Башкы Жаңылыктар Шайлоо 17-ноябрь: Жалал-Абадда алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо …

Шайлоо 17-ноябрь: Жалал-Абадда алдыдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча штабдын жыйыны болуп ѳттү

30-Окт, 2024

30-октябрда КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө 17-ноябрга дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү.

Жыйынга КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабековареспубликалык штабдын теңтөрагасы, КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Текебаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилери, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышты.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо процессинин мөөнөттөрү жана этаптары, тиешелүү органдардын милдеттери тууралуу КР Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымат берилди.

Учурда шайлоочулардын тизмелери такталып, шайлоочулар аралыктан добуш берүүгө катталууда. Шайлоочулардын тизмеси шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги (КМБМР) маалыматтардын тактыгын камсыз кылуу максатында калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте күн сайын жаңыланып турат.

Облуста шайлоочулардын саны өскөндүгү белгиленди: эгерде 2021-жылы 680 миңге жакын адам болсо, быйылкы жылы 771 миңден ашты. Жалал-Абад шаарында чоң өзгөрүүлөр болуп, административдик-аймактык реформадан кийин 8 айыл аймагын камтыды жана ошого жараша шайлоочулардын саны дээрлик эки эсеге көбөйдү.

Административдик-аймактык реформанын натыйжасында аларда өзгөртүүлөр болушу мүмкүн болгон шайлоо комиссияларына шайлоочулардын тизмелерин түзүүгө, тактоого жана жазууга көмөк көрсөтүү ЖӨБ органдарына тапшырылды. Шайлоочулар өзүлөрү өздөрүнүн маалыматтарын 2-ноябрга чейин, участкалык шайлоо комиссияларында контролдук тизмелерди актуализациялоону 17-ноябрга чейинки убакытта тактай алышат.

Жыйында шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө маалымдалды: шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча бардык зарыл иш-чаралар, баарынан мурда участкаларды материалдык-техникалык жабдуу, аларды үзгүлттүксүз электр менен жабдуу, ошондой эле генераторлор, жылытуу, байланыш, техникалык жактан колдоо топтору үчүн автотранспорт менен камсыз кылуу жана башка маселелер көңүлдүн чордонунда болду. Шайлоо участкаларында ДМЧА үчүн шарттарды түзүүнү белгилешти: көпчүлүк участкалар пандустар менен жабдылган, Брайль шрифти менен даярдалган маалыматтык материалдар бар.

Ошондой эле ЫЧККТ алкагында шайлоо комиссияларынын укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалымат берилди, ал бул округда аймактык шайлоо комиссиясынын, прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн эсебинен түзүлгөн. Мурда ЫЧККТ мүчөлөрү өз ара аракеттенүүгө жана шайлоодо бузуулардын ар кандай түрлөрүнө, баарынан мурда шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурска каршы чара көрүү алгоритмдерине окутуу боюнча тренингден өтүштү.

Аралыктан добуш берүүнү активдештирүүнүн зарылдыгы жөнүндө айтуу менен, ушул убакта Жалал-Абад шаарында арыздарды кабыл алуучу 3 пункт иштеп жаткандыгы, аралыктан добуш берүүнү каалагандар 6-ноябрга чейин төмөнкү дарекке кайрыла алышаары белгиленди:

Б. Осмонов атындагы мамлекеттик университет (Т.Байзаков көчөсү, 25);

К.Токтомаматов атындагы эл аралык университет (Спутник кичи району, Тарсус көчөсү, 1а);

КТБ Калкты тейлөө борбору (Барпы Алыкулов көчөсү, 1).

17-ноябрда Жалал-Абад облусунда 47 жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат: 10 – шаардык жана 37 – айылдык. Административдик-аймактык реформадан кийин, анын жүрүшүндө 29 айылдык аймак башкаларга кошулду, жергиликтүү кеңештердин саны кыскарды: мурда алардын саны 76 болгон. Тиешелүүлүгүнө жараша депутаттык мандаттардын саны да кыскарды. Азыр Жалал-Абад облусу боюнча мандаттардын жалпы саны – 1197, алардын ичинен 290 – шаардык кеңеш, 907 – айылдык кенеш. Аялдар үчүн 29,7% резервделди, б.а. 356 мандат.

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>