Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Грузиядагы парламенттик шайлоонун мониторингине катышууда

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү Грузиядагы парламенттик шайлоонун мониторингине катышууда

26-Окт, 2024

Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү 2024-жылдын 26-октябрында өтүп жаткан Грузиядагы парламенттик шайлоонун мониторингине катышууда.

Делегациянын курамына КР БШКнын төрагасынын орун басары
Т. Шайназаров – делегациянын жетекчиси, КР БШК мүчөсү У. Жылкыбаев жана КР БШКнын аппаратынын кызматкери кирди.

Эл аралык байкоочулар үчүн брифингде Грузиянын БШКнын төрагасы Георгий Каландаришвили парламентке шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү, шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр жана жаңы технологияларды киргизүү жөнүндө маалыматберди.

2024-жылдагы парламенттик шайлоодо Грузияда электрондук добуш берүү технологиясы пайдаланылат. Шайлоочулардын 90% электрондук түзүлүштөрдүн жардамы менен добуш беришет, ошол эле убакта калган 10% салттуу кагаз бюллетендерди пайдаланышат, алар айкындуулукту камсыз кылуу үчүн санариптик формага которулат.

Жаңы шайлоо технологияларын киргизүү сегиз пилоттук долбоорду киргизгенден кийин жетишилди, алар бардыгын ичине алуучу реформаны мыйзамдуу жактырууну алууда чечүүчү роль ойноду.

Электрондук добуш берүү 3031 шайлоо участкасынын ичинен 2263 шайлоо участкасындаөткөрүлөт. Салттуу добуш берүү 58 шайлоо округундагы 768 участкада өткөрүлөт.

Шайлоону уюштуруу жана өткөрүү үчүн 3044 участка ачылган, ошондой эле 42 өлкөдө 67 шайлоо участкасы уюштурулган.

Парламенттик шайлоодо шайлоочулардын жалпы саны 3 508 294 адамды түзөт, алардын ичинен 3 113 747си электрондук технологияларды пайдалануу менен өз тандоосун жасайт.

Байкоочулар шайлоо участкаларына барышат, добуш берүүнүн жүрүшү менен таанышат, ошондой эле добуштарды эсептөө мониторингине катышат.

Маалымат иретинде:

Грузинын Парламенти 150 депутаттан турат. Пропорциялык шайлоо системасы боюнча шайланат.

Грузиянын Парламенти төрт жылдык мөөнөткө шайланган бир палаталуу мыйзам чыгаруучу орган болуп саналат.

Бул шайлоо биринчи жолу толук 2017-жылдын 26-сентябрында кабыл алынган, конституциялык түзөтүүлөр менен белгиленген пропорциялык шайлоо системасы боюнча өтүп жатат. Бул системага ылайык бардык депутаттар 5% босого менен бирдиктүү көп мандаттуу шайлоо округдарынан шайланат. 

Урматтоо менен,

КР БШКнын Басма-сөз кызматы

+ 996 312 66 54 52

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-октябрда өз жыйынында Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.   Жайыл районунун Ак-Башат айылдык кеңешинин депутаты Таштанбеков Кайрат Таштанбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Кадыркулов Данияр Асылбековичке өткөрүлүп берилди; *  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Мырсаканова Астра Шадыбековнага өткөрүлүп берилди;   •  Сокулук районунун Гавриловка айылдык кеңешинин депутаты Артыкбек уулу Нуртилектин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Таалайбек Асаналиевичке өткөрүлүп берилди; * Өзгөн шаардык кеңешинин депутаты Ураимова Махаёохон Махамаджановнанын (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Усманова Екутхан Халдаралиевнага (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан)  өткөрүлүп берилди;* Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылдык кеңешинин депутаты Калдыбаев Адилбек Арзыматовичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду;* Ноокат районунун Зулпуев айылдык кеңешинин депутаты Абдикеримов Үсөн Аскарбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду; * Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин депутаты Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Орунбекова Айымкан Кадыралиевнага  өткөрүлүп берилди;   * Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинин депутаты Куниева Динара Анарбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Курмантаев Нурдин Туралиевичке өткөрүлүп берилди;   * Айтматов районунун Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаты Суюнтбеков Фархад Маратовичтин ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Чормонов Эрдос Төлөгөновичке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>