Башкы Жаңылыктар Добуш берүү үчүн бардык шарттар: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын …

Добуш берүү үчүн бардык шарттар: жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүүлүк камсыз кылынган

17-Ноя, 2024

Добуш берүү күнүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын (ДСМЧА) КР жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуусу үчүн шайлоо участкаларында бардык шартар уюштурулду. Бул чаралар «Жергиликтүү кеңештерди шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык көрүлгөн жана бардык жарандар үчүн тең укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Шайлоонун алдында шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте белгилүү бир жерде жашаган ден соолунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнүн карталары түзүлдү. Ушул карталарга ылайык шайлоо участкаларында ден солугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочуларды колдоо боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылды. Алсак:

  1. добуш берүү үчүн жай имараттардын биринчи кабаттарында жайгаштырылды;
  2. ыңгайлуу келип-кетүү жана жөө жүрүү жолдору, жеке автотранспортун токтотуучу жерлер уюштурулду;
  3. пандустар, жардамга чакыруу баскычтары, тактилдик көрсөткүчтөр орнотулду;
  4. жетиштүү жарыктандыруу камсыз кылынды ;
  5. талапкерлер жана саясий партиялар жөнүндө материалдар менен маалыматтык такталар жайгаштырылды. Маалыматтар чоңойтулган шрифте, ошондой эле Брайль шрифтин пайдалану менен даярдалды;
  6. шайлоо материалдары бардык категориялардагы шайлоочулар үчүн жеткиликтүү болгудай жайгаштырылды;
  7. добуш берүү үчүн кабиналар кресло-колясканы пайдаланган шайлоочулар үчүн ыңгайлаштырылды жана добуш берүүнүн жашыруундуулугу камсыз кылынды. Кабиналар атайын трафареттер, лупалар, кошумча жарыктандыруу жана стулдар менен жабдылды.

Көрүүсү бузулган шайлоочулар катталган бардык шайлоо участкалары үчүн Брайль шрифти менен шайлоо бюллетендери жана трафареттер жиберилди. Брайль шрифти менен бардыгы 983 бюллетень даярдалды:

  1. 749 бюллетень — шаардык шайлоо участкалары үчүн;
  2. 234 бюллетень — айылдык шайлоо участкалары үчүн.

КР БШК добуш берүү үчүн тең шарттарды түзүү шайлоо реформасынын бирден бир чечүүчү багыттарынан болуп саналаарын баса белгилейт. ДСМЧ жарандар добуш берүүгө катышууга толук жеткиликтүүлүккө жана шайлоо участкаларындагы комфорттук чөйрөгө ишене алышат.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>