БШКнын Эл аралык карылар күнү менен КУТТУКТООСУ!
01 октября 2024
Урматтуу кыргызстандыктар жана шайлоо системасынын ардагерлери!
Сиздерди 1-октябрь Эл аралык карылар күнү менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы куттуктайт!
Эзелтен элибизде "Карысы бардын ырысы бар" деген накыл кеп муундан-муунга мааниси терең бааланып, баркталып, өзгөчө мамиле жасалып айтылып келгени бекер жерден эмес.
Карыларыбыздын мээриминде бүтүндөй дүйнө мээримин батырган жылуулук, айткан акыл-кептеринде келечекти көрө билген даанышмандык жатат. Айткан акыл наасааттарыңыздар ар дайым бизге, биздин жаштарга караңгыда көз, туңгуюкта жол тапкандай багыт берет.
Сиздердей тунук акыл кеби бар кутман карыларыбыз бар үчүн ар дайым күнөстүү өлкөбүздө бейпилдиктин доору сүрүлүп, элибиздин ынтымагы бекемделип келет.
Урматтуу шайлоо системасынын ардагерлери!
Учурдан пайдаланып, үзүрлүү эмгектериңиздер жана шайлоо системасынын өнүгүүсүнө кошкон салымдарыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Баарыңыздарга дөөлөттүү карылык, кетпес бакыт, кемибес ырыскы, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Төрүбүздүн көркү болуп, ак батаңыздар ар бирибизди жалгап, арабызда аман жүрүңүздөр!
Терең урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жалпы жамааты