Башкы Жаңылыктар Кулактандыруу! КР БШК аймактарда айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкер …

Кулактандыруу! КР БШК аймактарда айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкер аялдар үчүн окууларды өткөрөт

09-Окт, 2024

Урматтуу жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер аялдар, жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга ниеттенген жергиликтүү кеңештердин учурдагы аял депутаттары!

2024-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын калкынын саны 7 161,9 миллион адамды түзөт, анын - 3 619 035 аялдар (51%). Аялдар калктын жарымынан көбүн түзөт, демек алардын үнү угулуп турушу керек. Аялдардын шайлоого катышуусу саясатта алардын кызыкчылыктары менен муктаждыктарынын эске алынышын камсыз кылат.

БШК Борбордук Азиянын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясы менен биргеликте аялдардын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкер катары катышуусун активдештирүү маселелери боюнча аймактарда семинарларды өткөрүүдө.

Семинарларда сиздерге төмөнкү маселелер боюнча маалымат берилет:

• жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү;

• жергиликтүү кеңештерге кимдер депутат боло алат?

• жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкердин статусу;

• жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышууну каалаган талапкер аялдар кандай аракеттерди көрүшү керек жана кайсы мөөнөттө;

• документтерди берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү ж.б.

 

Тренингдерге катышуу боюнча бардык суроолор боюнча +996 507 892 689 телефону аркылуу байланышса болот.

Төмөнкү график боюнча катышууга чакырабыз:

 

 

 

Датасы

Ѳткѳрүлүүчү жер

Катышуучулар

Спикерлер –

БШК мүчѳлѳрү

Ош облусу

9-октябрь 11.00-15.00

Ош ш.,

Обладминистрация

Ленина кѳч., 221

Кара-Кулжа, Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Араван райондорунан

Жылкыбаев У.К.

Жумалиева А.К.

10 октябрь 11.00-15.00

Гүлчѳ айылы,

РМА, Алымбек датка кѳч., 110

Чон-Алай жана Алай райондорунан

Жылкыбаев У.К.

Жумалиева А.К.

Чүй облусу

9 октябрь 11.00-15.00

Шопоков ш.,

Ленина кѳч., 21а.

Шопоков ш. МҮ

Сокулук, Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунан

Бекматов А.Г.

10 октябрь 11.00-15.00

Токмок ш.,

мэрия, чоң зал

Ленина кѳч., 385

Кемин Чүй жана Ысык-Ата райондорунан

Бекматов А.Г.

Жалал-Абад облусу

10 октябрь 11.00-15.00

Таш-Кѳмүр ш.,

мэрия, Сыдыков кѳч., 24

Кербен, Майлы-Суу, Кара-Кѳл шаарларынан, Токтогул, Ала-Бука, Аксы райондорунан

Шайназаров Т.У. Жупуева А.С.

11 октябрь 11.00-15.00

Жалал-Абад ш.,

Обладминистрация, Эркиндик кѳч., 11

Базар-Коргон, Сузак жана Ноокен райондорунан

Шайназаров Т.У. Жупуева А.С.

Нарын облусу

10 октябрь 11.00-15.00

Нарын ш.,

РМА имараты, 2-кабат, жыйындар залы, Ленина кѳч., 74

Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунан

Гайпкулов И.Т.

Кубатбеков А.Н.

11 октябрь 11.00-15.00

Кочкор айылы,

Кочкор РМА.

Кочкор а., Исакеев кѳч., 42, жыйындар залы

Кочкор жана Жумгал райондорунан

Гайпкулов И.Т.

Кубатбеков А.Н.

Талас облусу

11 октябрь 11.00-15.00

Талас ш.,

К.Нуржанов кѳч., 18, мэриянын конференц-залы

Талас жана Бакай-Ата райондорунан

Дубанбаева А.С.

12 октябрь 11.00-15.00

Кызыл-Адыр айылы,

Ч.Айтматов РМА, Ч. Айтматов кѳч., 7

Ч.Айтматов жана Манас райондорунан

Дубанбаева А.С.

Баткен облусу

11 октябрь 11.00-15.00

Кадамжай ш.,

Кадамджай РМА Кадамжай ш., А.Орозбеков кѳч., 98

Кадамжай районунан, Кызыл- Кыя шаарынан

Жылкыбаев У.К.

Жумалиева А.К.

12 октябрь 11.00-15.00

Баткен ш.,

Баткен РМА,

Баткен ш., Т.Садыков кѳч., 1, 2- кабат, кичи зал

Баткен жана Лейлек райондорунан, Сүлүктү жана Баткен шаарларынан

Жылкыбаев У.К.

