий партиясынын талапкерлерин көрсөтүүдө Мыйзамдын бирден кем эмес талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын өкүлчүлүгүнүн болушу тууралуу талаптары эске алынган.

Мындан тышкары, “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесине дагы эки мүмкүнчүлүгү чектелген талапкер киргени аныкталган.

Ушуга байланыштуу “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин көрсөтүү тартибин бузуулар аныкталган жок.

Ушуга байланыштуу БШК Токмок АШКнын “Адилет” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу чечимин жокко чыгарды.

3. БШК Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 12-ноябрындагы № 37/8 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө «Социал-демократтар» саясий партиясынын арызын карады.

БШК даттанылган БАШКнын 2024-жылдын 12-ноябрындагы №37/8 чечимин негиздүү жана колдонуудагы шайлоо мыйзамдарына ылайык кабыл алынган деп эсептейт.

Борбордук шайлоо комиссиясы “Социал-демократтар” саясий партиясынын арызын четке кагып, БТИКтин чечимин күчүндө калтырууну чечти.

4. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 13-ноябрындагы №27 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө Д.Д.Рахмановдун арызын карады.

Жогорудагы чечим менен Д.Д. Рахманов «Ынтымак» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинен чыгарылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош АШКнын чечимин карап чыгып, аны негиздүү жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган деп эсептейт.

4. Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкер Жапралиев Алмазбек Кадырбековичтин Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары - АШК) 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 28 чечими жокко чыгаруу тууралуу арызын карап чыгып, (АШКга эскертүү берди)

Арыз ээси орто мектептин имаратында үгүт иштерин жүргүзгѳндүгү үчүн № 1 Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер М.Б.Карбосовду, Д.Умуралиевди жана Б.И.Ибраимовду каттоону жокко чыгарууну өтүнгөн.

БШК А.Жапарлиевдин арызын карап чыгып, Панфилов АШКнын 2024-жылдын 15-ноябрындагы № 28 токтомун корутунду бөлүгүндө жокко чыгарып, Панфилов АШКсына Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын ЖоК 65-беренесине ылайык кароону сунуштады.

5. «Бирге-Вместе» саясий партиясынан Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен алып салуу тууралуу Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу жѳнүндѳ К.М.Жандралиевдин, К.Н. Бажандын, Кеңешбек уулу Кутманбектин арызы боюнча.

БШК Кара-Балта АШКынын даттанылган чечимин шайлоо комиссияларынын жыйналыштарын өткөрүүнүн жол-жоболору бузулгандыгына байланыштуу жокко чыгарды.

6. «Бирге - Вместе» саясий партиясынан Талас шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Т.К.Жумабековдун “Бирге-Вместе” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Т.К. Жумабековдун каттоосун жокко чыгарган Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 14-ноябрындагы № 23 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын карап чыгып, Т.К. Жумабековго шайлоого талапкер катары катышууга чектөөлөр болбогондугуна байланыштуу арыздагы талаптары канааттандырды.

 

КР БШКнын чечимдеринин кѳчүрмѳлѳрү арыз ээлерине берилет.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>