Башкы Жаңылыктар КР БШКда ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны болуп …

КР БШКда ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйыны болуп өттү

26-Сен, 2024

2024-жылдын 26-сентябрында Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарын кароо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынын өткөрдү.

​Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиери, калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу, статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

​Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунуштарынын негизинде аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорлорун айылдык кеңештердин депутаттарынын мандатынын 30% кем эмесинаялдар үчүн калтырууну эске алуу менен иштеп чыгышты. .

​Шайлоо округдарынын жаңы схемаларын жана чек араларын түзүүнүн зарылчылыгы ААРга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын оптималдаштырууга байланыштуу келип чыгууда.

​ААРнын алкагында 264 жергиликтүү кеңешке, анын ичинен 33 шаардык кеңешке жана 231 айылдык кеңешке шайлоо дайындалган (ААРга чейин бардыгы болуп 484 жергиликтүү кеңеш, анын ичинен 32 шаардык кеңеш жана 452 а/к болгон).

​Жалпысынан республика боюнча мандаттардын саны - 6374, анын ичинен шаардык кеңештерде – 983, айылдык кеңештерде – 5391 (ААРге чейин – 9062 мандат).

​Жыйында ЖѲБОнун сунушталган схемалары жана шайлоо округдарынын чек аралары ар бир облус боюнча өзүнчө каралды. Жыйынга катышкан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери округдардын схемаларынын долбоорун талкуулап, сунушталган схемаларга жана чек араларга макул экендиктерин билдиришти.

​Ошондой эле, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү ЖѲБОнун сунушталган схемаларын жана шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо нормаларынан четтөө менен бийик тоолуу, алыскы, барууга кыйын аймактарда жайгашкан айрым шайлоо участкаларынын чек араларын карап чыгып макулдашты. Сѳз төмөнкү шайлоо округдары жөнүндө болуп жатат:

​Ысык-Көл облусу:

​- Ак-Суу району боюнча - №4 «Жыргалаң» шайлоо округу,

Хан-Теңир айылдык кеңеши, Жыргалаң айылындажайгашкан;

​- Ак-Суу району боюнча - № 8 «Эңилчек» шайлоо округу,

Кыдыр-Акен айылдык кеңеши, Эңилчек айылында жайгашкан;

​- Түп району боюнча - № 9 «Каркыра - Сан-Таш-Сары-Сары-Тологой» шайлоо округу, Каркыра айылдык кеңешинин Каркыра айылдык кеңеши, Каркыра айылында жайгашкан Сан-Таш айылы, Сары-Тологой айылы;

​Ош облусу:

​- Өзгөн району боюнча - № 2 “Корс-Этти” шайлоо округу, Ийри-Сүй айылдык кеңеши, Корс-Этти айылында жайгашкан.

​Жалал-Абад облусу:

​- Токтогул району боюнча - №3 «Мазар-Суу» шайлоо округу, Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши, Мазар-Суу айылында жайгашкан.

​Чүй облусу:

​- Кемин району боюнча - Кичи-Кемин айылдык кеңешинин № 8 шайлоо округу, Ак-Түз айылында жайгашкан;

​- Москва району боюнча - №5 Миң-Була айылдык кеңешинин Беш-Корук айылында жайгашкан шайлоо округу.

​ - Панфилов району боюнча - № 6 шайлоо округу, Курманин айыл аймагы, Жайылма айылында жайгашкан.

​Жыйындын жыйынтыгында ведомстволор аралык жумушчу топ жергиликтүү кеңештерди шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитип, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөттү.

​БШК Ведомстволор аралык жумушчу топтун жер-жерлердеги мүчөлөрүнө – КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө иштелип чыккан схемаларды эске алуу менен жергиликтүү калктын арасында ушул шайлоолор үчүн түзүлө турган округдардын схемалары жана чек аралары жөнүндөмаалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады.

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>