Башкы Жаңылыктар Кыргызстандын жаштар Күнүндө Бишкектин студенттери дебаттарды киргизүү боюнча …

Кыргызстандын жаштар Күнүндө Бишкектин студенттери дебаттарды киргизүү боюнча мелдеш өткөрүштү

10-Ноя, 2024

10-ноябрда Кыргызстандын Жаштар кыймылы тарабынан КР Борбордук шайлоо комиссиясы жана КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте уюштурулган «Катыш! Танда! Шайла!» маалыматтык кампаниясынын алкагында «Zhashtar CUP» дебаттык турнириөткөрүлдү. Кыргызстандын жаштар Күнүнө арналган иш-чара 70ке жакын адамды чогултту.  

КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова жаш дебаттарды майрамы менен куттуктады жана жаштар – добуш берүүнүн натыйжаларына таасир этүүчү зор күч экендигин белгилөө менен, аларды 2024-жылдын 17-ноябрында болуучу жергиликтүү кеңештерге депуттарды шайлоого активдүү катышууга чакырды.   

2024-жылда жаштардын курагы 28 жаштан 35 жашты кошуп алганга чейин жогорулаганына байланыштуу азыркы убакта бүткүл республика боюнча жаш шайлоочулардын үлүшү 43%ды же республика боюнча – 4 131 995 адамдын жалпы санынында 1 774 188 адамды түзөт.  

Турнирде Бишкектин жогорку окуу жайларынан турган 28 команда актуалдуу социалдык жана саясий темалар боюнча дебаттарды жүргүзүү искуствосунда мелдешишти.  

Дебаттар жана дебаттык технологиялар шайлоо процессинде маанилүү роль ойнойт. Алар саясий маселелерди, талапкерлердин көз карашын талкуулоого,  алардын ортосундагы айырмачылыктарды түшүндүрүүгө жана табууга өбөлгө түзөт.  Дебаттар шайлоочуларга талапкерлердин сунуштарын кыйла терең түшүнүүгө жана аң-сезимдүү тандоого жардам берет. Дебаттар коомдук тиричиликтин маанилүү маселелерин талкуулоого дем берет жана коомдук пикирди түзүүгө өбөлгө түзүт, бул аларды демократиялык процесстин ажырагыс бөлүгү катары бекемдейт. 

Шайлануучу органдар ар бир кыргызстандык үчүн өтө маанилүү жана анын жашоосуна чоң таасир көрсөтөт.  Мисалы, Президент – мамлекеттин башчысы катары жогорку кызмат адамы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, Жогорку Кеңеш мыйзамдуу бийликти жана контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат, ал эми жергиликтүү кеңештер жергиликтүү  бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын контролдойт; социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жергиликтүү жамааттын калкын социалдык коргоо программаларын бекитет; мыйзамдарда кралган учурларда жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет. Ошондуктан шайлануучу органдардын өкүлдөрүнө канчалык маанилүү милдеттер жүктөлгөндүгүн эске алуу менен, аларда кыйла татыктууларды тандоо өтө маанилүү.  

Дебаттык турнир британдык парламенттик дебаттардын принциби боюнча түзүлгөн. Бир нече раунддардын жыйынтыктары боюнча өзүлөрүн мыкты дебаттар катары көрсөтүшкөн командалар аныкталды. Аларга эстелик байгелер тапшырылды. Ошондой эле дебаттардын катышуучулары  “Мыкты спикер” жана “Мыкты судья” номинацияларына татыктуу болушту. 

10-ноябрда Демократиялык жаштардын бүткүл дүйнөлүк федерациясынын түзүлүшүнүн урматына белгиленген Жаштардын бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет.   Мамлекетти өнүктүрүүдө жана жаштар саясатын ишке ашырууда жаш муундун өсүп жаткан ролун эске алуу менен, Кыргызстандын Өкмөтү 2002-жылы Кыргызтандын жаштар күнүн расмий бекитти.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>