Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасы бекитилди

24 сентября 2024

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн сметасын бекитти.

495 718,4 миң сом суммасындагы чыгымдардын сметасында мамлекеттик бюджеттен каржылануучу иш-чаралар камтылган.

201 880,6 миң сом – шайлоону уюштурууга: маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кеылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгѳ ж.б. борборлоштурулган чыгашалар

293 837,8 миң сом - 56 аймактык шайлоо комиссияларынын жана 2439 участкалык шайлоо комиссияларынын ишин камсыз кылууга.

Шайлоону камсыз кылуу үчүн 56 аймактык шайлоо комиссияларына – 674 адам, 2439 участкалык комиссияларга – 30715 адам, АЭУ операторлору – 1031 адам, техникалык колдоо топторунун адистери – 600 адам, коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн ИИМден - 4490 адам тартылат.

2024-жылдын 23-сентябрына карата алдын ала маалыматтар боюнча республикада 4 миллион 114 миң 931 шайлоочу бар. Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 120,46 сомду түздү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №468-р буйругуна ылайык, шайлоону каржылоодо айкындуулукту, ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздоо максатында «Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасы колдонулат жана шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана АШК жана УШКларда ишке тартылган кызматкерлерди финансылык жактан камсыз кылуу накталай эмес формада бекитилген смета боюнча «РСК Банк» ААК жана «Айыл Банк» ААК банк мекемелери аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

БШК маалымат бѳлүмү