Башкы Жаңылыктар Шайлоо 2024: Аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу …

Шайлоо 2024: Аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу үчүн 27 пункт ачылды

24-Окт, 2024

Борбордук шайлоо комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү каалаган шайлоочулардын арыздарын кабыл алуу үчүн пункттар ачык экенин билдирди.

​Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн калкка кошумча шарттар түзүлүүдө. Аралыктан добуш берүүнү каалагандар 2024-жылдын 1-ноябрына  чейин төмөндө көрсөтүлгөн даректерге кайрылышы керек.

​Кошумча арыздарды кабыл алуу пункттары жогорку окуу жайларынын имараттарында уюштурулган:

№

Шаар

Жогорку окуу жайынын аталышы

Аралыктан добуш берүүгѳ арыздарды кабыл алуу пункттарынын даректери

1

Бишкек

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

Бишкек ш., Ч.Айтматов проспектиси,27

2

Бишкек

И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

Бишкек ш., И.Ахунбаев кѳч., 92

3

Бишкек

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Бишкек ш., Раззаков кѳч., 51

4

Бишкек

Туризм академиясы

Бишкек ш., Чүй проспектиси, 99.

5

Ош

Ош мамлекеттик университети

Ош ш., Ленин кѳч., 331

6

Баткен

Баткен мамлекеттик университети

Баткен ш., И.Жусупов кѳч., №21

7

Жалал-Абад

К.Токтомаматов атындагы эл аралык университет

Жалал-Абад ш., Спутник к/ш, Тарсус кѳч., 1 а

8

Каракол    

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Ысык-Кѳл юридикалык институту

Каракол ш., К.Тыныстанов кѳч., 46

9

Нарын

Жаштар үйү

Нарын ш., Ленин кѳч., 76

10

Талас

Талас мамлекеттик университети

Талас ш., Нуржанов кѳч., 25 а.

Мындан тышкары, туруктуу катталган жери боюнча добуш бере албаган шайлоочулар жети шаардын Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) төмөнкү даректер боюнча кайрылып, аралыктан добуш берүү үчүн арыз берүү мүмкүнчүлүгү бар:

• Бишкек ш., Чокан Валиханов кѳч., 2;
• Ош ш., Касымбеков кѳч., 8г/1;
• Нарын ш., Ленин кѳч., 39;
• Жалал-Абад ш., Барпы Алыкулов кѳч., 1;
• Каракол ш., Гебзе кѳч., 124;
• Баткен ш., Мурат Салихов кѳч., 33/1;
• Талас ш., Дзержинский кѳч., 28.
 

№

Шаар

ВУЗ

Адрес 

1

Бишкек

В главном корпусе КГНУ

г. Бишкек, ул. Фрунзе, 547

2

Бишкек

В здании районной администрации

г. Бишкек, ул. Байтика Баатыра, 17, зал детского музыкального театра «Таберик» со стороны ул. Медерова

3

Бишкек

В Республиканской библиотеке для детей и юношества им.К.Баялинова

г. Бишкек, ул. Огонбаева, 242

4

Бишкек

В здании Театра оперы и балета им. А.Малдыбаева

г. Бишкек, ул. Абдрахманова, 167

5

Ош

В средней школе им. А.Навои

г. Ош, ул. Масалиева, 37

6

Баткен

В средней школе им. Ж.Боконбаева

г.Баткен, ул. Ж.Момунова,16

7

Жалал-Абад

В здании Жалал-Абадского государственного университета им. Б.Осмонова

г. Жалал-Абад, ул. Т.Байзакова 25

8

Каракол

В здании государственного университета им. К.Тыныстанова

г. Каракол, ул. Абдрахманова, 130

9

Нарын

В здании аппарата полномочного представителя Президента КР в Нарынской области

г. Нарын, ул. Ленина, 76

10

Талас

В областной библиотеке им. А.Токтогулова

г. Талас, ул. Ч.Айтматова 353

Бардык суроолор боюнча 1255 ишеним телефонуна чалыңыз

КАЙСЫ ЖЕР ЫНГАЙЛУУ БОЛСО, ОШОЛ ЖЕРДЕ ДОБУШ БЕРГИЛЕ!

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>