Башкы Жаңылыктар Республикалык штаб жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата даярдыктын финалдык …

Республикалык штаб жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата даярдыктын финалдык текшерүүсүн өткөрдү

15-Ноя, 2024

15-ноябрда 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб болуп өттү. Жолугушуу КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, Республикалык штабдын теңтөрагасы
Н. Шайлдабекованын катышуусунда онлайн-форматта өттү. Кеңешменин ишине министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери катышты.

Н.Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча мамлекеттик органдар менен биргеликте аткарылган иштер жөнүндө, атап айтканда бардык облустарда Республикалык штаб өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат берди жана жакшы координацияга карабастан, чечилбеген маселелер калып жаткандыгын белгиледи. Тактап айтканда, бул участкалык шайлоо комиссияларын төмөнкүлөр менен камсыз кылуу:

  • үзгүлтүксүз электрэнергия жана резервдик генераторлор;

  • туруктуу байланыш жана жеткиликтүү интернет;

  • транспорт жана күйүүчү-майлоочу материалдар.

КР БШКнын төрагасы бул шайлоо өтө технологиялуу болгондуктан, жеткирип берүүгө жана 2437 шайлоо участкасында адистештирилген шайлоо жабдууларын жөнгө салуу иштери менен байланышкан уюштуруучулук иш-чаралар көп экендигин белгиледи. Аны жөнгө салууда бүткүл республика боюнча техникалык колдоо топторунун курамында 600 адис иш жүргүзүүдө. Бирок көпчүлүк топтор транспортсуз калууда, бул алардын ишин татаалдаштырып жатат. Андан тышкары аба-ырайынын ыңгайсыз шарттарынан жана айрым райондордун жетүүгө татаалдыгынан улам жабдууларды жеткирип берүүдө кыйынчылыктар келип чыгууда. КР БШКнын төрагасы бул тоскоолдуктарды четтетүү үчүн жолдорду өз убагында тазалоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы А Жапаров кеңешменин катышуучуларына бардык милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликтүү экендиги жөнүндө эскертти. Ал белгиленген бардык көйгөйлөрдү кыска мөөнөттө чечүүнү жана кечке карата натыйжалар жөнүндө баяндама кылууну тапшырды.

«Эгерде шайлоо участкаларында толук өлчөмдө шарттар түзүлбөсө, адамдар жөн гана шайлоого келбей коюшат. Ал эми биз үчүн ар бир добуш маанилүү!» - деп билдирди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров жаңы шайлоо саясаты кайсы-бир партиянын пайдасына административдик ресурсту пайдаланууну жокко чыгараарын баса белгиледи. Таза жана ачык-айкын шайлоо процессин уюштуруу үчүн мамлекеттик түзүмдөрдөн өзүлөрүнүн иш-милдеттерин так аткарууну талап кылат.

Ички иштер министри У.Ниязбеков коопсуздукту камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдарынын 15 миң кызматкери кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өткөрүлгөндүгү тууралуу билдирди. Өлкөдө кырдаал ушул учурга туруктуу бойдон калууда.

Республикалык штаб 17-ноябрда шайлоо уюшкандыкта, ачык-айкын жана бардык нормаларды сактоо менен өтүүсү үчүн калган маселелерди ыкчам чечүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, шайлоону өткөрүүгө даяр экендигин ырастады.

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады
14-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда Президенттик шайлоого даярдык көрүү маселелерин талкуулады

2026-жылдын 13–14-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Алмаз Айбалаев Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жумушчу жыйындарды өткөрүштү.Жолугушуулардын негизги темасы 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана шайлоо процессин мыйзам талаптарына ылайык уюштуруу маселелери болду.Талкуунун жүрүшүндө шайлоочулардын шайлоо укуктарын толук кандуу ишке ашыруусуна зарыл шарттарды түзүү, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.БШК төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, жаңыланган шайлоо технологиялары, аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү, автоматташтырылган маалыматтык тутумдардын колдонулушу жана талапкерлерди колдоо тартибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди.Ошондой эле шайлоону даярдоо жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигине токтолду. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөө, мыйзамсыз кысым көрсөтүү жана шайлоо процессине кийлигишүү аракеттеринин алдын алуу, ошондой эле анын бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын белгиледи.Өткөрүлгөн жолугушуулар шайлоого даярдык көрүү боюнча жергиликтүү деңгээлдеги уюштуруу иштерин талкуулоого, тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга жана шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоо маселелерине көңүл бурууга багытталды.
Кененирээк билүү >>
Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды
14-Окт, 2026

Аймен Касенов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен КР БШКга кайрылды

Бүгүн, 14-октябрда, Касенов Аймен Абдыталипович Кыргыз Республикасынын Президенттигине өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
Кененирээк билүү >>
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында, аяктайт.Бул - акыркы күн! Шашылыңыздар!Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо”  автоматташтырылган маалыматтык тутуму https://accreditation.srs.kg/ аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557 261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>