Башкы Жаңылыктар «Катыш! Танда! Шайла!» маалыматтык кампаниясы Жалал-Абад жана Баткен …

«Катыш! Танда! Шайла!» маалыматтык кампаниясы Жалал-Абад жана Баткен мамлекеттик университеттеринде болуп өттү

01-Ноя, 2024

«Катыш! Танда! Шайла!» маалыматтык кампаниясынын алкагында КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова жаштардын «Жаштар Кыймылы» менен биргеликте Жалал-Абад жана Баткен мамлекеттик университеттеринин студенттери менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуулардын максаты – 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонун босогосунда жаштардын шайлоочулук активдүүлүгүн жогорулатуу.

Баткен жана Жалал-Абад облустарынын студенттерине жаңы жабдуу – шайлоо процесстерин кыйла натыйжалуу жана айкын өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан системаны беришти. Бул система 17-ноябрга дайындалган шайлоодо пайдаланылат.

Студенттерге автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) жардамы менен биометрикалык идентификациялоо жана добуштарды эсепке алуу үчүн, ошондой эле БШКнын борбордук серверинде добуш берүүнүн жыйынтыктарынын жыйындысы үчүн 2015-жылдан бери пайдаланылуучу жаңыланган жабдуунун ишин көрсөттү. Алдыда болуучу шайлоодо жаңы комбинирленген түзүлүштү киргизүү пландаштырылууда, ал биометрикалык маалыматтарды – беттин жана манжалардын тактары боюнча идентификациялоону камсыз кылуу менен бир нече аппараттарды алмаштырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Түзүлүш ошондой эле электрондук документтерди кошуп алганда, паспорттордон маалыматтарды окуйт жана идентификацияланган шайлоочулар үчүн гана бюллетендерди басып чыгарат, бул басып чыгарууга жана логистикага чыгашаларды оптимизациялайт.

Жаңылоо 2024 - 2028-жылдарга Кыргызстанды санариптик трансформациялоонун алкагында шайлоону электрондук башкаруу үчүн бирдиктүү программалык-техникалык комплексти түзүүгө багытталгандыгын белгилөө керек.

Жаштар шайлоо процессинин ачыктыгын жана айкындыгын жогорулатуу үчүн участкалар жаңыланган АЭУ жана видеокамералар менен жабдыла тургандыгын да билишти. Бардык участкалардыгы видеобайкоолор шайлоочуларга реалдуу убакыттын режиминде добуш берүүнүн жүрүшүн байкоого, эгерде алар келип чыкса, талаш-тартыш кырдаалдарды объективдүү баалоого мүмкүнчүлүк түзөт. Видеокамералар гранттык негизде берилген жана ишенимди чыңдоого жана шайлоонун инклюзивдүүлүгүнө багытталган.

Студенттер менен жолугушууларда жаштардын шайлоолорго активдүү катышуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулган. Шайлоочулардын 45%га жакынын жаш жарандар түзгөндүгүнө карабасан, ушул учурга алардын анча көп эмес бөлүгү гана шайлоо активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Ушуга байланыштуу маалымдоого жана жаштарды шайлоо процессине тартууга багытталган кампаниялар өтө маанилүү.

Жаш шайлоочулардын ыңгайлуулуктары үчүн, алардын олуттуу бөлүгү – туруктуу жашаган жеринен алыста окуган студенттер болгондуктан, Кыргызстандын БШКсы аралыктан добуш берүүгө арыздарды берүү мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты. Бул жаштардын туулган региондорун социалдык-экономикалык жана маданий өнүктүрүүнүн үстүндө иштей турган депутаттарды шайлоого алардын катышуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Жолугушуулардын катышуучуларына жергиликтүү кеңештердин талапкерлерине карата олуттуу талаптарды да түшүндүрүштү, бул алыда болуучу шайлоонун алдында өзгөчө маанилүү.

Кыргызстанда 1,7 миллиондон ашык адам 18ден 35 жашка чейинки жаш шайлоочулардын армиясын түзөт. Аларды өз кучагына алуу менен «Катыш! Танда! Шайла!» долбоору жарандык жоопкерчиликти кеңейтүүгө өбөлгө болот, бул келечектеги ийгиликтүү жана туруктуу Кыргызстандын залогу болуп саналат.







Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>