Башкы Жаңылыктар КР БШК мүчөcү Женевада «БУУ ЕЭК региондо гендердик …

КР БШК мүчөcү Женевада «БУУ ЕЭК региондо гендердик теңчиликти тездетүү боюнча Пекиндин 30 жылдык милдеттенмелеринин обзору» «Пекин+30» регионалдык обзордук кеңешмеге катышты

23-Окт, 2024

2024-жылдын 21-22-октябрында КР БШКнын мүчөсүА. Дубанбаева Кыргыз Республикасынын делегациясынынкурамында Женевада «БУУ ЕЭК региондо гендердиктеңчиликти тездетүү боюнча Пекиндин 30 жылдыкмилдеттенмелеринин обзору» «Пекин+30» регионалдыкобзордук кеңешмеге катышты.

Иш-чаранын ующтуруучусу – Бириккен УлуттарУюмунун Европа экономикалык комиссиясы (БУУ ЕЭК) жана Европа жана Борбордук Азия үячүн «БУУ-аялдар» Түзүмүнүн регионалдык бөлүмү (ECARO) болуп саналат.

Кеңешме төмөнкү маселелерди талкуулоогобагытталган:

• Акыркы беш жылда Пекин декларациясын жана БУУ ЕЭК региондо Аракеттердин платформасын ишкеашыруудагы прогрессти баалоо.
• Гендердик теңчиликке жетишүү жана аялдардынукуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүнзарыл болгон учурдагы жана келип чыкканкөйгөйлөрдү, алдыңкы тажрыйбаны, үйрөнүлгөнсабактарды жана артыкчылыктуу аракеттерди кароо, бул Туруктуу өнүктүрүү максаты (ТӨМ) 5 «Гендердиктеңчилик» жана башка бардык ТӨМ кошуп алганда, 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүктүрүүжаатындагы күн тартибин толук ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
• Гендердик теңчиликке жетишүү жана аялдардынукуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүнинновациялык мамилелерди жана алдыңкы практиканыкошуп алганда, саясаттын жана стратегиянынварианттарын үйрөнүү үчүн мүчө-мамлекеттер жанакызыкдар тараптар үчүн платформаны сунуштоо.
• Пекин декларациясында жана Аракеттердинплатформасында кабыл алынган милдетенмелердиаткарууну тездетүү боюнча артыкчытыктуу аракеттарбоюнча регионалдык консенсуска жетишүү.
• Аялдардын абалы боюнча комиссиянын 69-сессиясы үчүн регионалдык салымдарды бириктирүү, ал Пекин декларациясынын жана Аракеттердинплатформасынын жана Башкы Ассамблеянын 23-атайын сессиясынын жыйынтыктарынын ишкеашырылышын кароого жана баалоого багытталган.

Конференцияга жогорку даражалуу кызмат адамдарыжана тиешелүү министрликтердин, БУУ агенттиктеринин, регионалдык мекемелеринин жана уюмдарынын, жарандыккоомдун уюмдарынын, жаштар уюмдарынын, илимийчөйрөлөрдүн өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер жанаБУУ ЕЭК бардык региондорунан башка кызыкдар тараптаркатышты.

Маалымат иретинде:

Пекин декларациясы жана Аракеттердинплатформасы Пекин, Кытай шаарында болуп өткөнАялдардын абалы боюнча төртүнчү Бүткүл дүйнөлүкконференциянын жүрүшүндө 189 өлкөнүн делегаттарытарабынан 1995-жылдын 15-сентябрында кабыл алынган. Пекин декларациясы – бул эл аралык декларация, ал ырастап тургандай эле Аялдарга карата басмырлоонунбардык формаларын жоюу боюнча Конвенцияга (CEDAW)таянат. Пекин декларациясы глобалдуу аялдаркыймылындагы маанилүү учур болуп эсептелет, аялдардынукуктарын ишке ашыруунун «планы» болуп саналат, ал теңсиздикти адам укуктарын жана аялдардын укуктарын, гендердик теңчиликти, тынчтыкты жана коопсуздуктужана жакырчылыктан боштондукту толук ишке ашырууүчүн негизги бөгөт болуучу фактор катары аныктайт.

Пекин декларациясы өкмөттүк эмес уюмдарды жанажеке секторду кошуп алганда, өкмөттү, эл аралыккоомдоштукту жана жарандык коомду стратегиялыкчараларды көрүүгө чакырат.

Кайра жаратуучулук өзгөрүүлөр үчүн негиз салуучунегиз катары Платформа аялдарга карата баарын ичинекамтыган төмөндөгү жааттагы 12 маанилүүмилдеттенмелерди, атап айтканда: жакырчылык, билимберүү жана кесиптик даярдоо, саламаттыкты сактоо, зомбулук, куралдуу конфликтер, экономика, бийлик жанакабыл алынган чечимдер, институционалдык механизмдер, адам укуктары, жалпыга маалымдоо каражаттары, курчап турган чөйрө жана кыздар көйгөйлөрүн баяндайт.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>