Башкы Жаңылыктар «Үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери» боюнча ММК семинары

«Үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери» боюнча ММК семинары

23-Окт, 2024

2024-жылдын 22-октябрында КР Борбордук шайлоо комиссиясы «Үгүт иштерин жүргүзүүнүн эрежелери» темасында онлайн-семинар өткөрдү. Иш-чаранын максаты – үгүттүн уруксат берилген формалары жана үгүт кампанияларын жөнгө салуучу укуктук ченемдер боюнча катышуучулардын маалымдуулугун жогорулатуу. Семинарга үгүттөө жана маалымат берүү ишинде этика маселелери маанилүү болгон, шайлоо процесстерине катышкан медиа өкүлдөрү катышты.

Семинар үгүттүн формалары жана ыкмалары, салттуу жана санариптик байланыш каражаттарын колдонуу, ошондой эле үгүт эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик жана укуктук чектөөлөр боюнча негизги темаларды камтыды.

Программада медиакеңешчи Авланбек Жумабаевдин семинардын максаттары жана милдеттери тууралуу баяндамасы, ошондой эле КР БШКнын төрагасынын кеңешчиси Айнура Темирбекованын сөзү каралган. Негизги спикер катары КР БШКнын мүчөсү жана маалымат, арыздарды жана даттанууларды кароо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев сүйлөдү. Ал үгүт учурунда этикалык нормаларды сактоо жана эрежелерди бузгандардын укуктук кесепеттери тууралуу кеңири маалымат берди.

Семинардын негизги темаларына шайлоочулар менен түз байланыш, интернетте жана социалдык тармактарда үгүт жүргүзүү, административдик ресурсту колдонууга тыюу салуу, ошондой эле ЖМКлардын нейтралдуулугу боюнча талаптар кирди. Катышуучулар суроо-жооп сессиясынын алкагында өз суроолорун бере алышты.

«Говори.тв» мультимедиялык басылмасынын жетекчиси Кайыргүл Урумканова социалдык тармактарды активдүү колдонуучулардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу сунушун айтты. Ага жооп катары Узарбек Жылкыбаев КР БШКнын бул багыттагы иштери, анын ичинде медиа өкүлдөрү менен өткөрүлгөн төрт жолугушуусу, алардын экөө блогерлер менен өткөрлүгөндүгү тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле, лидерлик позицияда турган коомдук ишмерлер менен өз ара байланыш каналы түзүлүп, 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген КР жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого катышкан саясий партиялар менен Меморандумга кол коюлгандыгы жөнүндө маалымдады.

Медиакеңешчи Авланбек Жумабаев жогоруда аталган Меморандумда белгиленген милдеттер боюнча социалдык тармактардагы үгүт эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөй турган, шайлоого даярдануу жана өткөрүү учурунда социалдык тармактарды мониторинг кылуу боюнча кеңеш түзүлгөндүгү тууралуу айтты.

Блогер Тасиль Токтосунова саясий партиялар менен талапкерлерге массалык ЖМКлар тарабынан акысыз эфирдик убакыт жана аянтчалар берилиши боюнча суроо берип, спикерлерден толук жооп алды.

Семинар 1,5 саатка созулду. Онлайн-формат ар бир катышуучуга учурдагы маалыматтарды жана консультацияларды жумуштан же үйдөн чыкпай эле алуу мүмкүнчүлүгүн берди. КР БШКнын маалымат бөлүмү медиа өкүлдөрүн үгүт кампанияларын жүргүзүү боюнча билимдерин тереңдетүү жана шайлоо процессинде каталарга жол бербөө үчүн кийинки семинарларга катышууга чакырат.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты
20-Ноя, 2026

КР БШК өкүлдөрү Чүй облусунун мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен Президенттик шайлоого даярдык маселелерин талкуулашты

2026-жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу болуп өттү.Жолугушууга КР БШК төрагаларынын орун басарлары Л. Лурова жана Р. Жакышов, БШКнын мүчөсү М. Темирбаева, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. Кыштобаева катышып, иш-чараны биргеликте өткөрүштү.Жолугушууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана облустагы шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү да катышты.Л. Лурова катышуучуларга облуста шайлоого даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал календардык планда белгиленген иш-чараларды өз мөөнөтүндө аткарууга, шайлоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, ошондой эле шайлоо комиссияларынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен натыйжалуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл бурду.Р. Жакышов шайлоо мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр, жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого катышуусунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана жаңыланган шайлоо технологиялары тууралуу маалымат берди.Ал эми майыптыгы бар шайлоочулардын жана жарандардын айрым категорияларынын шайлоо укуктарын өркүндөтүү жана ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жетекчиси М. Темирбаева шайлоо участкаларынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды тааныштырды.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү
20-Ноя, 2026

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо чет өлкөлөрдө алгачкы 74 шайлоо участогун түздү

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттердин аймагында 74 шайлоо участогун түзүү жөнүндө чечим кабыл алды. Учурда шайлоо участокторун ачуу боюнча иштер улантылууда.Мындай чечим 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоодо чет өлкөлөрдө жашап же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу максатында кабыл алынды.Азыркы учурда алардын эң көбү - 20 шайлоо участогу Россия Федерациясында түзүлдү. Түркия жана Казакстанда 6дан, АКШда 5 шайлоо участогу ачылды.Корея Республикасында жана Италияда 3төн шайлоо участогу иштейт. Өзбекстанда, Германияда, Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында 2ден шайлоо участогу түзүлдү.Калган 23 шайлоо участогу башка өлкөлөрдө, анын ичинде Австрияда, Чехияда, Словакияда, Польшада, Улуу Британияда, Беларуссияда, Литвада, Венгрияда, Бельгияда, Францияда, Швейцарияда, Сауд Арабиясында, Кувейтте, Катарда, Египетте, Азербайжанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Малайзияда, Пакистанда, Индияда, Японияда жана Монголияда уюштурулду.Ошентип, бүгүнкү күнгө карата 33 мамлекетте шайлоо участоктору түзүлдү.Добуш берүү күнүнө чейин чет өлкөлөрдө кошумча шайлоо участокторун ачуу пландаштырылууда. Алардын саны жана даректери тууралуу маалымат кошумча жарыяланат.Түзүлгөн шайлоо участокторунун актуалдуу тизмеси жана алардын даректери менен бул жерден таанышууга болот:
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүнкү жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады.Айдакеева Бегимай Кувандыковна Масалиев Исхак Абсаматовичтин финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады
20-Ноя, 2026

КР БШКсы "Сезим" фондунан коомдук байкоочуну каттады

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-ноябрда «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө чечим кабыл алды.Борбордук шайлоо комиссиясына «Сезим» майыптыгы бар адамдардын коомдук фондунан 2026-жылдын 16-ноябрында келип түшкөн билдирүүнүн негизинде Майнаев Камилжан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде Ош облусунун аймагындагы бардык шайлоо комиссияларында коомдук байкоочу болуп катталды.Катталган коомдук байкоочуга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Кененирээк билүү >>