Башкы Жаңылыктар Шайлоо 17 ноябрь: Ѳзүңүзгѳ ыңгайлуу жерде добуш бериңиз! …

Шайлоо 17 ноябрь: Ѳзүңүзгѳ ыңгайлуу жерде добуш бериңиз! Баары аралыктан  добуш берүү жөнүндө

24-Окт, 2024

         Учурда республика боюнча шайлоо комиссиялары аралыктан добуш берүүнү каалагандарды активдүү каттоодо. Алар - туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочулар.  Мындай мүмкүнчүлүк шайлоо мыйзамдарына киргизилген соңку  өзгөртүүлөрдѳн жана толуктоолордон соң пайда болду.

            2024-жылдын 1-ноябрына чейин аралыктан добуш берүүнү каалагандар:

• каалаган аймактык же участкалык шайлоо комиссиясына (же убактылуу жүргѳн жериңиз боюнча же туруктуу жашаган жериңиз боюнча) кайрылуу керек;

• добуш берүүгө ниеттенген аралыктагы участкалык комиссияга кайрылуу керек (даректерди төмөндө караңыз);

• «Tizme.gov.kg» сайтында «Шайлоочунун кабинети» кызматы аркылуу ЭЛЕКТРОНДУК АРЫЗ берсе болот.

“Tizme.gov.kg” сайты “Шайлоочунун кабинети” кызматы аркылуу авторлошуунун 2 вариантын сунуштайт (иш-аракеттердин ырааты камтылган тиркеме, төмөндө караңыз):

а) FACEID бетинин биометриясы боюнча;

б) ID-картанын маалыматтарын, QR же электрондук кол тамганы колдонуу менен.

Аралыктан добуш берүү үчүн шайлоо участкаларынын даректери:

 Бишкек:

Ленин району - Кыргыз улуттук университетинин имаратынын башкы корпус ( Фрунзе кѳч., 547);

Октябрь району - Октябрь райондук администрациясынын имараты, (Байтик баатыр көчөсү, 17, балдардын “Таберик” музыкалык театрынын залы);

Биринчи Май району -  К.Баялинов атындагы республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасынын имараты (Огонбаев көчөсү № 242);

Свердлов району - А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты (Ю.Абдрахманов көчөсү №167);

Ош: А.Навои атындагы орто мектебинде (Масалиева көч., 37);

Баткен: Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде (Ж.Момунов көч., 16);

Жалал-Абад: Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин имаратында (Т.Байзаков көч., 25;

Каракол: К. Тыныстанов атындагы  Мамлекеттик университеттин имаратында (Тыныстанов көч., 26);

Нарын: Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын имаратында (Ленин көч., 76);

Талас: А.Токтогулов атындагы облустук китепканада (Ч.Айтматов көч. 353).

“Шайлоочунун кабинети” сервиси аркылуу аралыктан добуш берүүгө катышууга арыз берүү боюнча иш-аракеттердин ырааты:

1-кадам. https://tizme.gov.kg/ сайтына кирүү;

2-кадам. “Шайлоочунун кабинетине” ѳтүү;

3-кадам.  Белгиленген тартипте бирдиктүү идентификациялоо жана аутентификациялоо системасы (электрондук колтамга,  ID-карта, QR)   же FACEID беттин биометрикасын колдонуу менен   авторлошуудан ѳтүү керек. Андан кийин      "Кирүү" кнопкасын  басуу зарыл.

4-кадам. Системага киргенден кийин “Аралыктан  добуш берүүгө катышууга арыз берүү” бөлүмүнө өтүп, “Арыз берүү” кнопкасын басуу керек.

“Шайлоочунун кабинетинде”  тиешелүү идентификаторлор (ПИН, паспорттун номери жана сериясы) киргизилгенде шайлоочунун жеке маалыматтары автоматтык түрдө толтурулат.

5-кадам. Андан кийин «Дайындалган шайлоолор» бөлүмүндө жергиликтүү кеңештин түрүн (шаар же айыл) тандап, «Андан ары» кнопкасын басуу керек.

6-кадам. Кийинки  терезени ачканда,  милдеттүү талааны толтуруу сунушталат:

         - “Аралыктагы  УШК” графасында  тиешелүү АДБ УШКны тандоо керек;

         - электрондук почта;

         - телефон номери;

         - жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук. 

Эгерде шайлоочу жеке маалыматтарды чогултууга жана иштетүүгө макулдук берүүдөн баш тарткан учурда, Шайлоочунун кабинетине  арыз берүү мүмкүнчүлүгүнѳ жол берилбейт. 

 7-кадам. "Ырастоо" кнопкасын баскандан кийин,  арыз берүү жол-жоболору аяктайт. 

КАЙСЫ ЖЕР ЫҢГАЙЛУУ БОЛСО, ОШОЛ ЖЕРДЕ ДОБУШ БЕРИҢИЗ!

 

 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>