Башкы Жаңылыктар Шаарларда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо: 39 партия 5119 …

Шаарларда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо: 39 партия 5119 талапкерди көрсөттү

09-Окт, 2024

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруучулук-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык партиялар тарабынан шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү аяктады.

39 саясий партия 33 шаардык кеңештин депутаттыгына 188 талапкердин тизмесин көрсөттү. Жалпысынан 188 талапкерлердин тизмесинде бардыгы болуп 993 мандат үчүн шаардык кеңештин депутаттыгына 5125 талапкер көрсөтүлгөн, анын ичинен 3281 - эркектер, 1838 - аялдар, бул 35,91% түзөт.

Эң көп – 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргон шаарларында катышууда;

Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия катышууда;

Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарларында 3 партиядан катышууда;

Башка шаарларда 4төн 8ге чейин партия бар.

Шайлоого жалпысынан 39 партия катышууда, мында :

“Ынтымак” партиясы 32 шаарда (бардык шаарларда, Жалал-Абад шаарынан тышкары) шайлоого катышат

«Жаңы Кыргызстан» партиясы – 30 шаарда (Бишкек, Кемин жана Орловкадан башка).

“Ишеним” партиясы -15 шаарда.

«Эмгек» партиясы -14 шаарда.

«Адилет» партиясы -12 шаарда.

Социал-демократиялык партия - 11 шаарда.

“Бирге – Вместо” партиясы- 9 шаарда.

“Эл биримдиги” партиясы – 9 шаарда.

“Эл үмүтү” партиясы – 7 шаарда.

“Ыйман Нуру” партиясы -6 шаарда.

«Мурас» партиясы — 5 шаарда.

“Мекендеш” партиясы - 4 шаарда.

“Энергетик” жана “Замандаш” партиялары – 3 шаарда.

“Таза Коом”, “Ордо”, “Милдет”, “Эл Аман” партиялары – 2 шаарда.

21 партия бирден талапкердин тизмесин көрсөттү, алар: “Коммунисттер партиясы”, “Уулу Журт”, “Жаңы Доор”, “КЭДП”, “Калк ынтымагы”, “Ала-Тоо кыргыз жери”, “Жаңы күч – Новая сила”, “ Элдик” Кыймыл”, “Патриот Ынтымагы”, “Жаштар”, “Тынчтык”, “Эркин Эл”, “Бир Бол”, “Биздин Келечек”, “Ата-Мекен”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак-Нур-Келечек”, “Таза-Булак”, “Адилдеттүү Кыргызстан”, “Улуу Кыргызстан”, “Аманат элдик социалисттик партиясы”.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 53-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алган күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү тартибинин мыйзамдын талаптарына ылайык келүүсүн текшерет жана талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө чечим кабыл алат же андан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечим чыгарат.

Көрсөтүлгөн текшерүү анын ичинде мыйзамдар менен бекитилген ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат. Мында шайлоо комиссиясы документтерде талапкерлерди каттоо үчүн тоскоолдук болуп саналган толук эместиктерди жана (же) ылайык келбестиктерди тапса, шайлоо комиссиясы документтер алынгандан кийин 48 сааттын ичинде талапкерге бул ылайык келбестиктер жөнүндө кабарлоого милдеттүү. Саясий партия маалымдоо алынган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерин тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.

 

Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо күнүнө 30 календардык күн калганда, 2024-жылдын 18-октябрына чейин аяктайт.

 

Шаардык кеңештердин аталыштары, мандаттардын саны

С/п саны

Партиянын аталышы

Саясий партиялардын тизмеси

  1.  

Бишкек

51 мандат

7

Эл Үмүтү, Социал-демократ, Жаңы Күч, Адилет, Ынтымак, Уулу Журт, Эмгек

Кененирээк

  1.  

Ош

51 мандат

5

Жаңы Кыргызстан, Бир Бол, Мурас, Ынтымак, Милдет

Кененирээк

  1.  

Токмок

41 мандат

5

Эл биримдиги, Адилет, Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Ыйман Нуру

Кененирээк

  1.  

Кант

31 мандат

9

Жаңы Кыргызстан, Социал - демократ, Ордо, Эл Үмүтү, Бирге – Вместе, Ынтымак, Ишеним, Эмгек, Калк Ынтымагы

Кененирээк

  1.  

Кемин

21 мандат

7

Эмгек, Адилет, Социал-демократ, Замандаш, Патриот Ынтымагы, Ишеним, Ынтымак

Кененирээк

  1.  

