Башкы Жаңылыктар ​Шайлоо 17-ноябрь: Ошто жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыкты талкуулашты

​Шайлоо 17-ноябрь: Ошто жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдыкты талкуулашты

30-Окт, 2024

30-октябрда 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө уюштуруу маселелерин жана материалдык-техникалык камсыз кылууну чечүүдө аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Ош облустук штабынын жыйыны болуп өттү. Шайлоонун алдындагы штабдардын жыйындары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгына ылайык өткөрүлүп жатат.

Жыйындын ишине КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Н.Шайлдабекова, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Джантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары З. Юсупов, шаардык жана райондук администрациялардын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, прокуратура, укук коргоо органдарынын, шаардык инфратүзүмдөрдүн ишканаларынын жана билим берүүнүн өкүлдөрү, аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары, КР БШКнын атайын өкүлдөрү катышты.

Ош облусу боюнча административдик-аймактык реформанын натыйжалары жөнүндө толук маалымат берилди. Эгерде реформагачейин облус боюнча 91 жергиликтүү кеңеш болсо(3 шаардык жана 88 айылдык), азыр – 61 жергиликтүү кеңеш, алардын ичинен 3 шаардык жана 58 айылдык.

Төмөнкүлөр Кара-Суу районунун курамынан чыгарылды жана Ош шаарына кошулду:

- Кызыл-Кыштак айылдык аймагы,

- Төлөйкөн айылдык аймагы,

- Нариман айыл аймагынын Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик участкалары,

- Ленин айыл аймагынын Имам-Атаучасткасы,

- Папан айыл аймагынын 1,2,3,4, Ак-Буура участкалары.

Ошентип, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоочулардын саны 84 миңден ашык адамга өстү.

КР БШКнын маалыматтары боюнча, 17-ноябрда 1,8 млн. ашык калкы бар Ош облусундашайлоо участкаларында 1 млн. ашык адамды күтөт. Шайлоо 62 жергиликтүү кеңеште (Ош шаарын кошуп алганда) өтөт, депутаттык мандаттардын саны: облуста – 1541 жана Ош ш. – 51, алардын 30% аялдар үчүн резервделгенЖергиликтүү жетекчилерге - административдик-аймактык реформанын алкагындагы бардыкөзгөрүүлөрдү дагы бир ирет текшерүү жана тактоо тапшырылды.

Бардыгы Ош облусу боюнча шайлоо процессин 1 аймактык жана 492 участкалык комиссиясы, Ош шаарында – 1 аймактык жана 102 участкалык комиссия тейлейт.

Жыйында алдыда болуучу шайлоону даярдоо, шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жабдуу боюнча иш-чаралардын планы талкууланды. Облустун бардык райондорун да шайлоого карата даярдык боюнча штабдар түзүлдү.

Материалдык-техникалык даярдыкты, жылытууну, электр менен жабдууну жана өзгөчө өзгөрүлүп турган аба ырайын эске алуу менен байланышты кошуп алганда, биринчи кезекте шайлоо участкалары тиешелүү деңгээлде камсыз кылынууга тиийиш. Бул маселелер тиешелүү органдардын жетекчилеринин борбордук деңгээлдеги контролунда турат. Ошондой болсо да облустун деңгээлинде мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн да көптөгөн милдеттер бар.

Ош облусунда бардык маселелер өз убагында чечилүүдө.

Шайлоо участкаларында ДМЧА үчүн шарттарды түзүү боюнча жакшы иштер белгиленди:көпчүлүк участкалар пандустар менен жабдылган, Брайль шрифти менен даярдалган маалыматтык материалдар бар.

Ошондой эле коопсуздук жана мыйзамдуулукту сактоо маселелери талкууланды. Аймактык шайлоо комиссияларынын жана прокуратура жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде алардын компетенциясына келип түшкөн арыздарга жана даттанууларга чара көрүү үчүн ыкчам чара көрүүнүн координациялык топтору (ЫЧККТ) түзүлгөн жана ар бир орган тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

Ош шаарын кошуп алганда, облустун бардык жерлеринде мыйзамдуулукту сактоодо шайлоо комиссиялары жана укук тартиби органдары кандай өз ара аракеттенүүгө тийиштиги жөнүндө укук коргоо органдары үчүн тренингдер жана кеңешмелер өткөрүлүп турат. Бардык нускамалар, өз ара аракеттенүү тартиби жана бузууларга чара көрүү алгоритмдери ушул кеңешмелерде берилет жана ишке ашырыла баштады.

Бүтүндөйүнөн Ош облусунда шайлоо процесси тынч өтүп жатат” деп белгиледи КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова. Бирок, добуш берүү күнүнө жакын калганда бузуулардын саны көбөйгөндүктөн кырдаалды контролдо кармап туруу маанилүү.

Аралыктан добуш берүү мөөнөтү 6-ноябрга чейин узартылгандыгы кабарланды. Ош шаарында аралыктан добуш берүү үчүн 1 участок жана аралыктан добуш берүүнү каалагандардан арыздарды кабыл алуучу 2 пункт ачылды:

- А.Навои атындагы орто мектеп (А.Масалиев көчөсү, 37);

- Ош мамлекеттик университети (Ленин көчөсү, 331);

- КТБ Калкты тейлөө борбору (Т. Касымбеков көчөсү, 8г/1).

 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>