Башкы Жаңылыктар Региондордо жана Бишкекте укук коргоо органдарынын 300дөн ашык …

Региондордо жана Бишкекте укук коргоо органдарынын 300дөн ашык кызматкери Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун (ЫЧККТ) алкагында шайлоо боюнча окуудан өтүштү

21-Окт, 2024

Коопсуздук, ички иштер жана прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн «2024-жылдын 17-ноябрындагы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун мезгилинде шайлоо мыйзамдарынбузууларга чара көрүүдө укук коргоооргандарынын ролу» темасында окутуучутренингдердин цикли Бишкекте ушундай семинар өткөрүү менен
19-октябрда аяктады.

  • укук коргоо органдарынын 50 кызматкери окуудан өттү, ал эми бүткүл республика боюнча ЫЧККТ алкагында бардыкобластарда жана Бишкек шаарында 8 тренинг өткөрүлдү. Жалпы жонунан 300дөн ашык укуккоргоочу окуудан өттү.

Тренингдер ОБСЕ Программалык офисининколдоосу астында Башкы прокуратура, УКМК жанаИчки иштер министрлиги менен биргеликтеБорбордук шайлоо комиссиясы тарабынанаймактык шайлоо комиссиялары жана регионалдыкукук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн уюштурулду. Бул иш-чараалардын максаты –Ыкчам чара көрүү координациялык топторунун(ЫЧККТ) мүчөлөрүн 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештерге шайлоонунубагында шайлоо мыйзамдарынын нормаларынбузууларга өз убагында чара көрүүгө окутуу.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү Т. Атабаев, А. Арманбеков, ИИМ өкүлдөрү С. Макилов, М. Ажыгулов, Б. Капалов, Т. Касымакуновмашыктыруучу катары окуу өткөрүштү.

Бишкектеги семинардын ишине КР БШКнынтөрагасы
Н. Шайлдабекова, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй областтарындагы семинарларга – КР БШКнын төрагасынын орун басары
Т. Шайназаров катышты.

Семинарларда – КР БШКнын мүчөлөрү, машыктыруучулар, ИИМ, УКМК жана Башкыпрокуратуранын адисттери азыркы жергиликтүүкеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрү, шайлоомыйзамдарын бузуулар үчүн жоопкерчилик, ошондой эле шайлоо мыйзамдары чөйрөсүндөгү даттанууларды каттоонун жана кароонун тартибижана алдыда болуучу шайлоонун жүрүшүндө кылмыштар жана укук бузуулар боюнча соткочейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруу тууралууайтып беришти.

 

Укук бузууларды табууда иш-аракеттердиналгоритми, шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде добуштарды сатып алууга, административдик ресурстарды пайдалануугакаршы аракеттенүү боюнча чаралар жана ушундайбузуулар үчүн жоопкерчилик талкууланды.

Семинарларда шайлоонун жүрүшүндө бузууларды квалификациялоо, алар үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү, үгүт процессинде мыйзамдуулукту сактоо, ошондой эле добуш берүү күнү шайлоо участкаларындакоопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуумаселелери да талкууланды.

Тренингдер практикалык тапшырмалардыкамтыды, аларда шайлоо мыйзамдарынбузуулардын ар кандай түрлөрү жана юридикалыкжоопкерчиликти колдонуунун тартибитериштирилди.

  • коргоо органдарынын шайлоокомиссиялары менен өз ара аракеттенүүсүнүн тартибин талкуулоодо шайлоо процессининмыйзамдуулугун жана анын коопсуздугун камсызкылууга тартылгандардын баарысынын иш-аракеттери бир түрдүү жана мыйзам мененбелгиленген компетенцияларынын алкагында ганаболушу керектиги сунуштамаланды.

Шайлоонун саясий мүнөзүн көңүлгө алууменен, бардык талапкерлер үчүн тең шарттардыжана иш жүзүндө өз ара аракеттенүүдө аларга тең мамилелерди түзүү зарыл. Бузуулардын олуттуулукдаражасынын жана алар боюнча көрүлүүчүчаралардын шайкештигине өзгөчө көңүл буруукерек.

Шайлоо процессинин кыска мөөнөтүүлүк фактору да маанилүү болуп саналат, башкачаайтканда бузууларды кароо боюнча аракеттерыкчам жана кыска мөөнөттө жүргүзүлүшү керек: мыйзамда буга 3-5 күн берилет. Мыйзамдуулуктукамсыз кылуу боюнча чараларды көрүп жатып, шайлоонун бирден бир башкы принциби – алардыначыктуулугу экени тууралуу эстөө маанилүү. Булдемек шайлоонун жүрүшүндө бузууларды карооачык жана айкын болуш керек дегенди түшүндүрөт.

Мыйзам ар бир бузуу боюнча көрүлүп жатканчаралар жөнүндө ыкчам маалымат алмашуунунжүзөгө ашырылышын талап кылат, ал эми аныкаттоо, кароонун жүрүшү, кабыл алынган чечимдерУкук бузуулардын жана жосундардын бирдиктүү реестринде (УБЖБР), БШК сайтында токтоосузчагылдырылууга тийиш.

Тренингдердин катышуучулары жарандардынукуктарын толук кандуу ишке ашырууну камсызкылуу боюнча чаралар таасир көрсөтүүнүн административдик жана башка факторлорусуз эрк-ниетин эркин билдирүүнүн атмосферасындажүзөгө ашырылууга тийиштигине макулдугунбилдиришти.

БШКда ЫЧККТ катчылыгы күчөтүлгөн режимде иштеп жатат, анын милдетине бузууларжөнүндө даттанууларды жана арыздарды кабылалуу жана каттоо, компетенциясы боюнчатиешелүү органга материалдарды өткөрүп берүү, андан ары чечимдерди кабыл алуунун жүрүшүнүн мониторинги жана УБЖБР жана БШК сайтында чагылдыруу кирет.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>