Башкы Жаңылыктар Шайлоо 17 ноябрь: Айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо 27-октябрда …

Шайлоо 17 ноябрь: Айылдык кеңештерге талапкерлерди каттоо 27-октябрда аяктады

28-Окт, 2024

2024-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.

​Айылдык кеңештерге 5391 мандат үчүн 10081 талапкер көрсөтүлсө, анын 3717 аялдар түздү.

​Талапкерлердин көбү - өзүн-өзү көрсөткөндөр, алар республика боюнча 10 332 талапкерди түзѳт, ал эми Ысык-Көл облусунун бир Жети-Өгүз районунан партиялык тизме боюнча 107 талапкер көрсөтүлгөн.

​Алар тапшырган документтер текшерилип, 10083 адам каттоодон ѳткѳн. Ошентип, шайлоого 10 081 талапкер аттанса, анын 3 717и - аялдар.

​Эгерде облустар ​​боюнча карай келсек, 17-ноябрда айылдык кеңештин депутаттыгына ат салышчу талапкерлер боюнча статистикасы төмөнкүдөй:

 

Мандаттардын саны

Талапкерлердинсаны

Аял талапкерлердинсаны

Ош облусу

1458

2462

885

Чүй облусу

1079

2149

860

Жалал-Абад облусу

907

1791

606

Баткен облусу

552

1009

357

Нарын облусу

527

932

367

Ысык-Кѳл облусу

522

1034

370

Талас облусу

346

704

272

 

​17-ноябрда 1259 шайлоо округу боюнча 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>