Жумалиева А.К.

Ысык-Кѳл облусу

12 октябрь 11.00-15.00

Каракол ш.,

Обладминистрация кичи зал

Ак-Суу, Жети-Ѳгүз жана Түп райондорунан

Гайпкулов И.Т.

Кубатбеков А.Н.

13 октябрь 11.00-15.00

Бостери айылы,

ЦГЦО, Мамытов кѳч., 79 маданият үйү

Ысык-Кѳл жана Тоң райондорунан

Гайпкулов И.Т.

Кубатбеков А.Н.

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды
07-Окт, 2026

Бишкекте жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын жыйынтыгы чыгарылды

Бүгүн, 7-октябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында жаш тренерлерди жарандык катышууга жана шайлоо процесстерине даярдоо программасынын (Civic Trainers Lab) жыйынтыктоочу жолугушуусу өттү. Долбоордун уюштуруучулары - КР БШКнын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси, ошондой эле «Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук бирикмесинин колдоосу менен өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн жети аймагынан келген программанын эки агымынын бүтүрүүчүлөрү - жаш тренерлер катышты.Катышуучуларга КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР БШКнын ЖБББнын директору Анара Бейшембаева, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлү жана ЖӨИнин директору Элизар Тилебалды уулу куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.Жаш тренерлерди даярдоо программасынын негизги окуялары жана жыйынтыктары, окутуу раунддарынын жана практикалык фазанын жыйынтыктарын, анын ичинде камтылган географияны, өткөрүлгөн каскаддык тренингдердин саны менен ЖӨИнин өкүлү Адельфия Аманкулова тааныштырды.КР БШКнын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын башчысы Аскар Акимбаевдин шайлоо процессиндеги заманбап санариптик инструменттерге арналган, ошондой эле КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Бакай Кожомкул уулунун катышуучуларды мамлекеттик жаштар саясатынын багыттары жана аймактардагы жаштардын жарандык катышуу механизмдери менен тааныштырган конок лекциялары өттү.«Окутуудан практикага: эмне реалдуу иштеп кетти?» аттуу интерактивдүү сессияда катышуучулар аймактык кейстерди сунуштап, натыйжалуу усулдарды, тоскоолдуктарды талкуулашты жана биргелешкен «Жарандык тренерлер лабораториясынын тажрыйба картасын» түзүштү.Катышуучулар жана уюштуруучулар жаш тренерлердин КР БШК алдындагы ЖБББ жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташуу форматтарын талкуулашты.
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү
07-Окт, 2026

КР БШК мүчөлөрү аймактарда шайлоого даярдык көрүү маселелери боюнча жыйындарды өткөрүштү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов жана БШК мүчөсү Миргүл Темирбаева Баткен облусунун Лейлек, Баткен, Кадамжай райондорунда жана Ош облусунун Ноокат районунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү менен жыйындарды өткөрүштү.Жыйындардын жүрүшүндө 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында шайлоочулардын өз шайлоо укуктарын ишке ашыруусу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоону өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандардын шайлоо укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча маселелер талкууланды.БШК төрагасынын орун басары шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр, шайлоо технологияларынын жаңыланышы, аралыктан добуш берүүнүн артыкчылыктары, автоматташтырылган маалыматтык тутумдар жана талапкерлерди колдоонун өзгөчөлүктөрү боюнча кеңири маалымат берди.Р. Жакышов шайлоону уюштуруу жана өткөрүүдө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ролуна токтолду.“Сиздердин милдетиңиздер – шайлоону уюштурууда анын калыс жана ачык өтүшү үчүн шарт түзүүгө көмөктөшүү. Ошол эле учурда процесске аралашпай, бардык процедуралардын мыйзамга ылайык өтүп жатканына көз салуу керек. Шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын уюштуруу-техникалык маселелерди чечүү боюнча ишине жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүсү зарыл”, – деп белгиледи Р. Жакышов.Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн мыйзам бузуулардын алдын алуу, кысым көрсөтүү же кийлигишүү аракеттерине өз убагында чара көрүү жана процесстин бардык катышуучулары үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө чакырды.Жыйындарга облус жана шаар бийлигинин өкүлдөрү, акимдер, райондук уюмдар менен мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештердин төрагалары жана депутаттары, айыл башчылары, ошондой эле билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. 
Кененирээк билүү >>
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>