Башкы Жаңылыктар Шайлоо 17-ноябрь: студенттер үчүн – аралыктан добуш берүү

Шайлоо 17-ноябрь: студенттер үчүн – аралыктан добуш берүү

04-Ноя, 2024

КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова жана КР Билим берүү жана илим министри Д. Кендирбаева республиканын бардык жогорку окуу жайларынын, билим берүүнүн райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн, аймактык шайлоо комиссияларынын жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде билим берүү кызматкерлеринин жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессине катышуу жана Президенттин Жарлыгын аткаруу маселеси талкууланды, анда 5-пункт менен 2024-жылдын 17-ноябрындагы шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштуруу тапшырылган.

КР БШКнын төрагасы билим берүү системасы өлкөнүн саясий турмушундагы бардык ири жана маанилүү окуяларды даярдоого салттуу чоң салым кошот, шайлоо ошондойлордон болуп саналат деп баса белгиледи. Атап айтканда, бул шайлоодо 2438 шайлоо участкаларынын ичинен 1730у окуу жайларынын имараттарында жайгаштырылган, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн 60% жакыны алардын кыйла компетенттүү уюткусун түзгөн билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлери болуп саналат.

Ошентип, 84% жергиликтүү кеңештерге шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук иш-чаралар билим берүү системасынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Жогорку жоопкерчиликти жана чоң психологиялык жүктү эске алуу менен, КР БШК жетекчилери өзүлөрүнүн кызматкерлерин колдоорун, негизги функцияларын шайлоо участкаларындагы иш менен айкалыштырууга аларга мүмкүнчүлүктү камсыз кылаарын, шайлоону өткөрүү үчүн – шайлоочулар сыяктуу эле шайлоо процессин уюштуруучулар үчүн да комфорттук атмосфера түзөөрүн күтөт.

Аларды чечүүдө окуу жайларынын жетекчилеринин олуттуу жардамын талап кылган дагы бир милдет – бул аралыктан добуш берүүнү активдештирүү. Аралыктан добуш берүүнү киргизүү бир катар факторлорду, алардын ичинде – тышкы жана ички миграцияны, ошондой эле жаштардын көпчүлүгү окуу жайларынын окуучулары болуп саналышаарын, окууга байланыштуу үйүнөн алыста болушаарын жана жашаган жери боюнча шайлоого катыша алышпастыгын эске алуу менен КР Президентинин Жарлыгы менен бекемделген. Статистикалык маалыматтар боюнча азыркы убакта 318 миң кыргызстандык жаштар – студенттер, алардын ичинен 80%ы, башкача айтканда 215 миңге жакыны окуу үчүн туулган жерлеринен шаарларга кетишкен.

Иш жүзүндө бардык студенттер шайлоо курагына жетишкен жана туулган шаарларынын жана айылдарынын өнүгүшү ошого жараша болгон тандоону жасай алышмак. Алыста туруп добуш берүү мүмкүнчүлүгүн мамлекет дал ушул жаштар өлкөнүн саясий турмушунан сыртта калбашы жана өлкөнүн келечегин көрө билгендигин билдирүү үчүн уюштурду.

Кеңешменин катышуучулары аралыктан добуш берүү үчүн КР БШК тарабынан түзүлгөн шарттар тууралуу кеңири маалыматтарды алышты. Каалоочулар кабыл алуу пункттарында арыздарды калтырууга тийиш – азырынча республика боюнча алар 27, эгерде аралыктан добуш берүүнүн каалагандардын саны өссө, КР БШК кошумча пункттарды ачууга даяр. Көпчүлүк пункттар дал ошол жогорку окуу жайларында жайгаштырылган.

Аралыктан добуш берүү үчүн көптөгөн шайлоочулардын болушу күтүлүүдө, арыздарды кабыл алуунун мөөнөтү узартылды – эми арыздарды кабыл алуу пунтуна паспорту менен 6-ноябрга чейин келсе болот. Жаштарды арыздарды берүүнүн экинчи мүмкүнчүлүгү да кызыктырат – «tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» аркылуу. Аралыктан добуш берүү боюнча бардык суроолорго тез линия – 1255 телефону боюнча жооп берүүгө даяр.

Кеңешменин катышуучуларына аралыктан добуш берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана тартиби жөнүндө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды. Д. Кендирбаева жаштардын жарандык көз карашын калыптандырууда билим берүү чөйрөсү канчалык маанилүү роль ойноорун Билим берүү жана илим министрлиги менен КР БШК терең түшүнөөрүн белгиледи. Жаш шайлоочулардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн шарттарды түзүү менен, жогорку окуу жайлары КР Президентинин алдыда болуучу жергиликтүү кеңештерге активдүү катышуу тууралуу жакында шайлоочуларга кайрылган чакырыгын колдоорун белгиледи.

 

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү
10-Окт, 2026

«Маариф» окуу жайында окуучулардын шайлоо боюнча билимин жогорулатууга багытталган жолугушуу өттү

Бишкек шаарындагы «Маариф» окуу-билим берүү комплексинде 2026-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын БШКсынын алдындагы Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун өкүлдөрү 9-класстын окуучулары жана билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.Борбордун өкүлдөрү «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин директору Мехмет Черчикая менен жолугушуп, кызматташуунун келечегин, ошондой эле жаш муунду тарбиялоо, окуучулардын укуктук жана шайлоо маданиятын жогорулатуу маселелерин талкуулашты.Жолугушууга Бишкек шаарынын мектептеринин Президенттер кеңешинин өкүлдөрү Ясин Мырсабеков жана Адинай Токтобекова да катышып, окуучуларга Мектеп президенттери кеңешинин келечектеги түзүмүн тааныштырышты.Иш-чара «Маариф» окуу-билим берүү комплексинин мектеп парламентинин Президентин шайлоонун алдында өттү. Аталган шайлоо 2026-жылдын 12-октябрында болот жана ага КР БШКсынын эксперттери шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-методикалык жардам көрсөтүшөт: добуш берүү урналарын беришет, байкоочуларды тартууга көмөк көрсөтүшөт жана шайлоону уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча консультациялык жардам беришет.Жолугушуунун программасына «Шайлоо жана жаштар» аттуу видеороликти көрсөтүү жана талкуулоо, №68 орто мектеби парламентинин президентинин сөзү, суроо-жооп сессиясы, ошондой эле «Шайлоо жөнүндө эмнени билем?» аттуу викторина кирди. Викторинанын жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ЖБШТБ тарабынан эстелик байгелер менен сыйланышты. Иш-чарага жалпысынан 9-класстын 109 окуучусу катышты.Мындай жолугушууларды өткөрүү жаштардын шайлоо маданиятын жогорулатуу үчүн маанилүү. Мектеп партасынан баштап потенциалдуу шайлоочулар менен иштөө шайлоого аң-сезимдүү мамиле жасоону, ар бир добуштун баалуулугун түшүнүүнү жана өлкөнүн коомдук-саясий жашоосуна жоопкерчиликтүү катышууга даярдыкты калыптандырууга мүмкүндүк берет.
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>