Кара-Балта

31 мандат

9

Ордо, Ынтымак, Жаңы Кыргызстан, Бирге – Вместе, Ыйман Нуру, Эл Биримдиги, Ишеним, Эл Аман, Партия коммунистов

Кененирээк

  1.  

Орловка

21 мандат

4

Замандаш, Адилет, Эмгек, Ынтымак

Кененирээк

  1.  

Шопоков

21 мандат

5

Адилет, Ынтымак, Жаңы Кыргызстан, , Бирге – Вместе, Социал-демократ,

Кененирээк

  1.  

Каинды

21 мандат

6

Жаңы Кыргызстан, Бирге – Вместе, Ишеним, Эл Аман, Ынтымак, Эл биримдиги

Кененирээк

  1.  

Ѳзгѳн

31 мандат

5

Жаңы Кыргызстан, Эл биримдиги, Социал -демократ, Ынтымак, Ыйман Нуру

Кененирээк

  1.  

Ноокат

21 мандат

4

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Эмгек, Мекендеш

Кененирээк

  1.  

Кара-Суу

31 мандат

4

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Эмгек, Эл биримдиги

Кененирээк

  1.  

Баткен

31 мандат

5

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Эмгек, Ала-Тоо Кыргыз жери, Ыйман Нуру

Кененирээк

  1.  

Раззаков

31 мандат

8

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Мурас, Мекендеш, Эл Үмүтү, Адилет, Ишеним, Милдет

Кененирээк

  1.  

Кызыл-Кыя

31 мандат

5

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, НДПК, Таза Коом, Ишеним

Кененирээк

  1.  

Сүлүктү

31 мандат

8

Таза Коом, Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Жаны Доор, Мурас, Адилет, Ыйман Нуру, Мекендеш

Кененирээк

  1.  

Кадамжай

21 мандат

6

Ишеним, Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Социал-демократ, Элдик Кыймыл, Эмгек

Кененирээк

  1.  

Айдаркен

21 мандат

3

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Ишеним

Кененирээк

  1.  

Жалал-Абад

41 мандат

3

Жаңы Кыргызстан, Адилет, Эмгек

Кененирээк

  1.  

Таш-Кѳмүр

31 мандат

4

Ишеним, Жаштар, Жаңы Кыргызстан, Ынтымак

Кененирээк

  1.  

Токтогул

31 мандат

9

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Эл Үмүтү, Тынчтык, Эркин Эл, Бирге Вместе, Эмгек, Энергетик, Ишеним

Кененирээк

  1.  

Базар-Коргон

31 мандат

9

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Адилет, Биздин Келечек, Эл биримдиги, Замандаш, Бирге-Вместе, Ишеним, Ата-Мекен

Кененирээк

  1.  

Кербен

31 мандат

5

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Ишеним, Бутун Кыргызстан, Адилет

Кененирээк

  1.  

Кѳк-Жаңгак

21 мандат

3

Жаңы Кыргызстан, Ак-Нур-Келечек, Ынтымак

Кененирээк

  1.  

Шамалдуу-Сай

21 мандат

6

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Бирге-Вместе, Ишеним, Эл биримдиги, Энергетик

Кененирээк

  1.  

Кара-Кѳл

31 мандат

6

Жаңы Кыргызстан, Таза-Булак, Энергетик, Мекендеш, Ынтымак, Эмгек

Кененирээк

  1.  

Кочкор-Ата

21 мандат

3

Жаңы Кыргызстан, Эл биримдиги, Ынтымак

Кененирээк

  1.  

Майлуу-Суу

31 мандат

3

Жаңы Кыргызстан, Эл биримдиги, Ынтымак

Кененирээк

  1.  

Балыкчы

31 мандат

8

Жаңы Кыргызстан, Эл Үмүтү, Ынтымак, Эмгек, Социал-демократ, Ишеним, Мурас, Адилеттүү Кыргызстан

Кененирээк

  1.  

Чолпон-Ата

31 мандат

7

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Эмгек, Адилет, Социал-демократ, Уулу Кыргызстан, Мурас

Кененирээк

  1.  

Каракол

41 мандат

5

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Эмгек, Ыйман Нуру, Бирге-Вместе

Кененирээк

  1.  

Нарын

31 мандат

6

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Адилет, Эл Үмүтү, Ишеним, Социал-демократы

Кененирээк

  1.  

Талас

31 мандат

6

Жаңы Кыргызстан, Ынтымак, Аманат, Эл Үмүтү, Бирге-Вместе, Социал-демократы

Кененирээк


 

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>