Башкы Жаңылыктар Шайлоо 17-ноябрь: аралыктан добуш берүү участкаларында иштей турган …

Шайлоо 17-ноябрь: аралыктан добуш берүү участкаларында иштей турган 10 шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутуу болуп өттү

09-Ноя, 2024

9-ноябрда КР Борбордук шайлоо комиссиясы 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо убагында аралыктан добуш берүү шайлоо участкаларында иштей турган 10 участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн окутууну өткөрдү.

Окутуучу тренинг республиканын бардык региондорунан бардыгы 90дон ашык адамды чогултту. Окутуу ар түрдүү форматтарда өттү: Бишкекте КР БШКнын конференц-залында бищкектик 4 шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү чогулушту, онлайн-режиминде Ош, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Каракол шаарларынан участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү кошулушту.

Окутууну КР БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги Т. Айтикеев, шайлоону уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы М. Кожокеева, маалыматтык-шайлоо системасын башкаруу жана шайлоочулардын тизмелери менен иштөө боюнча бөлүмдүн башчысы К. Абдилатов өткөрдү.

Тренингдин катышуучуларына биометрикалык идентификациялоо, автоматтык эсептөөчү урналар (АЭУ) аркылуу добуштарды эсепке алуу жана БШКнын борбордук серверинде добуш берүүнүн жыйынтыктарын жыйындылоо боюнча жабдуу кандай иштээри көрсөтүлдү. Алдыда турган шайлоодо колдонулуучу идентификациялоонун жаңы комбинирленген түзүлүшүнүн аркасында бир нече аппараттарды пайдалануу кыскарат жана биометрикалык маалыматтар – бети жана манжалардын тактары боюнча идентификациялоо мүмкүнчүлүгү келип чыгат. Түзүлүш электрондук документтерди кошуп алганда, паспорттордон маалыматтарды окууга жана идентификацияланган шайлоочулар үчүн гана бюллетендерди басып чыгарууга да мүмкүнчүлүк түзөт, бул басып чыгарууга жана жеткирип берүүгө каражаттарды жана ресурстарды олуттуу үнөмдөйт.

Тренингдин катышуучулары участкалык шайлоо комиссиясынын иштөөсү үчүн зарыл болгон так базалык маалыматты да алышты, анын ичинде:

  1. жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү,
  2. шайлоону даярдоо жана өткөрүү,
  3. шайлоочулардан, анын ичинде аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуунун тартиби,
  4. шайлоо комиссиясынын ишин уюштуруу,
  5. шайлоо участкасын ыраттоо,
  6. ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн добуш берүү процессин уюштуруу,
  7. шайлоочулардын тизмелери менен иштөө,
  8. шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө участкалык шайлоо комиссияларынын иши,
  9. жайдан тышкары добуш берүүнү уюштуруу,
  10. аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө.

Шайлоо комиссияларынын бардык мүчөлөрү канцелярдык товарлар, укуктук жана методикалык адабияттардын толук пакети («Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР Мыйзамы, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамы, АШК жана УШК үчүн колдонмо жана журнал, АШК жана УШК үчүн иш журналдары) менен жабдылган.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>