No13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, шайлоочуларга сыртта добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча 81 гана арыз түшкөн.
№13 Сузак району боюнча: – 70 шайлоочу (86,42%) добуш берди, анын ичинен:
Карылык боюнча – 31;
майыптыгы боюнча - 17;
ооруга байланыштуу – 22.
11 шайлоочу добуш берген жок.
Маалымат үчүн: “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 33-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок шайлоодо ден соолугунун абалы же майыптыгы боюнча добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албайт, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө укуктуу.






